Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №62
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Т.Садыков көчөсүндөгү №7 Айдарова Сайхалбүбү Матазимовнанын 720,30 м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн бир бөлүгүнүн аймактык зонасын, Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июндагы №А-408 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Т.Садыков көчөсүндөгү Айдарова Сайхалбүбү Матазимовнанын 720,30 м2 өлчөмүндөгү менчик турак жайынын ичинен 290,85 м2 өлчөмү Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин.
2.Айдарова С.М. жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Аширов |