Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

2024-жылдын 30-июлу №69

 Баткен шаарынын   Кызыл-Дөң аймактык  башкармалыгынын М.Сейдалиев  көчөсүндөгү Иматалиев Сапарали Иматалиевичтин 750 м2  өлчөмүндөгү менчик үйүнүн  аймактык зонасын,  Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында   Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын 28-июнундагы №И-458  катынын,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын  26-июлундагы кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  XXVI сессиясы Токтом кылат:

 

          1.Баткен  шаарынын Кызыл-Дөң  аймактык  башкармалыгынын  М.Сейдалиев  көчөсүндөгү Иматалиев Сапарали Иматалиевичтин 750 м2 өлчөмүндөгү менчик турак жайынын Ц-2  “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин.

           2. Иматалиев С.И. жер аянтына  керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.

           3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

           4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага:

А.Аширов