Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 214
Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Абдырахман уулу Кутманалынын Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 22-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1. Жобонун 6.4 пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“6.4. Ипотекалык шартта турак-жай сатып алууга кайрылган жарандардын тизмеси төмөнкүдөй түзүлөт:
1) Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында (анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарына кошулган айыл аймактарында) болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары;
2) Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында (анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарына кошулган айыл аймактарында) болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биринчи кезекте турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары;
3) Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында (анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарына кошулган айыл аймактарында) болгон, Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.”
1.2. Жобо 6.4.1. пунктча менен толукталсын:
“Ипотекалык шартта курулган турак-жайлардагы бөлүштүрүлүүчү батирлердин 20 пайызы Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана анын муниципалдык мекеме-ишканаларында акыркы 5 жылда эмгектенген кызматкерлердин арасында тизме менен бөлүштүрүлүүгө тийиш.”
1.3. Жобо 13.7.1 пунктча менен толукталсын:
“13.7.1. Эгерде көп батирлүү турак үй куруу үчүн жер тилке Ош шаарынын мэриясы же башка мамлекеттик/муниципалдык уюм тарабынан берилсе, анда Куруучу жер тилкенин акысын же ошол жерге курулган объекттен жер тилкенин баасына барабар болгон мүлктүн бөлүгүн (жайды) жер тилкенин ээсине берет.”
1.4. Жобо 13.10 пункту менен толукталсын:
“13.10. Сатып алуучу тарабынан турак-жайга болгон төлөмдөр толугу менен төлөнүп бүтүп, анын менчигине өткөндөн кийин турак-жайды сатуу укугуна ээ болот. Бирок, бир ирет муниципалдык ипотекалык шартта турак-жай сатып алган бир үй-бүлө (үй ээси) кайрадан муниципалдык ипотекалык турак-жай сатып алууга укуксуз.”
2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |