СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 11-сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 90/11-28
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетин бекитүү, 2024-2025-жылдарга божомолун кароо жана 2022-жылдын бюджетинин аткарылышынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы С.Б.Алымбаеванын “2022-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө, 2023-жылга бюджетти бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап,Сын-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2023-жылга 22333,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде теңдөө гранттары – 9630,0 миң сом, эркин калдыктагы жүгүртүүлөр боюнча негизги эсеп – 5938,5 миң сом, атайын эсеп – 225,3 миң сом.
- киреше бөлүгүндөгү бюджеттик каражаттар боюнча – 22333,5 миң. сом
- 2023-жылга карата чыгашалар жагынан -22333,5 миң сом
Анын ичинде бөлүмдөр боюнча:
- социалдык камсыздандыруу – 500,0 миң сом
- ЖКХ-3597,7 миң сом
-мектеп-5253,2 миң сом
- балдар бакчасы – 898,0 миң сом, анын ичинен негизги эсеп-148,0 миң сом, атайын эсеп-750,0 миң сом.
-жайыт комитети – 30,0 миң сом
-АУП-10195,7 миң сом, анын ичинен резервдик фонд-200,0 миң сом.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу бекитилсин:
- 2024-жылга киреше жана чыгашалар божомолу – 13282,5 миң сом. Теңдөөчү грант-9630 миң сом.
- 2025-жылга киреше жана чыгашалар божомолу – 15889,8 миң сом. Теңдөөчү грант-9630 миң сом.
3. 2023-жылга айылдык бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, ал эми биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр) жүзөгө ашырылаары белгиленсин. Штаттын санына жана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга байланыштуу чыгымдардын корголгон беренелери кыскартылышы мүмкүн.
4.Сын-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин ишин стимулдаштыруу үчүн 1 000,0 (бир миллион сом) миң сом өлчөмдө жыл башындагы эркин калдыктын эсебинен төлөп берүү.
5.ФЭОнун жетекчиси жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыкча аткарылган учурда бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан социалдык маселелерди чечүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга жумшалышын камсыз кылсын, республикалык жана мамлекеттик программалар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына убактылуу финансылык жардам көрсөтүү, башка сатып алуулар жана чыгашалар жүргүзүлсүн.
6. Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасына жылына 4100 миң сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
7. Турак-жай коммуналдык кызмат акысы – 598,3 миң сом, Китепкана – 519,4 миң сом, Клуб – 876,8 миң сом штаттык таблицага ылайык бекитилсин.
8. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү – 18943,9 миң сом жана чыгашалар – 16851,8 миң сом.суммасында отчет бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |