Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №64
Баткен шаарынын мэриясына “Айыл банк” ачык акционердик коому аркылуу лизинге автоунааларды алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-июлундагы Баткен шаарынын мэриясынын №01-13/2679 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2 автосамосвал (Sinotuk Howo ZZ 3327S3847E)
- 1 Ассенизатор
- 4 автобус
- 1 манипулятор (автокран)
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Таипов / тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |