Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 40
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсү, 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштурууда айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз жана Рават айылдарында 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн үч айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.
№ | Айылдын аты | Боло турган күнү жана сааты | Жооптуу адамдар |
1 | Ак-Татыр | 25.07.2024 , 17:00 | Камалов Алыкул |
2 | Орто-Боз | 25.07.2024 , 10:00 | Исаков Анарбай |
3 | Рават | 24.07.2024 , 10:00 | Мажитова Максатай |
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |