Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 05-апрели № 21
Кыргыз Эл артисти, СССР киноматографисттер жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз мультипликациясынын негиз салуучусу Сагынбек Ишеновдун тарыхый этнографиялык көркөм сүрөт музейин ачуу жөнүндө
Дөӊ-Арык айылындагы Калча орто мектебине Кыргыз Эл артисти, СССР киноматографисттер жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз мультипликациясынын негиз салуучусу, айылдын тургуну Сагынбек Ишеновдун тарыхый этнографиялык көркөм сүрөт музейин ачуу боюнча Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1.Дөӊ-Арык айылындагы Калча орто мектебине Сагынбек Ишеновдун тарыхый этнографиялык көркөм сүрөт музейи 2022-жылдын 5-майында салтанаттуу түрдө ачылсын.
2. Музейдеги сүрөттөрдү каталогдун негизинде,эсепке алуу-сактоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Сүрөттөрдүн сакталышы жана коопсуздугу мектептин жетекчилигине жана айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Сүрөттөрдүн коопсуздугу үчүн видео камера орнотуу жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
5. Сагынбек Ишеновдун сүрөт музейи жана “Жусуп Баласагын” живопистик тематикалык панносун кошуу менен Бурана музейи комплексинин тутумуна камтып, туристик маршрутка киргизүүнүн планы иштелип чыксын.
6. Дөӊ-Арык айылынын Жаштар көчөсүнүн аталышы “Сагынбек Ишенов” болуп которулсун.
7. Өзгөрүлгөн көчөнүн аталышын Мамлекеттик Токмок-Чүй филиалы “Кадастр” мекемесинин каттосунан өткөрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
8. “Сагынбек Ишенов” көчөсүнүн жана турак жай үйлөргө тагылуучу катар номерлердин табличкаларын тагуу жагы демилгелүү топтун жетекчиси Ш.Сейдакматовго жүктөлсүн.
9.Сагынбек Ишеновго “Айылдын ардактуу атуулу” деген наам ыйгарылсын.
10. Сагынбек Ишеновдун сүрөт музейин ачуу аземине жергиликтүү бюджеттен 30,0 (отуз)миӊ сом акча каражаты бөлүнсүн.
11. Сүрөт музейин ачуу аземин өткөрүү жана уюштуруу жагы айыл өкмөткө, демилгелүү топко жүктөлсүн.
12.Токтмодун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы Н.Отунчиевага тапшырылсын.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |