КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги ХХХ1Х-сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 71
Бужум айылынын тургуну Хатичабүбү Мурзакуловага Кара-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобосунун 2-пунктунун 2.1-пунктчасына ылайык, “Нур Периште” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн чогулушунун 2023-жылдын 14-февралындагы протоколунун жана Кара-Булак айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 29-июлундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Бужум айылынын тургуну Хатичабүбү Мурзакуловага Кара-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |