Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №65
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын башкы планында социалдык курулуштар аймагынан “коомдук мончо” үчүн каралган жер аянтын “турак жай” үчүн алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2;5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 13-майдагы №К-348 сунуш катынын, Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун кортундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын башкы планында социалдык курулуштар аймагынан “коомдук мончо” үчүн каралган 0,12 га жер аянты “турак жай” үчүн алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Шаар куруу планына өзгөртүү киргизип берүүнү жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бураканов/ тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов / тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |