КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 26-июлу ПЖ № 208
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарбасын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлердин субъекттерин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Алдынкы агроөнөр жай комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун" деген сөздөр "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун "б" пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |