Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 212
Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерди “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерди “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги №9, 5-июнундагы №14 чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган төмөнкү жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
-Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын “Кара-Кысмык” участкасында жайгашкан жалпы аянты 84600,0 чарчы метр жер тилкесин;
-Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ленин көчөсүндөгү №608-а/1 даректе жайгашкан жалпы аянты 1384,0 чарчы метр жер тилкесин;
-Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Базар көчөсүндөгү №65-5 даректе жайгашкан жалпы аянты 1038,0 чарчы метр жер тилкесин;
-Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Базар көчөсүндөгү №65-4 даректе жайгашкан жалпы аянты 1038,0 чарчы метр жер тилкесин;
-Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын №2 көчөсүндөгү №64 даректе жайгашкан жалпы аянты 18600,0 чарчы метр жер тилкесин;
-Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын №168 көчөсүндөгү №18а даректе жайгашкан жалпы аянты 12000,0 чарчы метр жер тилкесин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы | С.С. Назылбеков |