КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 07-июну №4/7
““Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Камыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Камыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнугүүсүнө кошкон салымы жана өсүп келе жаткан жаш муундарга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгегин үчүн Жүзүмжан айылынын тургуну, тарых мугалими Керимкулов Тилеген Сатканбаевичке Кара-Камыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
- “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга “ардактуу атуулу” жазуу лентасын, күбөлугүн, жана төш белгисин даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Аталган токтому Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.