Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 213
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №211 “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Абдырахман уулу Кутманалынын Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №211 “Ош шаарында көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 22-майындагы №11 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №211 “Ош шаарында көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1. Жобонун 1.2. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, үлүштүк курулушка катышуу келишимин түзүү аркылуу Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы – Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасына көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн физикалык жана юридикалык жактардын акча каражаттарын тартууга жол берилет.”
1.2. Жобонун 3.8. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“3.8. Үлүштүк курулуштун обьектин эксплуатацияга киргизгенден жана үлүшчү тарабынан келишимдин толук баасы төлөнгөндөн кийин, Куруучу менен үлүшчүнүн ортосунда үлүшчүгө үлүштүк курулуштун обьектине менчик укуктарын кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуучу үлүштүк курулуштун обьектин үлүшүнүн менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.”
1.3. Жобо 3.9. пункт менен толукталсын:
“3.9. Тараптардын макулдашуусу менен үлүшчүнүн мүлкүн Куруучуга (автоунаа, жер тилке, турак-жай) өткөрүп берүү жолу менен төлөм жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай мүлктүн наркы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.”
1.4. Жобонун 7.3. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“7.3. Куруучу бул Жобонун 7.2. пунктунда каралган негиздер боюнча келишим бузулган учурда келишим бузулган күндөн тартып үч айдын ичинде үлүшчү тарабынан келишим боюнча төлөнгөн акча каражаттарды үлүшчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.”
1.5. Жобонун 7.4. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“7.4. Куруучу төмөнкү учурларда бир тараптуу келишимди аткаруудан баш тартып, келишимди бир тараптуу сотко чейинки тартипте бузууга укуктуу:
1) эгерде келишимге ылайык келишим бааны төлөө үлүшчү тарабынан бир убакытта төлөө жолу менен жүргүзүлүүсү каралса, үлүшчү ал төлөмдү 30 күндөн ашык төлөбөсө;
2) эгерде үлүшчү тарабынан келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдөрдү төлөө кечиктирилсе, тактап айтканда алты айдын ичинде үч жолудан көп кечиктирилсе же төлөм 30 күндөн ашык кечиктирилсе.”
1.6. Жобо 7.4.1. пунктча менен толукталсын:
“7.4.1. Куруучу бул Жобонун 7.4. пунктуна ылайык келишимди бир тараптуу аткаруудан баш тартса, үлүшчүгө келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жөнөтөт. Үлүшчү жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде келишимдин бузулган шарттарын оңдоого аракеттенбесе, куруучу үлүшчүгө келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт. Үлүшчү куруучунун жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып келишим жокко чыгарылды деп эсептелет.”
1.7. Жобонун 7.5. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“7.5. Куруучу тарабынан бул Жобонун 7.4. пунктунда каралган негиздер боюнча келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартылса, куруучу курулуш обьектин башка үлүшчүгө сатат жана түшкөн акча каражаттын эсебинен гана үлүшчүгө ал тарабынан төлөнгөн сумманы кайтарып берет.”
1.8. Жобонун 7.7. пункту күчүн жоготту деп табылсын.
1.9. Жобонун 8.13. пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“8.13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо Ош шаарынын мэриясы жана Жобону ишке ашыруучу уюм тарабынан ишке ашырылат.”
1.10. Жобо 8.14. пункт менен толукталсын:
“8.14. Турак жана турак эмес жайлардын сатылуучу наркы Сатуучу тарабынан жайдын ар бир чарчы метринин өздүк наркына (нарктан) 0дөн 3кө чейинки пайызды жердин локациясына карата түзгөн акча каражатты кошуу аркылуу аныкталат. Бул жайдын ар бир чарчы метрине кошулуучу акча каражат курулуп жаткан объекттин жайгашкан аймагынан, орнотулуучу сырткы инженердик тутумдардан жана башка курулуш жумуштарынан көз каранды болуп аныкталат. Турак жайдын ар бир чарчы метрине кошулуучу акча каражаттын өлчөмүн Ош шаарынын мэриясы бекитет жана бул каражат Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине, Куруучунун өндүрүштүк-техникалык потенциалын, базасын жогорулатуу үчүн жумшалат.”
1.11. Жобо 8.15. пункт менен толукталсын:
“8.15. Менчикти кайра каттоодогу жана сатуудагы бардык чыгымдар жана төлөмдөр, анын ичинде салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр, Сатып алуучуга жүктөлөт.”
1.12. Жобо 8.16. пункт менен толукталсын:
“8.16. Үлүштүк курулуш обьекти үлүшчүнүн менчигине өткөндөн кийин 1 (бир) жылдын ичинде ал үлүштүк курулуш обьектин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салынат.”
1.13. Жобо 8.17. пункт менен толукталсын:
“8.17. Куруучу өз демилгеси менен жана үлүшчүнүн макулдугу менен үлүштүк курулушка үчүнчү жактардын, анын ичинде финансылык уюмдардын, акча каражаттарын тартууга укуктуу. Мындай учурда:
1) Кызматташуу эки/үч тараптуу келишим түзүү аркылуу ишке ашырылат;
2) Келишимдин шарттары Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет;
3) Куруучу кызматташуу боюнча келишимдердин алкагында курулушка үчүнчү жактардын акча каражаттарын тартуу максатында үлүшчүнүн макулдугу менен үчүнчү жактар менен талап кылуу укуктарын өткөрүп берүү (талапты өткөрүп берүү) жөнүндө келишимдерди, күрөө келишимдерин же башка мүлктүк келишимдерди түзүүгө укуктуу;
4) Кызматташуу боюнча келишимдин алкагында куруучудан же үлүшчүдөн же эки тараптан тең үчүнчү жактардын акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн кошумча төлөмдөр алынуусуна жол берилет. Мындай төлөмдөрдүн өлчөмү келишимде тараптар тарабынан макулдашуу аркылуу аныкталат.”
2.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 29-мартындагы №41 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №211 “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк курууга катышууга укугу бар физикалык жана юридикалык жактардын тизмесин түзүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесиндеги “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар физикалык жана юридикалык жактардын тизмесин түзүү жөнүндө” Жобосу күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |