Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 36
Ак-Татыр айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун жыйырма биринчи пунктчасына ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-июлундагы отурумунун №4 протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн айылдарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүгө, ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылга иш планына, Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан селдин алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы сунушталсын.
2. Ак-Татыр айыл аймагына 2024-жылдын 10-июлундагы келген селдин кесепетинен зыян тарткан айыл тургундарына айыл өкмөтү тарабынан материалдык жардам берилсин.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |