Редакцияот 10.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-майы № 48

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Ак-Суу жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (25.04.2023-ж. № 18) - Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (25.04.2023-ж. № 9) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (02.05.2023-ж. № 12) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Куйручук айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (02.05.2023-ж. № 14) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (25.04.2023-ж. № 19) - Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (02.05.2023-ж. № 14) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл, Ак-Суу жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыл жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимин 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жайыл жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Жайыл жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 10-майындагы № 48 токтомунун 1-тиркемеси

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Чүй облусу

Жайыл району

1

Талды-Булак айылдык

Токтогулов Абубакар Токтогулович

Жайыл АШК, № 18, 25.04.2023-ж. (30.03.2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

2

Эңилчек айылдык

Сталбеков Урмат Сталбекович

Ак-Суу АШК, № 9, 25.04.2023-ж. (24.04.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Жумгал району

3

Байзак айылдык

Кадырбаев Русланбек Жумагулович

Жумгал АШК, № 14, 2.05.2023-ж. (29.04.2023-ж. - өз арызы)

4

Куйручук айылдык

Корголдоев Асланбек Адылбекович

Жумгал АШК, № 13, 27.04.2023-ж. (23.04.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 10-майындагы № 48 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин Ф.А.А.

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Чүй облусу

Жайыл району

1

Талды-Булак айылдык

Мамыркулов Руслан Искакович

Жайыл АШК, № 19, 25.04.2023-ж. (05.04.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Жумгал району

2

Байзак айылдык

Орозалиев Канатбек Насирович

Жумгал АШК, № 14, 2.05.2023-ж. (29.04.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 10-майындагы № 48 токтомунун 3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Жайыл району

1

Талды-Булак айылдык

Жапаркулов Артур Мамбетжанович

Убактылуу иштебейт

Жайыл АШК, № 19, 25.04.2023-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

2

Байзак айылдык

Максүтов Өткүлбек Назарбекович

Убактылуу иштебейт

Жумгал АШК, № 15, 2.05.2023-ж.

3

Куйручук айылдык

Бекбоосунов Кенжебек Теңирбергенович

Убактылуу иштебейт

Жумгал АШК, № 12, 27.04.2023-ж.