Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 494
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участогунда жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участогунда жайгашкан жалпы аянты 44,6 га жер участогунда № 2051 аскер бөлүгүнө ок атуу полигонун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 30-январындагы № 01-18/325 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 25-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участогунда № 637 (16,0 га) чөп чабынды, № 638 (23,0 га) чөп чабынды, № 641 (5,60 га) кайрак айдоо контурларында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 44,6 га жер участогу № 2051 аскер бөлүгүнө ок атуу полигонун уюштуруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- көрсөтүлгөн жер участогу максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
- көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, түшүмдүүлүгү аз жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-августундагы № 65 (3619) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |