БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №75
Баткен шаарынын “Келечек” аймактык башкармалыгынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №12 Шорохов Мунарбек Орозбаевичтин 750,0 м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн 178,6 м2 бөлүгүнүн аймактык зонасын, Ц-1 “шаардын борборунун коомдук ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк аймагына” зонасына которууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июндагы №А-408 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-июлдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын “Келечек” аймактык башкармалыгынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №12 Шорохов Мунарбек Орозбаевичтин 750,0 м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн 178,6 м2 бөлүгүнүн аймактык зонасын, Ц-1 “шаардын борборунун коомдук ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк аймагына” зонасына которууга макулдук берилсин.
2.Шорохов М.О жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Аширов |