Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу №74
Баткен шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдын алдын алуу
иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу мамлекетик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 21-пунктуна ылайык Баткен шаарында өзгөчө кырдаалдын (жаратылыш кырсыктарынын) алдын алуу максатында берилген маалыматты угуп жана талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн берген маалыматы эске алынсын.
( маалымат тиркелет)
- шаар аралап түштүктөн-түндүктү карай жүргөн сел аранын коргоо аймагынын сакталышы, эрежеге ылайык жүрүүсүнүн абалына, жыл сайын маалымат берилип турулсун;
-шаар аралап жүргөн сел аранын калктуу конуштун аймагына жеткиликтүү габион жаткырууну жыл жыйынтыгы менен КР ӨКМго долбоор даярдоо жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
-шаар аралык сел коркунучу бар аймактарды тактоо жана пландоого киргизүү жагы шаардык башкармалыктардын башчыларына милдеттендирилсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын
Тѳрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кенешинин | |||
VII чакырылышынын кезектеги | |||
XXVI сессиясынын № 74 токтомуна |
| ||
| № 1 тиркеме |
| |
|
|
|
|
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2024-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча
МААЛЫМАТ
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планына Баткен шаарынын аймагынан 1 объект киргизилип.
1. Чет-Булак кварталындагы сел өтүүчү сайдын 600метр аралыгын механикалык тазалоо бекемдөө жумуштары аткарылды.
2. Кызыл-Жол кварталындагы сел өтүүчү сайдын 2000метр аралыгын механикалык тазалоо бекемдөө жумуштары жергиликтүү бийлик тарабынан өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан аткарылды.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү даярдык планы боюнча.
- 1 Шаардык деңгээлде штабдык машыктыруу,
- 1 Шаардык деңгээлде штабдык машыгуу,
- 1 Командалык штабдык машыгуу,
- 1 Атайын машыгуу,
- 4 ЖК кызматтарында ЖК абалын балоо,
- 4 өрттүк тактикалык машыгуу,
- 4 өрттүк практикалык машыгуу,
- 4 өрттүк тактикалык сабак,
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кызыл Ай” коому менен биргеликте айылдык аймактагы мектептерде «Кырсыктардын тобокелин азайтуу» күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүп, өздүк курам тарабынан ӨКдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
2024-жылдын 23-апрель күнү Баткен шаарынын Чет-Булак аймайтык башкармалыгында болгон селден 12 турак үйдүн короосуна суу кирген жабыркаган турак үйлөр жок эч кандай материалдык чыгым алып келген эмес.
Баткен шаарынын аймагында капиталдык курулуш иш-чаралары боюнча
- 2023-жылы Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгында узундугу 12метр, туурасы 1.5 метр болгон жөө өтүүчү көпүрө колдонууга берилген.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан турак үйлөрдө, мекеме иш каналдарда мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде өрт кырсыктарын болтурбоо, өрткө каршы алдын алуу, өрт кырсыктарын жоюу максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө 2024-жылдын 6-айында250 обьект эсепке алынып, аталган обьектилерде мекеме ишканаларда, базарларда, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, шайлоо участкаларында жана турак үйлөрдө өрттүк ченемдерди сактоо жана аткаруу, өрт коопсуздугун алдын алуу, өрт коопсуздук эрежелерди сактоо максатында 26 жолу 562 адам менен лекция, 35 жолу 2032 адамдын катышуусунда нускамлоо жана маектешүү (инструктаж), 3 жолу теле берүү, 10 жолу жергиликтүү радио берүү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча турак үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Баткен шаары боюнча ӨКБнө 2024-жылдын 6 ай ичинде
26-өрт кырсыгы катталды; 9 - турак үй, 1 - мал кармоочу сарай, 3 - авто унаалар, 1-Ашкана, 8-кургак чөп, 1 – мекеме ишкана, 1 – ийне сайуу борбору, 1 – кафе, 1-жалган чалуу
Чыгымы:
Түздөн-түз материалдык чыгымы- 2386906 сом,
Социальдык материалдык чыгымы – 3723787 сом,
Сакталган материалдык баалуулуктар – 16040000 сомду түздү.
Жооптуу катчы Ж.Алдашова