Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 16-июну № 59

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Чаткал, Сузак, Токтогул, Базар-Коргон, Жумгал, Тоң, Ысык-Көл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын (06.06.2023-ж. № 1) - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын (02.06.2023-ж. № 3) - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя жана Сумсар айылдык кеңештери боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (07.06.2023-ж. № 54, 55) - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (03.06.2023-ж. № 7, 8, 08.08.2023-ж. № 9) - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы М.Абдылдаев айылдык кеңеши боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын (04.06.2023-ж. № 4) - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (06.06.2023-ж. № 18, 19) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак жана Чоң-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (02.06.2023-ж. № 17) - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 08.06.2023-ж. № 15) - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (29.05.2023-ж. № 5) - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (07.06.2023-ж. № 55) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын, (03.06.2023-ж. № 8) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы М.Абдылдаев айылдык кеңеши боюнча Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын, (06.06.2023-ж. № 19) Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык кеңеши боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын, (29.05.2023-ж. № 5) Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылдык кеңеши боюнча Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери келип түштү.

Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Көмүр, Чаткал, Сузак, Токтогул, Базар-Коргон, Жумгал, Тоң, Ысык-Көл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Сузак, Токтогул, Жумгал жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Таш-Көмүр, Чаткал, Сузак, Токтогул, Базар-Коргон, Жумгал, Тоң, Ысык-Көл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Таш-Көмүр, Чаткал, Сузак, Токтогул, Базар-Коргон, Жумгал, Тоң, Ысык-Көл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы № 59 токтомунун 1-тиркемеси

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаары

1

Таш-Көмүр шаардык

Арстанбеков Мирзалбек Боронбаевич (4) "Жаштар" депутаттык фракциясы

Таш-Көмүр АШК, № 1,

06.06.2023-ж.

(11.05.2023-ж. - өз арызы)

Чаткал району

2

Каныш-Кыя айылдык

Орозбаев Умар Байсалович

Чаткал АШК, № 3,

02.06.2023-ж.

(19.05.2023-ж. - өз арызы)

3

Сумсар айылдык

Полотов Курбаналы Усупбекович

Чаткал АШК, № 3,

02.06.2023-ж.

(02.06.2023-ж. - өз арызы)

Сузак району

4

Ленин айылдык

Адыбеков Эрбол Эгембердиевич

Сузак АШК, № 54,

07.06.2023-ж.

(06.06.2023-ж. - өз арызы)

Токтогул району

5

М.Абдылдаев айылдык

Жолдошбеков Ширинбек Жолдошбекович

Токтогул АШК, № 7,

03.06.2023-ж.

(01.06.2023-ж. - өз арызы)

Базар-Коргон району

6

Сайдыкум айылдык

Каримов Абдулхай Максудович

Базар-Коргон АШК, № 4,

09.06.2023-ж.

(02.06.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Жумгал району

7

Байзак айылдык

Балбак уулу Азамат

Жумгал АШК, № 18,

06.06.2023-ж.

(25.05.2023-ж. - өз арызы)

8

Чоң-Дөбө айылдык

Мамеков Артымбек Салмоорбекович

Жумгал АШК, № 18,

06.06.2023-ж.

(28.05,2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

Көл-Төр айылдык

Нурбек уулу Кыдырбек

Тоң АШК, № 17,

02.06.2023-ж.

(08.05,2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл району

10

Чолпон-Ата шаардык

Орозгожоев Марс Бектурович (4) "Республика Ата-Журт" депутаттык фракциясы

Ысык-Көл АШК, № 15,

08.06.2023-ж.

(каза болгондугуна байланыштуу)

Чүй облусу

Ысык-Ата району

11

Интернационал айылдык

Абдрахманов Милан Маратбекович

Ысык-Ата АШК, № 5,

29.05.2023-ж.

(24.05,2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы № 59 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Жалал-Абад облусу

Сузак району

1

Ленин айылдык

Манапбаев Кутман Таирбекович

Сузак АШК, № 55,

07.06.2023-ж.

(06.06.2023-ж. - өз арызы)

2

 

Кайназарова Назгуль Бектемировна

Сузак АШК, № 55,

07.06.2023-ж.

(06.06.2023-ж. - өз арызы)

3

 

Арзыкулов Султанбек Абдурасулович

Сузак АШК, № 55,

07.06.2023-ж.

(06.06.2023-ж. - өз арызы)

Токтогул району

4

М.Абдылдаев айылдык

Майназаров Эрик Биримкулович

Токтогул АШК, № 8,

03.06.2023-ж.

(01.06.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Жумгал району

5

Байзак айылдык

Мамбеталиев Тилек Бактыбекович

Жумгал АШК, № 19,

06.06.2023-ж.

(28.05.2023-ж. - өз арызы)

Чүй облусу

Ысык-Ата району

6

Интернационал айылдык

Дуйшенбаев Эрлан Мирланович

Ысык-Ата АШК, № 5,

29.05.2023-ж.

(29.05.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы № 59 токтомунун 3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаары

1

Таш-Көмүр шаардык

Намасбеков Самат Намасбекович (19) "Жаштар" саясий партиясы

Убактылуу иштебейт

Таш-Көмүр АШК, № 1,

06.06.2023-ж.

Чаткал району

2

Каныш-Кыя айылдык

Таштанбаев Эркебек Жапарович

Убактылуу иштебейт

Чаткал АШК, № 3,

02.06.2023-ж.

3

Сумсар айылдык

Султанбаев Русланбек Камалдинович

Убактылуу иштебейт

Чаткал АШК, № 3,

02.06.2023-ж.

Сузак району

4

Ленин айылдык

Султаналиев Абдыкадыр Жуманазарович

Убактылуу иштебейт

Сузак АШК, № 55,

07.06.2023-ж.

Токтогул району

5

М.Абдылдаев айылдык

Уметкулова Гүлназ Жумашалыевна

Тарых мугалими

Токтогул АШК, № 9,

08.06.2023-ж.

Базар-Коргон району

6

Сайдыкум айылдык

Ядгаржан уулу Жавлонбек

Жеке ишкер

Базар-Коргон АШК, № 4,

09.06.2023-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

7

Байзак айылдык

Дадабаев Кадырбек Көлмөнович

Дыйкан чарба мүчөсү

Жумгал АШК, № 19,

06.06.2023-ж.

8

Чоң-Дөбө айылдык

Рысалиева Таалайгүл Жакшылыковна

Айылдык ден соолук комитети

Жумгал АШК, № 19,

06.06.2023-ж.

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

Көл-Төр айылдык

Асанкадыров Султан Жаныбекович

"The London school", гид-проводник

Тоң АШК, № 17,

02.06.2023-ж.

Ысык-Көл району

10

Чолпон-Ата шаардык

Акимов Мирбек Бекишевич (5) "Республика Ата-Журт" саясий партиясы

Жеке ишкер

Ысык-Көл АШК, № 17,

02.06.2023-ж.

Чүй облусу

Ысык-Ата району

11

Интернационал айылдык

Сайткулов Жусуп

Пенсионер

Ысык-Ата АШК, № 5,

29.05,2023-ж.