Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 05-апрели № 23
“Келечек Дөӊ-Арык “, “Алтын шоола” балдар бакчасынын тамак-аштын баасын бекитүү жөнүндө
Мектепке чейинки мекемелерди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы 28-июль №478 токтомду ишке ашыруу максатында, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Азыркы учурда азык-түлүктүн баасы 2021-жылга салыштырмалуу өтө жогорулаганына байланыштуу бир балага күнүмдүк тамак-аш наркы 75 сомду түзсүн. 2022-жылдын 5-апрель айынан баштап ар бир күнгө 75 сомдон ата-энелер тарабынан төлөнсүн.
2. Төлөм акылар атайын эсепке төлөнүүсүн көзөмөлдөө жагы Бурана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Иманакуновага жөктүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджеттик комиссиянын төрагасы А.Эсеновго тапшырылсын.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |