Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 28-сентябры № 26
«Алтын-Күз» калктуу конушунун жашоочуларынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы Бурана айыл аймагына караштуу Алтын-Күз калктуу конушту айыл категориясына киргизүү жөнүндө протоколунун чечими тууралуу
Бурана айылдык кеңешинин депутаттары,Бурана айыл аймагына караштуу Алтын-Күз калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Алтын-Күз калктуу конуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап чыгып жана талкуулап,Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл аймагына караштуу «Алтын-Күз» калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча «Алтын-Күз» калктуу конуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.
2. Бурана айыл өкмөтү тарабынан «Алтын-Күз» калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана «Алтын-Күз» калктуу конуштун Схематикалык картасы,чек ара баяндамасы менен даярдалып,«Алтын-Күз» калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |