Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 9-сессиясы
2022-жылдын 22-сентябры № 88/9-28
Сын-Таш айыл кеңешинин 05.07.2022-жылдын № 62/7-28 “2023-2025-жылдарга карата Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн алдын ала прогноздоо жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Б.Алымбаеванын 2023-2025-жылга карата, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолдуу прогнозун угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 2023-жыл үчүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү болжол менен – 15640,3 миң сом, анын ичинен атайын эсеп - 650,0 миң сом, негизги эсеп - 14990,3 миң сом болуп бекитилсин.
2. 2023-жылдын бюджетинин болжолдуу прогнозуна ылайык, жогурулашына байланыштуу Сын-Таш айыл өкмөтү дотациядан чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |