Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №73
Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты
Машалаева Роза Шывасовнага Баткен шаарынын “ Ардактуу атуулу”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 40-бернесине жана “Баткен шаарынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №53 98.09.22 токтому менен бекитилген жобосуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1.2022-жылдагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы коогалаңда, Баткен жергесине көрсөткөн жеке демөөрчүлүгү жана меценаттыгы үчүн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Машалаева Роза Шывасовнага Баткен шаарынын “ Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын. 2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин. 3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин. 4.Токтом шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевга тапшырылсын.
|
Тѳрага: | А.Аширов |