Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 487
2011-жылдын 25-апрелинде Ашхабад шаарында кол коюлган Иран Ислам Республикасынын, Оман Султанатынын, Катар Мамлекетинин, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык транспорттук жана транзиттик коридор түзүү жөнүндө макулдашууга (Ашхабад макулдашуусу) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2011-жылдын 25-апрелинде Ашхабад шаарында кол коюлган Иран Ислам Республикасынын, Оман Султанатынын, Катар Мамлекетинин, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык транспорттук жана транзиттик коридор түзүү жөнүндө макулдашууга (Ашхабад макулдашуусу) кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркмөн тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-августундагы № 65 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |