Редакцияот 09.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 9-августу № 76

Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2023-жылдын 9-августундагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2023-жылдын 29-июнундагы кайрылуусунун, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жети-Өгүз, Түп жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 76 токтомуна тиркеме

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Жумабаева Медина Шаршенбековна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

2

Осмонова Элиза Асановна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

3

Туржанов Тобокел Имашович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

4

Шакиров Ырысменде Кубанычбекович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

5

Данияров Талантбек Молдалиевич

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

6

Турдумамбетов Бектур Турсунбаевич

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Каптагаева Наргиза Ишенбаевна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

2

Тюлеев Эмиль Калыевич

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

Талас облусу

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Шукиев Анарбек Шукиевич

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан