КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-августу № 75
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Лейлек, Ала-Бука, Тогуз-Торо жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (31.07.2023-ж. № 13, 14) - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын (03.08.2023-ж. № 3) - Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (31.07.2023-ж. № 7, 8) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айылдык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын (02.08.2023-ж. № 3, 4) - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын (26.07.2023-ж. № 4, 5) - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (31.07.2023-ж. № 8) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айылдык кеңеши боюнча чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай, Лейлек, Ала-Бука, Тогуз-Торо жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кадамжай, Ала-Бука, Тогуз-Торо жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кадамжай, Ала-Бука, Тогуз-Торо жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 75 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
1 | Кадамжай шаардык | Исаков Толкунбек Талипович (4) "Бүтүн Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кадамжай АШК, № 13, 31.07.2023-ж. (28.07.2023-ж. - өз арызы) |
Лейлек району | |||
2 | Кулунду айылдык | Орозалиев Шайырбек Нишанбаевич | Лейлек АШК, № 3, 03.08.2023-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. Баткен облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузулар иштери боюнча соттук коллегиясынын 2023-ж. 23-июнундагы чечимине ылайык. Иш № А-Ба-04-51-23-УД № УД-09/23-Ба4) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
3 | Т.Балтагулов айылдык | Назаралиев Арапбай Имамалиевич | Ала-Бука АШК, № 7, 31.07.2023-ж. (24.07.2023-ж. - өз арызы) |
4 | Т.Балтагулов айылдык | Ызабеков Бектур Абдырасулович | Ала-Бука АШК, № 7, 31.07.2023-ж. (24.07.2023-ж. - өз арызы) |
Тогуз-Торо району | |||
5 | Тогуз-Торо айылдык | Бейшенкадыр уулу Төлөгөн | Тогуз-Торо АШК, № 3, 02.08.2023-ж. (31.07.2023-ж. - өз арызы) |
6 | Тогуз-Торо айылдык | Абдымалик кызы Касиет | Тогуз-Торо АШК, № 3, 02.08.2023-ж. (02.08.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
7 | Каракол шаардык | Атагельдиева Ибарат Касеновна (6) "Эмгек"депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 4, 26.07.2023-ж. (19.06.2023-ж. - өз арызы) |
8 | Каракол шаардык | Джаинов Нурлан Ногойбаевич (7) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 4, 26.07.2023-ж. (17.07.2023-ж. - өз арызы) |
9 | Каракол шаардык | Камалов Каныбек Рыскулович (8) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 4, 26.07.2023-ж. (17.07.2023-ж. - өз арызы) |
10 | Каракол шаардык | Казакбаев Нурлан Туратбекович (13) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 4, 26.07.2023-ж. (18.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 75 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
1 | Т.Балтагулов айылдык | Бабанов Мелисбек Усенбаевич | Ала-Бука АШК, № 8, 31.07.2023-ж. (25.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 75 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Кадамжай шаардык | Шерматов Бексултан Хамдамович (7) "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы | Кадамжай шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кадралар жана иш кагаздары боюнча адиси | Кадамжай АШК, № 14, 31.07.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2 | Т.Балтагулов айылдык | Жоробаев Камалдин Байламырзаевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Ала-Бука АШК, № 8, 31.07.2023-ж. |
3 | Т.Балтагулов айылдык | Токтоматов Жумаказы Шамшарбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Ала-Бука АШК, № 8, 31.07.2023-ж. |
Тогуз-Торо району | ||||
4 | Тогуз-Торо айылдык | Чекиев Эрнис Бешкемпирович | "Макмал Голд Компани" ЖЧКнын сырткы күзөт жана өрт көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы | Тогуз-Торо АШК, № 4, 02.08.2023-ж. |
5 | Тогуз-Торо айылдык | Сансызбаев Нурбек Сүйүнбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Тогуз-Торо АШК, № 4, 02.08.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
6 | Каракол шаардык | Абдыкеримова Уулча Сабыркуловна (12) "Эмгек" саясий партиясы | № 1 орто мектептин англис тили боюнча мугалими | Каракол АШК, № 5, 26.07.2023-ж. |
7 | Каракол шаардык | Кыдыбаев Улан Сагынбекович (17) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 5, 26.07.2023-ж. |
8 | Каракол шаардык | Абдымомунов Жаныбек Тынчылыкович (19) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 5, 26.07.2023-ж. |
9 | Каракол шаардык | Монолдоров Жакшылык Кубанычбекович (20) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 5, 26.07.2023-ж. |