Редакцияот 07.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 07-июну №4/8

 

“Жүзүмжан, Кез-Арт, Чалдыбар айылдырынын токой баскан аянттарын Аркыт токой чарбасынын карамагына өткөрүү жөнүндө”

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

           

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1998-жылдын 6-февралындагы “мурунку колхоз, совхоздордун карамагындагы токойлорду токой чарбанын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө” №61-жана 1992-жылдын 22-июнундагы №291 токтомдоруна ылайык Кара-Суу айылынан 2786 га жайыт жерлери башкача айтканда Чалдыбар, Кез-Арт, Жүзүмжан айылдарынын токойлуу жайыт жерлери Аркыт токой чарбасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Аталган токтому Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев