Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 218
Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө маселени карап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 8-майындагы №11 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 1-тиркемеге ылайык, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |