Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 220
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.7. пункттунун негизинде, шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги жана шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 20-майындагы чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Таалайбек уулу Айбек шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
2.Ош шаардык Кеңешинин “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Эрмекбаев Толкун Омурбекович шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |