БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №72
Баткен шаарынын “Ж.Момунов” атындагы көчөнүн ысымын“С.Алишеровдун” атына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №564 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июлундагы №01-13/2907 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын “Жолдошбай Момунов” атындагы көчөнүн 2024-жылдын 26-июлундагы жалпы жыйынынын протоколу колдоого алынсын
2.Баткен шаарынын “Жолдошбай Момунов” атындагы көчөнүн атын “Сабыр Алишеров” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин
3.Шаардын ысымы өзгөртүлгөн ысымын, жаңылап атоону жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
5.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Токтом шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевга тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |