Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл- Кыя шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XXXХ -
сессиясы
2024-жылдын 1-августу № 40/155
“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүү жана ишкананын Уставын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №53 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 25-июлундагы №01-8/2053, 2024-жылдын 31-июлундагы №01-8/2078 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
4. Ишкананын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы ишканаларды, “Январский” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдү жана шаардагы жеке менчик үйлөрдү шаардык жылуулукка туташтыруу жагы шаар мэрине жана “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жетекчисине сунушталсын.
5. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын бюджети жана штаттык бирдиктери иштелип чыгылып, шаардык кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳраганын м.а.: | М.Гайвылдаев |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VII-чакырылышы) 2024-жылдын
1 –августундагы кезексиз
40-сессиясынын №40/155 токтомуна
тиркеме-1
“Кызыл-Кыя жылуулук ” муниципалдык ишканасынын Уставы
I.Жалпы жоболор
1. «Кызыл-Кыя жылуулук” өз алдынча чарбалык эсеп жүргүзүүчү муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
2. «Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анын милдеттерин жана ишинин укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
3. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал бекитилген жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып колдонууга киргизилет.
4. Толук аталышы:
Кыргыз тилинде - «Кызыл-Кыя жылуулук» муниципалдык ишканасы. Орус тилинде – муниципальное предприятие «Кызыл-Кыя тепло».
5. Ишкананын уюштуруучусу: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы.
6. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Кызыл-Кыя шаары, Т.Кулатов көчөсү №140
7. Ишкананын өкүлчүлүктөрү же филиалдары жок.
II.Ишкананын юридикалык статусу
1. «Кызыл-Кыя жылуулук» өз алдынча чарбалык эсеп жүргүзүүчү муниципалдык ишкана болуп саналат.
2. Ишкана юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, банктардагы эсептери, бурчтук жана башка штамптары, бланктары жана башка реквизиттери болот.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларын жана Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү ченемдик жана укуктук актыларын жетекчиликке алат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда негизделген, анын мүлкү жана кирешеси Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчиги болуп саналат жана бул ишканага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилет.
5. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган чектерде мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
6 Мүлк ээси өзү түзгөн ишкананын чарбалык карамагында турган мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
8. Ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
9. Ишкана өзүнүн уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу (уюштуруучулар) Ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкана өзүнүн милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чегинде мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
12. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон өз каражаттары жана мүлкү менен жооп берет.
III.Муниципалдык ишкананын максаты, ишмердүүлүгүнүн түрлөрү жана милдеттери
1. Ишкананын иш-аракетинин предмети болуп жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жылуулук менен камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Негизи максат – үнөмдүү кызматтардын толук спектрин камсыз кылуу.
2. Ишкананын негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет:
а) Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бирдей шарттарда жылуулук менен камыз кылуу кызматын көрсөтүү; б) кызмат көрсөтүүнүн алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мүлктү, жабдууларды, запастык бөлүктөрдү сатып алуу жана тейлөө;
в) активдерин амортизациясына кеткен чыгымдарды жана ошондой эле кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан ишкананын чыгымдарынын толук ордун толторууга жетишүү.
3. Жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мамлекеттик стандарттарга ылайык келүүгө тийиш .
4. Ишканага өз алдынча муниципалдык менчик объектери чарба жүргүзүү укугунда берилет, алар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул Уставга ылайык аныкталган чектерге мүлккө ээлик кылууну, пайдалануу жана тескөөнү түшүндүргөн буюмдук укук болуп саналат.
5. Муниципалдык менчиктин объекттери ишкананын балансына өткөрүлөт.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктөргө ээлик кылууга Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын макулдугусуз укуксуз.
7. Кирешенин потенциалдуу булактарына жеке жана юридикалык жактар тарабынан, анын ичинде шаардагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөр, жергиликтүү бюджеттен субсидиялар, мамлекеттик же мамлекеттик эмес булактардан алынган гранттар жана башка кирешелер кирет.
8. Ишкана тарабынан өз каражаттарынын, жергиликтүү же мамлекеттик бюджеттердин субсидияларынын, мамлекеттик инвестициялардын программаларынын, жеке салымдардын же башка каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк муниципалдык менчик болуп саналат. Бул мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө ушул статьянын 2-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Ишкананын көрсөткөн кызматынан алынган кирешелер жана пайда толугу менен ишкананын карамагында калат жана аны ишкана өзүнүн каалоосу боюнча ишкананын оперативдик-финансылык пландарына ылайык пайдалана алат.
10. Абоненттерден жылуулук берүүдөн түшкөн акча каражаты ишкананын кызматкерлери тарабынан чогултулат жана кассага кириштелет.
11. Ишкана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык пакеттерди карай алат.
12. Эгерде негизги каражаттардын амортизациясынын наркы тарифке киргизилсе, ишканада аларды чегерүү үчүн негизги каражаттардын өзүнчө эсеби болууга тийиш. Бул каражаттар капиталдык оңдоого жана/же кошумча негизги каражаттарды сатып алууга гана пайдаланылышы мүмкүн.
IV. Ишкана кредиттери
1. Ишкана шаардык кенештин макулдугу менен гана зайым алууга укуктуу. Шаардык кенеш зайымдын бардык шарттарын бекитет.
2. Шаардык кенештин зайым алууга макулдугун алуу үчүн ишкана зайымдын суммасы, шарттары (анын ичинде пайыздык чен жана төлөө графиги) жөнүндө маалымат жана зайым алуу зарылчылыгынын негиздемесин берет.
3. Займ капиталдык салымдар үчүн гана берилиши мүмкүн жана учурдагы чыгымдарды каржылай албайт.
4. Эгерде болжолдуу зайымды кошкондо, төлөнүүгө тийиш болгон бардык карыздын жылдык карыздык милдеттенмелери зайымдан түшкөн кирешени эске албаганда, анын жылдык кирешесинин 15% ашса, ишканага зайымдарды алууга тыюу салынат.
V. Ишкананын пландаштыруусу жана отчёттуулугу
8. Ишкананын бюджети Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын макулдугу аркылуу профсоюздук комитеттин катышуусу менен эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда каралат жана жетекчи тарабынан бекитилет.
9. Ишкана бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчёттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана стандарттарда жүргүзөт, ал боюнча отчетту шаардын мээриясына жана шаардык кенешке берет.
10. Ишкана тарифтик түзүмгө сунушталган өзгөртүүлөрдү шаардык кенештин бекитүүсүнө берүүгө милдеттүү. Тарифтин такталган түзүмү шаардык кенеш тарабынан бекитилгенден кийин гана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Шаардык кенештин кароосуна коюлган тарифтердин түзүмү ишкана көрсөткөн кызматтардын өзүн толук камсыздоо принцибине негизделиши керек.
12. Ишкана тарифтин түзүмүн өзгөртүү жөнүндө кайрылуну берүүдө шаардык кенеш тарабынан белгиленген тартипте маалымат берүүгө милдеттүү.
VI. Ишкананы башкаруу
1. Ишкананы башкаруунун жогорку органы – уюштуруучу – Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы болуп саналат.
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэри “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжаларын көзөмөлдөйт.
3. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна тиешелүү багыттагы жогорку билими, иш стажы жана тажрыйбасы, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.
“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын жетекчисин шаардык кенештин макулдугу менен Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Ишкананын жетекчиси өзү аткарып жаткан ыйгарым укуктары үчүн мэрдин алдында жооп берет. Аткарылган жумуштарынын жыйынтыгына карата сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу чараларын көрөт.
4. Жетекчи ишкананын каражаттарын, мүлкүн жана ишмердүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат жана тиешелүү ички жол-жоболордун аткарылышын камсыз кылат.
5. Жетекчи келишимдерди, анын ичинде ижара келишимдерин түзөт, буйруктарга кол коет, ишеним каттарды берет, банктык эсептерди ачат жана ишкананын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка милдеттерди аткарат.
6. Жетекчи башка юридикаык жана жеке жактар менен мамилерде ишкананын атынан чыгат.
7. Жетекчи ишкананын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн административдик кызматкерлерди кызматка дыйындайт, контролдойт жана кызмат ордунан бошотот.
8. Жетекчи жумуш убактысын, эмгек акыны, материалдык жана башка дем берүүчү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын ички ченемдик документтерине жана мыйзамдарына ылайык белгилейт.
VII. Кадр саясаты
1. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылыйык кепилденген эмгек акы, медициналык, социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу, социалдык жактан коргоо менен камсыз кылынат.
2. Ишкананын штаттык расписаниеси шаардык кенешменен макулдашылат жана мэр тарабынан бекитилет.
VIII. Ишкананын милдеттенмелери
13. Ишкана өз атынан өзүнө алган келишимдик жана башка милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде карыздарды төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясы ишкана өз атынан өзүнө алган келишимдик жана башка милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
IX. Ишкананы жоюу жана кайра уюштуруу
1. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык шаардык кенештин же соттун чечиминин негизинде кайра түзүлөт же жоюлат.
2. Ишканага пайдалануу укугунда же башка укукта бекитилип берилген мүлк муниципалдык менчикте калат же жаңыдан түзүлгөн ишканага мыйзам чегинде өткөрүлүп берилет.
3. Ишкана жоюлган учурда шаардын мэриясы жоюу комиссиясын түзөт. Комиссияга ишкана менен байланышкан жоюу ишин кординациялоо, анын ичинде активдерди баалоо, дебиторлорду жана кредиторлорду аныктоо, тиешелүү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу балансын даярдоо үчүн ишкананын ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилет.
4. Ишкана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык мамлекеттик архивде сакталат.
5. Ишкана мамлекеттик реестрге тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып жоюлган же кайра түзүлгөн деп эсептилинет.
X. Уставды өзгөртүү
1. Ушул Уставга киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор жана сунуштар шаардык кенеш тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинде каттоодон өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.