Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 9-сессиясы
2022-жылдын 22-сентябры № 77/9-28
Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө”№ 284 жырлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуру боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга” КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрында чакырылсын.
2. Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык - 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 22-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме).
5. Бул токтом мамлекеттик реестрга киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |