Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 210
“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемесин “Ош шаардык Кенеши” мекемесине кайра түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө», 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана «Төлөйкөн айылдык Кеңеши» мекемесин “Ош шаардык Кенеши” мекемесине кошуу жөнүндөгү маселени карап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 20-майындагы №2 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кызыл-Кыштак айылдык Кеңеши” мекемесин жана “Төлөйкөн айылдык Кеңеши” мекемесин “Ош шаардык Кенеши” мекемесине кайра түзүүгө макулдук берилсин.
2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Ош шаардык Кеңеши” мекемесинин төрагасына жүктөлсүн.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага: | С.С. Назылбеков |