Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Сын-таш айыл кенешинин 8-сессиясы
2022-жылдын 26-июлу № 76/9-28
Гидрометеорологиялык пост курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Гидрометеорология боюнча агенттигинин катын карап чыгып, гидрометеорологиялык посттун ишин жандандыруу максатында, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл Кеңешинин 2022-жылдын 06-апрелиндеги № 51/6-28 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. “Ысык-Ата дарыясы – Туюк дарыясынын куймасы” гидрологиялык постун куруу үчүн № 713-контурунда мурда бөлүнгөн 1,0 (бир) га жерди Гидрометеорология боюнча агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Джолдошбеков Э.Б. |