Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 9-сессиясы
2022-жылдын 22-сентябры № 78/9-28
Сын-Таш айыл аймагынын айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жерлердин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-б “Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин асыл тукум чарбалар жана үрөөнчүлүккө берүү” жөнүндөгү буйругунун негизинде, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген тартипте мөөнөтсүз өткөрүп берилген 1 (бир) га сугат жерлери үчүн ижара акысы 12 000 (он эки) миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. 1 (бир) га кайрак жерлер үчүн 2226 (эки миң эки жүз жыйырма алты) миң сом бекитилсин.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл Кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |