Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 217
“Ош шаарынын электр коомдук транспорту” долбоорунун I этабын ишке ашыруу үчүн кредит жана грант алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын электр коомдук транспорту” долбоорунун I этабын ишке ашыруу үчүн Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынан 15 жыл мөөнөткө кредит түрүндө 9 млн. евро жана грант түрүндө 5 млн. евро акча каражатын алуу боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 8-майындагы №10 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош шаарынын электр коомдук транспорту” долбоорунун I этабын ишке ашыруу үчүн Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынан 15 жыл мөөнөткө кредит түрүндө 9 млн. евро жана грант түрүндө 5 млн. евро акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |