Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 215
Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 8-майындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык жылуулук электр борборун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаардык жылуулук электр борборун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |