Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 216
Бишкек шаарынын карамагындагы 100 бирдик троллейбустарды, алардын иштешин камсыз кылуучу жабдыктары менен бирге, Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын карамагындагы 100 бирдик троллейбустарды, 180 км. троллейбустук чубалгыларды, 15 тартуучу подстанцияларды жана 5142 даана троллейбустук мамычаларды Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 8-майындагы №9 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек шаарынын карамагындагы 100 бирдик троллейбустарды, 180 км. троллейбустук чубалгылары, 15 тартуучу подстанциялары жана 5142 даана троллейбустук мамычалары менен бирге Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Бишкек шаарынын карамагындагы 100 бирдик троллейбустарды, 180 км. троллейбустук чубалгыларды, 15 тартуучу подстанцияларды жана 5142 даана троллейбустук мамычаларды Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууда алардын техникалык абалын текшерип, карап алуу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |