Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

2024-жылдын 30-июлу №63

 Баткен шаарынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин  кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 3-пункту, 34-берененин 2-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын  23-июлунда  бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун №28 протоколуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  XXVI сессиясы Токтом кылат

1.Баткен шаарынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жыл үчүн бекитилген бюджетинин 3111 “курулмалар жана имараттар” беренесинен,  (Чет-Булак массивине көпүрөө куруу)  2291,0 миң сом кыскартылып  төмөнкү беренелерге чегерилип берилсин:

-Баткен шаарынын мэриясынын 2215 “ар түрдүү чыгымдар беренесине” 200 000 (эки жүз миң) сом (технадзордун кызмат акысы);

-Шаардык Кеңештин 3111 “курулмалар жана имараттар” 70,0 миң сом (кабинет үчүн кондиционер сатып алуу );

-шаар мэриясынын алдындагы ММД 3112 беренесине ( от казанга печка коюу үчүн) 450,0 миң сом;

-шаар мэриясына 2211 “кызматтык кыдырууларга чыгашалар” беренесине 501136 сом;

-шаар мэриясынын алдындагы ММД 3111 “курулмалар жана имараттар” беренесине 70,0 миң сом ( кабинет үчүн кондиционер сатып алуу );

-шаар мэриясынын алдындагы ММД 3314 беренесине (лизинге грейдей алуу үчүн)  1000,0 миң сом;

3.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен-Автобаза” МИ атайын эсебинен (спец.счет) 2214 беренесинен 423700 сом кыскартылып, 221412 (запастык бөлүктөрдү сатып алуу беренесине жана автоунаа салыктарын төлөөгө 50000 сом, ар түрдүү кызмат көрсөтүү беренелерине 400,0 миң сом кошулуп берилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Таипов / тапшырылсын

 

Тѳрага:

А.Аширов