Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 39
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарына АРИС уюму аркылуу таза суу линиясын тартууда тоскоолдуктарды жаратпоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын милдеттери жана принциптери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 492-беренесин ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К Нурмаматовдун билдирүүсүн, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында АРИС уюму менен жүрүп жаткан проэкти карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдырында ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту өнүктүү жана инвестициялоо Агенствосу (АРИС) менен жүрүп жаткан проэктиге, айыл тургундары тарабынан тоскоолдуктар пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамынын негизинде чаралар көрүлсүн .
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |