Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №66
Баткен шаарынын мэриясынын алдында “Баткен шаарынын спорт мектебин” ачылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 19, 20-пунктарына жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 16-июлундагы №01-12/2688 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдында “Баткен шаарынын спорт мектебин”
ачылууга макулдук берилсин.
2. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы, Баткен шаарынын спорт мектебин
каржылоо, республикалык бюджеттен каржылоону КР жогорку органдарынан суроо жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ сунушталсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /С.Абдинаби уулу/ тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Аширов |