Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 10-июну № 25
Бурана айыл аймагындагы “Жайыт” категориясындагы жер тилкени “муниципалдык жер тилкеси” категориясына максаттык багытын өзгөртүүгө (трансформациялоо) жана “Бурана этно комплекс”, туризмди өнүктүрүү үчүн кемпинг үчүн курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Калктуу конуштарга жакын жайгашкан жайыт жана түшүмдүүлүгү аз, таштак жерлерди жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трнсформациялоого)киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон “Сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункту,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренеси, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 02.08.2018-жылдагы №79 Мыйзамга ылайык,жерлерди пайдалануу үчүн бир категориядан башка категорияга которуу максатында, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1.Бурана айыл аймагындагы “Жайыт” категориясындагы №269,268 контурундагы жалпы аянты 3,30 га жер тилкесин “муниципалдык жер тилкеси” категориясына максаттык багытын өзгөртүүгө (трансформациялоо) которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык,ушул токтомдун 1-пунктунда аталган №269,268 контурдагы жалпы аянты 3,30 га жер тилкесине “Бурана этно комплекс” жана туризмди өнүктүрүү үчүн кемпинг(ажаткана, жуунучу жай,балалуу энелерге бөлмө,тамактануу жайы,аймактык көркөм-музей,кино-концерт залы,мейманкана) куруу үчүн “жайыт”категориясына максаттык багытын өзгөртүүгө (трансформациялоону) Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүү жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы муниципалдык менчик,турак-жай жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |