Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №67
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш тарабындагы 4,5 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жер аянтын муниципалдык менчиктин карамагына алууга жана “социалдык, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер”, категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамына, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24-июнундагы № 02-6/407 катынын, шаар куруу жана архитектура башкармасынын №145 20.06.24 кортундусуна жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш №714; №715; №708; №718; №716 контурларындагы жалпы 4,5 га өлчөмүндөгү “Айыл чарба багытындагы ” таштуу жайыт жер аянттары муниципалдык менчиктин карамагына алынсын:
- “Социалдык, өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Чет-Булак аймагындагы 4,5 га жер аянтын муниципалдык менчиктин карамагына алуу жана жер аянтын которууга (трансформациялоого) керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Аширов |