Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №70
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Н.Крупская көчөсүндөгү №10 Усманова Халимахан Уктамалиевнанын 750 м2 өлчөмүндөгү “Турак жай ” менчик жеринин аймактык зонасынын 235,7 м2 бөлүгүн Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-майдагы №У-362 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Н.Крупская көчөсүндөгү №10 Усманова Халимахан Уктамалиевнанын 750 м2 өлчөмүндөгү “Турак жай ” багытындагы менчик жеринин 235,7 м2 бөлүгүн Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү зонасына көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин.
2.Усманова Х.У жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Аширов |