Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 486
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө
Илим жана инновациялык иш чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн илимий жактан камсыз кылуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын илимий уюмдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Жапаров |