КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 07-июну №4/5
“Кара-Жыгач базарын бөлүп өтүүчү Кара-Жыгач-Сары-Челек авто жолунун жээгиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү темир тосмосу менен курулган жол маселесин кароо жөнүндө”
Кара-Жыгач базарындагы ишкерлердин кайрылуусунун негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссия жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиялардын корутундуларын карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Жыгач базарынын жолуна курулган тосмонун жээгиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды кызыл сызыкка чыгаруу жагы белгиленсин.
- Кара-Камыш базарын бөлүп өткөн негизги жолду кеңейтүү жагын ДЭП 12 жол тейлөө ишканасынын жетекчилигине билдирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдон суралсын.
- Курулган тосмонун проектиси боюнча жети базарга кирүүчү жол каралган жана Кара-Жыгач айылдык кеңешинин XI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын №3 токтомуна ылайык кошумча 4 (төрт) жеринен ачуу жагы бекитилген, арыз ээлери менен биргеликте макулдашылып бекитилген токтом өзгөртүлбөй кылтыруу жагы белгиленсин.
- Кара-Жыгач базарындагы жол тыгындарын жоюу максатында жол жээгинде товар жайып соода сатык кылып жаткандарга милиция кызматкерлери менен биргеликте эскертүүлөрдү берүү жагы өкмөт башчыга жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
- Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.