КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 07-июну №4/4
“Сыны “Таза-Суу” коомунун төрагасы Атанаев Жумакандын кайрылуусун кароо жөнүндө.”
Сыны “Таза-Суу” коомунун төрагасы Атанаев Жумакандын кайрылуусу боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Таза-Жашыл-Өрөөн” аталыштагы муниципалдык ишкана, айыл аймактагы жайыт тазалык, ирригация жана элди таза суу менен камсыз кылуу маселелерин карагандыктан, Сыны айылындагы “Таза-Суу” коомунун суу түтүктөрүн мыйзамга ылайык Кара-Камыш айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Жашыл-Өрөөн” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Сыны “Таза-Суу” коомунун 7 км аралыктан келген суу түтүктөрүн мыйзам чегинде “Таза-Жашыл-Өрөон” ишканасына өткөрүүнү колго алуу жагы өкмөт башчы Т.Султамуратовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
- Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.