Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-июлу № 444-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан .ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген өөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке апыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. Мамлекеттик башкарууну реформалоо | ||||||
1 | Мамлекеттик органдарда бизнес-процесстерди автоматташтыруу | Мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын ичиндеги маалыматтар менен алмашууну оптималдаштыруу, ошондой эле жарандарга сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес-процесстерине талдоо жана реинжиниринг жүргүзүү | Дайыма | Мамлекеттик органдардагы маалыматтык системалардын ичинде маалымат алмашууну оптималдаштыруу үчүн автоматташтырылууга тийиш болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес-процесстерине талдоо жана реинжиниринг жүргүзүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Маалыматтардын коопсуздугунун тиешелүү чараларын колдонуу менен бизнес-процесстерди автоматташтырган жана башка АМСтер менен интеграцияланган тармактык АМСтерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыздоо | Дайыма | Санариптик кызматтарды көрсөтүү, электрондук өз ара аракеттенүү жана маалыматтарды алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын бизнес-процесстери автоматташтырылды | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Мамлекеттик органдардын функцияларына, ыйгарым укуктарына жараша керектүү маалыматтык базаларды жана реестрлерди түзүү | Дайыма | Мамлекеттик органдардын керектүү маалымат базалары жана реестрлери түзүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
2 | Долбоорду башкаруунун санариптик платформаларын колдонуу | Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн санариптик платформаны, анын ичинде жаңы бизнес-процесстерди жана калкка оптималдаштырылган санариптик кызматтарды ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-сентябры | Долбоорду баштан аягына чейин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты консолидациялоого жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берген кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн санариптик платформа ишке киргизилди | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
3 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик компетенцияларын жогорулатуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн санариптик көндүмдөр, аналитика, маалыматтарды башкаруу жана талдоо боюнча окутуу программасын иштеп чыгуу. Башкаруунун бардык деңгээлдериндеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн, анын ичинде IT-адистер үчүн санариптик компетенциялардын алкагын кароо | 2025-жылдын 20-марты | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн санариптик көндүмдөр боюнча окутуу программасы бекитилди | СӨМ, БИМ, ЖМКМА, МКЖӨБМА, КРПМБА, Бишкек ш. мэриясы | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Бүткүл өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды сапаттуу окутууну камсыз кылуу үчүн эл аралык билим берүү мекемелери, тренинг борборлору менен кызматташуу планын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Эл аралык билим берүү мекемелери менен кызматташуу планы бекитилди | МКЖӨБМА, БИМ, ЖТП | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
4 | Жарандардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу | Жарандардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар менен камсыздоо | Дайыма | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана санариптик чечимдер боюнча онлайн курстар жана тренингдер уюштурулду. ЖМКга мамлекеттик санариптик продуктулар жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
5 | Санариптештирүү чөйрөсүндөгү компетенттүү IT-адистерди тартуу | Санариптештирүү чөйрөсүндө компетенттүү IT-адистерди тартуу маселесин карап чыгуу, ошону менен мамлекеттик кызматка мамлекеттик кызматкерлерди тартууда максималдуу атаандаштык шарттарын камсыз кылуу | 2025-жылдын 20-сентябры | Санариптештирүү чөйрөсүндө компетенттүү IT-адистерди тартуу боюнча сунуштар даярдалды | ЭСКММ, СӨМ, МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
6 | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын санариптик компетенцияларынын деңгээлин баалоо | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүү жана аларды санариптик компетенция боюнча аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу ЧУАларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2025-жылдын 20-июну | Кызматчылар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө текшерүүдөн жана санариптик компетенция боюнча аттестациядан өтүшөт | МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Санариптик компетенциялардын учурдагы деңгээлин баалоо боюнча АМС иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-июну | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик компетенцияларынын деңгээлин баалоо системасы ишке киргизилди | МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
2. Мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо | ||||||
7 | Интеграциялоо жана электрондук маалымат алмашуу | Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын чечимдеринин каталогунда сервистерди иштеп чыгуу жана жайгаштыруу, сервистерди интеграциялоодо жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык макулдашуулардын негизинде иштеп чыгуучуларга өз алдынча жеткиликтүүлүк берүү | Дайыма | Маалыматтарды электрондук алмашуу боюнча шарттар камсыз кылынды | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
8 | Маалыматтардын ачыктыгын камсыздоо | Ачык маалыматтар порталында ачык маалыматтарды жарыялоо, жаңыртуу процессин автоматташтыруу | 2025-жылдын 20-сентябры | Ачык маалыматтар порталы модернизацияланды | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
9 | Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү (G2C, G2B) ишке киргизүү аркылуу мамлекет, коом жана бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө, сервистерге, анын ичинде жарандар жана ишкерлер үчүн порталдар жана мобилдүү тиркемелерге бир эле мамлекеттик платформалар аркылуу эмес ошондой эле жеке мобилдик тиркемелер жана системалар аркылуу лицензиялоону, отчеттуулукту жана башка уруксат берүүчү процесстерге жетүүнү камсыз кылуу | Дайыма | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, сервистер, анын ичинде лицензиялоо документтерин берүү, курулуш, бажы жана салык жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча шарттар түзүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Бизнес тарабынан мамлекеттик маалыматтар базасын пайдалануу менен калк үчүн жаңы сервистерди иштеп чыгуу максатында шарттарды түзүү | Дайыма | Бизнес тарабынан мамлекеттик маалыматтар базасын пайдалануу менен калк үчүн жаңы сервистерди иштеп чыгуу максатында шарттар түзүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
10 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоо | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын өнүктүрүүнү камсыздоо | Дайыма | Жаңы санариптик документтер иштелип чыкты | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | Дайыма | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр коммерциялык уюмдардын санариптик платформаларына жайгаштырылды | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Супер сервистерди ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Жарандардын жашоо-турмушуна жараша супер сервистердин тизмеси аныкталды, тийиштүү супер сервистер иштелип чыкты жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жана коммерциялык уюмдардын санариптик платформаларына жайгаштырылды | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
11 | Маалыматтардын (data driven governments) негизинде башкаруу | Мамлекеттик сектордогу маалыматтарды колдонууга негизделген натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу жана процесстерди оптималдаштыруу үчүн маалыматтардын (data driven governments) негизинде башкаруу концепциясын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Маалыматтардын (data driven governments) негизинде башкаруу концепциясы бекитилди | СӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
12 | Жасалма интеллект (ЖИ) | ЖИ-моделдердин жана маалыматтардын репозиторийин, ЖИ-стартаптардын акселераторлорун, ЖИ боюнча компетенттүүлүк борборлорун камтыган улуттук ЖИ платформасын түзүү | 2028-жылдын 20-декабры | ЖИ үчүн маалыматтар топтомун түзүүнү жана актуалдаштырууну камсыз кылуу үчүн улуттук ЖИ платформасы түзүлдү | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Кыргыз тилинде түшүнгөн жана сүйлөгөн, кыргыз жазмасын тааныган, социалдык маалыматтарды жана агрардык секторду талдоо, кыргыз тилинде медициналык диагностика, транспорт системасын жакшыртуу, кыргыз маданий мурастарын документтештирүү жана сактоо, энергетика секторундагы процесстерди оптималдаштыруу үчүн ЖИ платформасын түзүү | 2026-жылдын 20-декабры | Кыргыз тилинде түшүнгөн жана сүйлөгөн, кыргыз жазмасын тааныган, социалдык маалыматтарды жана агрардык секторду талдоо, кыргыз тилинде медициналык диагностика, транспорт системасын жакшыртуу, кыргыз маданий мурастарын документтештирүү жана сактоо, энергетика секторундагы процесстерди оптималдаштыруу үчүн МТУКтун ЖИ платформасы түзүлдү | МТУК, СӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
ЖИ жаатындагы изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга колдоо көрсөтүү, анын ичинде ЖИ жаатында илимий изилдөөлөрдү каржылоо, ЖИ боюнча изилдөө борборлорун түзүү, чет өлкөлөрдө ЖИ жаатындагы адистерди окутуу жана стажировкадан өткөрүү | Дайыма | ЖИ жаатындагы изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга колдоо көрсөтүлдү, анын ичинде ЖИ жаатында илимий изилдөөлөрдү каржылоо, ЖИ боюнча изилдөө борборлорун түзүү, чет өлкөлөрдө ЖИ жаатындагы адистерди окутуу жана стажировкадан өткөрүү | ФМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
ЖИ технологияларын окутуу процессине мектеп окуучуларын жана студенттерди тартуу менен өлкөдө ЖИни өнүктүрүү стратегиясын ишке киргизүүгө экспертиза жүргүзүү, кесиптик жайылтуу үчүн улуттук кеңешти жана андан ары ЖИни өнүктүрүү борборун (институтун) түзүү, ЖИ чөйрөсүндө улуттук ченемдик жөнгө салууну ишке киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | ЖИ технологияларын окутуу процессине мектеп окуучуларын жана студенттерди тартуу менен өлкөдө ЖИни өнүктүрүү стратегиясын ишке киргизүүгө экспертиза коомчулукта ЖИни кеңири жайылтуу үчүн улуттук кеңешти жана андан ары ЖИни өнүктүрүү борбору (институту) түзүлдү, ЖИ чөйрөсүндө улуттук ченемдик жөнгө салуу ишке киргизилди | СӨМ, БИМ, ЖТП | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Жогорку окуу жайларында ЖИ, нейрон тармактарын жана чоң маалыматтарды машинада жана терең окутуу, кадрларды даярдоо программаларын ишке киргизүү. Атап айтканда, төмөнкү адистиктерин даярдоо: маалыматтардын аналитиги (Data Scientist), маалыматтардын инженери (Data Engineer), ЖИ-архитектор (Al Architect), маалыматтардын архитектору (Data Architect), ЖИ жаатында долбоорлордун менеджери (Al Project Manager) | 2026-жылдын 20-декабры | Жогорку окуу жайларда ЖИ жаатында кадрларды даярдоо боюнча программалар ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
ЖИ-технологиялары (AI Computing Center) жаатында изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар үчүн (R&D) жогорку натыйжалуу эсептөө борборун түзүү | 2028-жылдын 20-декабры | ЖИ-технологиялары (AI Computing Center) жаатында изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар үчүн (R&D) жогорку натыйжалуу эсептөө борбору түзүлдү. Борбордун эсептөө кубаттуулугу 50 петафлопс, андан аркы 300 петафлопс кубаттуулукка жеткирүү потенциалы бар | СӨМ, ФМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Мамлекеттик башкарууга ЖИни киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | ЖИ натыйжалуу чечим кабыл алууну жана процесстерди оптималдаштырууну камсыз кылуу менен мамлекеттик башкарууга киргизилди. ЖИ технологиялары маалыматтарды талдоо, окуяларды болжолдоо, күнүмдүк тапшырмаларды автоматташтыруу жана так жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. ЖИни мамлекеттик башкарууга киргизүү убакытты сарптоону кыскартты жана кабыл алынган чечимдердин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатты | ЭКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
3. Санариптик инфратүзүмдү түзүү | ||||||
13 | "Өкмөттүк булут" - G-Cloud мамлекеттик платформасын ишке киргизүү менен МИМБди түзүү | Негизги жана резервдеги МИМБди куруу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | Негизги жана резервдеги МИМБ иштөөдө | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
"Өкмөттүк булут" - G-Cloud мамлекеттик платформасын ишке киргизүүнү камсыз кылуу | 2027-жылдын 20-сентябры | "Өкмөттүк булут" - G-Cloud мамлекеттик платформасы иштеп жатат | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын маалыматтык системаларын "Өкмөттүк булут" - G-Cloud платформасына маалыматтык системаларды этабы менен көчүрүү аркылуу миграция планын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-майы.
2027-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын маалыматтык системаларын G-Cloud көчүрүү планы бекитилди, маалыматтык системаларды G-Cloud этабы менен көчүрүү жүргүзүлдү | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
14 | Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча БОБЛ менен камсыздоо | БОБЛ төшөө жана монтаждоо иштерин этабы менен жүргүзүү | 2025-жылдын 20-августу | Региондордо социалдык объекттер БОБЛ менен камсыздалды | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
15 | Архив документтерин санарип түргө өткөрүү | Архивдик документтерди этабы менен санариптештирүү боюнча ишти уюштуруу. Биринчи кезекте санариптештирүүнү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес түзүмдөрдүн муктаждыктары үчүн кыйла актуалдуу маалыматтардан, атап айтканда адистештирилген техникалык жана программалык каражаттардын комплексин колдонуу менен жарандар жөнүндө (саламаттык сактоо, билим берүү, пенсия менен камсыз кылуу, укук коргоо системасы жана башкалар жаатындагы) маалыматтардан баштоо керек | 2027-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Бардык архив документтери/ маалыматтары санариптештирилди жана электрондук форматка өткөрүлдү | CM, БИМ, ИИМ, СФ, ТИМ, ЭКМ, СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
16 | Мамлекеттик санариптик архивди түзүү | Мамлекеттик санариптик архив концепциясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорлорун бекитүүгө киргизүү | 2025-жылдын 1-августу | Архивдик маалыматтарды сактоо үчүн Мамлекеттик санариптик архив түзүлдү | СӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
"Архивдик маалымкаттар" АМС маалыматтык системасын түзүү | 2025-жылдын 1-декабры | Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтердин сакталышы камсыз кылынды. Архив мекемелери тарабынан мамлекеттик кызматтарды "Архивдик маалымкаттар" АМС аркылуу автоматташтырылган режимде көрсөтүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | |||
"Мамлекеттик санариптик архив" АМСти жана "Электрондук тизме" модулун Электрондук жүгүртүүнүн мамлекеттик порталына киргизүү | 2025-жылдын 1-декабры | Арыз ээлерине Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун электрондук документтерине борборлоштурулган эсепке алынуусу жана жетүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынды | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | |||
17 | Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү (ММУИ) | Мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүнүн геопорталына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн паспорттун долбоорун жана техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31 -декабры | ММУИ боюнча мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүнүн Геопорталынын паспорту жана техникалык тапшырмасы түзүлдү | ЖРКГКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
ММУИ web-порталын иштеп чыгуу жана модификациялоо | 2025-2026-жылдар | ММУИ порталы модификацияланды | ЖРКГКМА | Санариптик экономикага каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, жергиликтүү бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Мейкиндик маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу стандарттарын жана эрежелерин белгилөөчү, ошондой эле бул маалыматтардын сапатына жана тактыгына талаптарды аныктоочу ченемдик документтерди иштеп чыгуу | 2024-2025-жылдар | ЧУА, техникалык регламенттер, стандарттар жана башкалар иштелип чыкты | ЖРКГКМА, Кыргызстандарт | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Базалык катмарларга, графикалык, картографиялык сервистерге, растрдык сүрөттөрдүн банктарына, карталарга, кадастрларга, даректик регистрге, геометамаалыматтарга кирүү мүмкүндүгүн берүүчү геомаалыматтык порталды ишке киргизүү | 2025-2028-жылдар | ММУИнин модификацияланган геомаалыматтык порталы ишке киргизилди | ЖРКГКМА, ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Бардык министрликтерде жана ведомстволордо, ЖӨБ органдарында санариптик тематикалык мейкиндик маалыматтарын түзүү жана аларды ММУИнин геопорталына жайгаштыруу | 2025-2028-жылдар | Мейкиндик маалыматтарынын санариптик тематикалык катмарлары түзүлдү | ЖРКГКМА, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Глобалдык навигациялык спутник системасынын (ГНСС) базалык станцияларынын тармагын кеңейтүү | 2024-2028-жылдар | Кыргыз Республикасынын аймагын ГНСС сигналдары менен толук камтуу | ЖРКГКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
"ГНСС базалык станцияларын тейлөө боюнча биллинг системасы" АМСин иштеп чыгуу | 2024-2025-жылдар | Базалык станциялардан сапаттуу жана так маалыматтарды берүү үчүн колдонула турган биллинг системасы иштелип чыкты | ЖРКГКМА | Санариптик экономикага каралган республикалык бюджеттин каражаттары, жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары | ||
4. Тармактар боюнча стратегиялык санариптик демилгелер | ||||||
4.1. Санариптик саламаттык сактоо | ||||||
18 | Интеграцияланган санариптик медициналык картаны (ИСМК) киргизүү | Пациенттин идентификациялык маалыматтарын, саламаттык сактоо уюмдарына баруу тарыхын, оорунун тарыхын, берилген дарылоону жана көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды, анализдердин жана медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, аллергия, эмдөө жөнүндө маалыматты, дарылоону жүзөгө ашырган дарыгерлердин маалыматтарын, бейтаптын медициналык камсыздандыруусу жөнүндө маалыматтарды, дарылоого жана медициналык процедураларга макулдугун жана уруксатын камтыган ИСМКны иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | ИСМК ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
19 | Саламаттык сактоонун амбулаториялык уюмдарынын ишин автоматташтыруу | Төмөнкү модулдардан турган "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" маалымат системасын масштабдоо: дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу, электрондук амбулатордук карта, электрондук рецепт, жолдомо/кайра багыттоо, катталган калк, эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчасы | 2024-жылдын 31-декабры | "Бейтаптын санариптик амбулаториялык картасы" маалыматтык системасы баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
20 | Саламаттык сактоонун стационардык уюмдарынын ишин автоматташтыруу | Төмөнкү модулдардан турган "Бейтаптын санариптик стационардык картасы" маалымат системасын масштабдоо: оорунун тарыхы, эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчасы, жолдомо/кайра багыттоо, алмашуу картасы жана "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" менен интеграцияланган маалымат системасы | 2025-жылдын 20-декабры | "Оорунун санариптик тарыхы" маалыматтык системасы республиканын бардык стационардык саламаттык сактоо уюмдарына киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
21 | Бирдиктүү медициналык маалымат системасынын өзөгүн түзүү | Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана жеке секторлорунун ортосунда маалымат алмашуу процессин жөнгө салууга багытталган локалдуу/ ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Саламаттык сактоонун ар кандай секторлорунун ортосунда маалымат алмашуу жол-жобосун, көлөмүн жана эселүүлүгүн жөнгө салуучу ЧУАлар бекитилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Саламаттык сактоонун жеке уюмдарынын маалыматтык системалары, СФ, ММКФ менен маалымат алмашуу протоколун иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Бейтаптарга "Ден соолуктун санариптик профили" маалыматтык системасы аркылуу менчигинин түрүнө карабастан салам аттык сактоо уюмдары тарабынан киргизилген медициналык маалыматтарына берилген жеткиликтүүлүк | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
22 | Бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүү | Бейтаптардын борборлоштурулган эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | Бейтаптарды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
23 | Медицина кызматкерлеринин реестрин түзүү | Медициналык кызматкерлердин борборлоштурулган эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Медициналык персоналды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы иштелип чыкты: базалык идентификациялык жана квалификациялык маалыматтар, стажы, кызмат орду ж.б. | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
24 | Квалификацияны жогорулатуу программалары жөнундө маалыматтарды чогултуу процессин автоматташтыруу | Медициналык кадрлардын маалыматтар базасы менен интеграцияланган медициналык кадрларга кошумча билим берүүнү эсепке алуу боюнча маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | Медициналык кадрлардын кошумча билими жөнүндө маалыматтар ССМдин медициналык кадрлардын бирдиктүү маалымат базасына келип түшөт | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
25 | Медициналык кадрлардын санариптик көндүмдөрүн жана компетенцияларын жогорулатуу | Орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерин, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп жаткан медициналык кадрларды санариптик көндүмдөргө окутуу боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | Медициналык кызматчылардын санариптик көндүмдөрүн жана компетенцияларын жогорулатуу боюнча окуу программалары ишке киргизилди | БИМ, ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
26 | Саламаттык сактоо уюмдары менен ММКФ ортосунда финансылык эсептешүүлөр процессин автоматташтыруу | Камсыздандырылган жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Камсыздандыруунун статусу боюнча санариптик медициналык картага интетрацияланган камсыздандырылган жарандардын бирдиктүү реестри түзүлдү. Камсыздандыруунун статусун тактоо үчүн салык кызматтары, пенсиялык фонд, жарандык абалдын актыларын каттоо органдары менен интеграцияланды. ММКФ электрондук полиси Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
"Дарыланган учур" маалымат системасын "Бейтаптын санариптик стационардык картасы" маалымат системасы менен интеграциялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Көрсөтүлгөн кызматтардын ордун толтуруу жөнүндө маалыматтарды автоматташтырылган эсепке алууну камсыздоочу маалыматтык система ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
"Катталган калк" маалымат системасын мамлекеттик органдардын маалымат системалары менен интеграциялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Бейтаптардын камсыздандырылгандыгынын статусун эсепке алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык система ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
"Катталган калк" маалымат базасынын негизинде БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин автоматтык түрдө түзүү боюнча маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-июну | БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү маалыматтык система аркылуу жүзөгө ашырылууда | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттөө системасына финансылык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Төлөмдөрдүн тууралыгына жана өз убагында төлөнүшүнө контролдоону жана финансылык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчеттордун жарыяланышын камсыз кылуучу маалыматтык система иштелип чыкты | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
27 | Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоого арыздарды берүү процессин автоматташтыруу | "Саламаттык сактоо чөйрөсүндө лицензиялык-уруксат берүү иши" маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-сентябры | Медициналык/фармацевттик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга арыздарды берүү маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
28 | Медициналык маалымат системаларынан статистикалык маалыматтарды чогултууну автоматташтыруу | Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынан түшүрүлүүчү отчеттук формаларды иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Статистикалык отчеттук формаларды автоматташтырылган чогултууга жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берген санариптик инструмент иштелип чыкты | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
29 | Аралыктан консультация берүү инструментин түзүү | Медициналык сүрөттөрдү берүү жана архивдөө боюнча маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-июну | Саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда медициналык сүрөттөрдү алмашуу маалымат системалары аркылуу аралыктан жүргүзүлүүдө | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Медициналык кызматкерлердин медициналык сүрөттөр боюнча корутундуларын эсепке алуунун модулун иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Медициналык сүрөттөргө медициналык кызматкерлердин корутундуларын эсепке алуу маалыматтык система аркылуу ишке ашырылууда | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдериндеги медициналык адистердин ортосунда телемедициналык консультация алууну камсыз кылуучу санариптик инструментти иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-марты | Медицина кызматкерлеринин ортосунда аралыктан консультация өткөрүүгө мүмкүндүк берген санариптик инструмент ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
30 | ДК жана МБ кыймылын башкаруу процессин автоматташтыруу | ДК жана көзөмөл жүргүзүүнү электрондук башкарууну ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | "Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" МС ишке ашыруунун кийинки этабы ишке киргизилди: - санариптик маркалоонун негизинде ДК көзөмөлдөө системасы; - саламаттык сактоо уюмдарында запастарга мониторинг жүргүзүү системасын ишке ашыруу; - ДК жана МБ каттоо боюнча модуль; - электрондук документ жүгүртүү; - ЕАЭБдин маалыматтарынын маалыматтык базалары менен интеграциялоо. Санариптик маркалоонун негизинде МБны көзөмөлдөө системасынын пилоттук долбоору иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
ДК жана МБ ЭМБ МС аркылуу бааларды жөнгө салуу механизмдерин ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | ДК баасын жөнгө салуу механизмин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү методикасы бекитилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Медицина буюмдарынын айрым түрлөрү үчүн өнөр жай режиминде көзөмөл жүргүзүү системасын ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Өлкөгө ташып киргизүүдөн бейтапка чейин МБ айрым түрлөрү үчүн өнөр жай режиминде көзөмөл жүргүзүү системасы ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
31 | Жарандардын дайындалган ДК жөнүндө маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу | Бейтапка дайындалган ДК жөнүндө маалымат берүү боюнча "Түндүк" ЭВӨС менен интеграциялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Жарандар "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу дайындалган ДК тууралуу билдирүүлөрдү алышууда | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
32 | ДК жана көзөмөл жүргүзүүнү электрондук башкарууну ишке киргизүү | ДК жана МБ запастарын эсепке алуу боюнча системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-марты | Саламаттык сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө карабастан ДК жана МБ ЭМБ МС менен интеграцияланган дары-ДК жана МБ эсепке алуу боюнча маалыматтар базасы ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
33 | ДК жөнүндө дарыкана тармактарынын маалыматтарына калктын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | Дарыкана тармактарында ДК бар экендиги жөнүндө маалыматка калктын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча санариптик чечимди иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-марты | Мобилдик тиркеме аркылуу чекене баалар жөнүндө, ошондой эле дарыканаларда ДК бар экендиги жөнүндө маалыматка калктын эркин жетүүсү камсыз кылынды | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
34 | БМнын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү | Онлайн режиминде билдирмелерди толтуруу менен МБ сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | МБ сапатына жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча МС ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
35 | ЖИ колдонуу менен ДК жана МБ ЭМБ МС өркүндөтүү | ДК жана МБ ЭМБ МС башкаруунун ЖИ алгоритмдерин иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-сентябры | ДК жана МБ ЭМБ МСте ЖИ мүмкүнчүлүктөрүнүн жардамы менен маалыматтарды иштеп чыгуу алгоритми ишке киргизилди | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу пилоттук режимде маалыматтарды талдоо инструментин киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||||
36 | Материалдык-техникалык базаны башкаруу | Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын башкаруу боюнча шарттарды түзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Материалдык-техникалык базаны башкаруу камсыз кылынды: ооруканалардын ишине, оорукананын дары-дармектерди жана запастарды башкаруусуна мониторинг жүргүзүү | ССМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.2. Санариптик билим берүү | ||||||
37 | ББМС жеткире иштеп чыгуу | Бүткүл билим берүү системасынын натыйжалуулугун талдоо жана баалоо | 2024-жылдын 31-декабры | Талдоонун жана баалоонун жыйынтыгында ББМСти модернизациялоо боюнча тиешелүү сунуштар киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
ББМСте окуучуларды окутуунун жыйынтыктары менен кабыл алынган чаралардын өз ара байланышынын автоматташтырылган аналитикасын, санариптик кийлигишүүлөрдүн таасирин өлчөөнү камтыган модернизациялоону жүргүзүү. Маалыматтар саясий чечимдерге таасир этип, жакшыртуучу жаатты аныктоосу жана билим берүү секторундагы отчеттуулукту камсыз кылышы керек | 2024-жылдын 31-декабры | ББМСтин модернизацияланган версиясы иштеп жатат | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
38 | ББМСти "Түндүк" ЭВӨС аркылуу жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү боюнча интеграциялоо | "Маалымкаттар" жаңы модулун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 25-январы | ББМС "Түндүк" ЭВӨС аркылуу интеграцияланды, маалымкаттар бардык мектептерге, бала бакчаларга, ЖОЖдорго, КООЖдорго, бейөкмөт уюмдарга жеткиликтүү болот | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
39 | Колдонуучуларга БИМ менен байланышкан бардык маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | БИМдин бардык маалыматтык системалары үчүн "Бирдиктүү кирүү чекити" модулун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 1-марты | Колдонуучуларга бир гана эсепке алуу жазуусун жана бир сыр сөздү колдонуу менен БИМ менен байланышкан бардык маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
40 | Жеке бакчаларды жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен ачуу үчүн жеке ишкерлерди онлайн каттоону камсыз кылуу | "Акселератор" модулун түзүү | 2025-жылдын 1-январы | Жеке ишкерлерди жөнөкөйлөтүлгөн метод боюнча менчик бала бакчаларын ачуу үчүн каттоого алган программалык камсыз-доо ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
41 | Туура жазуу жана грамматика көндүмдөрүн үйрөтүү жана өркүндөтүү куралын киргизүү | "Санариптик жат жазуу" модулун түзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Жат жазуунун жүрүшүн онлайн өткөрүүгө жана натыйжаларын текшерүүнү автоматташтырууга, туура жазууну практикада көрсөтүүгө, билим деңгээлин баалоого, экзамендерге даярдоого, чет тилдерди окутууга, окуу процессине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоо ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
42 | Билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин финансылык операциялары, бюджети жана чыгымдары жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Жалпы билим берүү уюмдарынын өтүнмөлөрү (муктаждыктары) боюнча модулду иштеп чыгуу | 2025-жылдын 1-майы | Чүпүрөк, самын, боек, жабдуулар, жана башкалар сыяктуу керектүү материалдарга жана ресурстарга суроо-талаптарды берүү жана иштеп чыгуу процессин жакшыртууга жардам берүүчү билим берүү уюмдары үчүн муктаждыктар боюнча борборлоштурулган өтүнмө модулу ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
43 | Балдарды мектепке жана бала бакчага кабыл алуу процессин автоматташтыруу | "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезекти ишке киргизүү" модулун жеткире иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Мектепке чейинки билим берүү уюмунда ар бир баланын мектепке чейинки билим алуусунун бирдей укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынды | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
44 | БИМдин архивдик маалыматтар базасын түзүү | Билим берүү уюмдарынын жана ишканаларынын маалыматтарды сактоо модулун иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Маалыматтарды сактоо модулу иштелип чыккан жана ишке киргизилген, ал "ЖОЖдорго, ОКОЖдорго жана БКББ билим берүүчү уюмдарда онлайн кабыл алуу" МС жана БКББ билим берүүчү уюмдардын маалыматтык башкаруу системасы менен интеграцияланды. Архивдик маалыматтарга, статистикага, отчетторго жана башка маалыматтарга жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
45 | "Электрондук мектеп" маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу | "Электрондук мектеп" маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Төмөнкүлөр боюнча функциялар камсыз кылынды: - класстар жана мугалимдер боюнча сааттардын берилишин иштеп чыгуу жана редакциялоо; - электрондук автоматташтырылган ырааттама; - ийримдердин жана факультативдердин ырааттамасы; - бир жума ичиндеги ырааттаманы көчүрүү жана редакциялоо; - ырааттамадагы сабактарды массалык түрдө которуу; - ырааттаманы басып чыгаруу; - ырааттаманын мобилдик түрү; - мугалимдин сабактарын алмаштыруу; - журналдарды чейрек же бүтүндөй окуу жылы үчүн карап көрүү жана басып чыгаруу; - журналдын ар кандай талааларын роль боюнча толтуруу; - журнал жүргүзүү боюнча сын пикирлерди толтуруу; - администрация же класс жетекчиси тарабынан класстардын тизмесин редакциялоо жана класстарды жөндөө; - колдонуучунун профилине документтерди кошуу; - академиялык мөөнөттөр боюнча класстарда окуучулардын кыймылын кароо жана редакциялоо; - кыймыл боюнча отчет түзүү; - аралыктан иштөөчү окуучуларды жана кызматкерлерди карап көрүү жана калыбына келтирүү үчүн "Архив" бөлүмү; - журнал менен иштөө, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин активдүүлүгүн карап чыгуу жана күндөлүк отчет; - мугалимдердин КТПны толтуруусун жана макулдашууну карап чыгуу жана күн сайын отчет берүү; - үйдө окутуу боюнча журнал жүргүзүү; - мектепке келгендерди карап чыгуу; - тамактануу боюнча ырааттаманы толтуруу; - класстар, кызматкерлер жана ата-энелер боюнча кулактандыруулар; - даяр отчеттор; - окуу үчүн электрондук китептерди карап көрүү жана кошуу; - жардам жана видео көрсөтмөлөр; - ролдордун ортосунда которулуу; - мектептин сайты; - класстардын, мугалимдердин, окуучулардын ж.б. толук профилдери; - кабинеттерди башкаруу; - баалардын түрлөрү жана алар боюнча отчеттор; - окуу сменасындагы ийкемдүү жөнгө салуулар; - коңгуроо кагуунун ийкемдүү жөнгө салуулары; - окуу күндөрүнүн ийкемдүү жөнгө салуулары | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Мектеп мугалимдеринин модулун иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Модуль жеткире иштелип чыкты, атап айтканда: - журналдарды чейрек боюнча мобилдик жана таблица түрүндө карап чыгуу жана редакциялоо; - комментарий менен баа коюу жана бааларды чексиз санда коюу мүмкүнчүлүктөрү; - төмөнкү класстар үчүн баа койбоо системасы; - тесттерди түзүү жана дайындоо; - сабактар боюнча пландаштыруу; - кеңейтилген маалыматтар; - онлайн сабак өткөрүү; - темаларды көчүрүү мүмкүнчүлүгү; - жалпыга жеткиликтүү темалар; - жалпы мектептин ырааттамасын карап чыгуу; - даяр отчеттор; - окуу үчүн электрондук китептерди карап көрүү жана кошуу; - жардам жана видео нускамалар; - келбей калуунун себебин жана кечигүү убактысын көрсөтүү; - өзүнүн классын башкаруу; - кулактандырууларды түзүү; - башка кызматкерлер, ата-энелер жана окуучулар менен кат алышуу; - физикалык көрсөткүчтөрдү коюу; - медициналык маалыматтарды кошуу | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Окуучулар жана ата-энелер үчүн модуль иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Төмөнкүлөр боюнча функциялар камсыз кылынды: - сабактардын ырааттамасын карап чыгуу; - ар бир сабактын мазмунун карап көрүү; - тесттерден өтүү; - окуучунун күндөлүгүн карап чыгуу; - өзүнүн классын карап көрүү; - бир эле ата-эненин бир нече баласынын күндөлүгүн карап көрүү; - чейрек боюнча орточо бааны эсептеп чыгуу; - окутуучу менен болгон кайра байланыш; - каалаган өтүп кеткен сабагына кайтуу мүмкүнчүлүгү; - ар бир сабак боюнча жеке чат; - өз балдарын башкара билүү; - жардамдар жана нускамалар | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Райондук администраторлор үчүн модуль иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Төмөнкүлөр боюнча функциялар камсыз кылынды: - мектептердин тизмесин карап көрүү; - ар бир мектеп боюнча отчетту карап чыгуу; - мектеп боюнча маалыматтарды карап чыгуу (редакциялоо мүмкүнчүлүгүсүз); - социалдык статусу боюнча балдардын тизмесин карап керүү; - окуучулардын рейтингин карап көрүү мүмкүнчүлүгү; - сабакка катышуу боюнча маалыматтар (мектептер боюнча); - сабакка жетишүү боюнча маалыматтар (мектептер боюнча); - журнал менен иштөө (мектептер боюнча) | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
46 | Мектепке чейинки, мектеп жашындагы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү системаларындагы бардык окуучулардын реестрин түзүү | Сабакка жетишүү боюнча статистиканы түзүү, интеграциялоо ж.б. мүмкүнчүлүктөрү менен окуучулар жөнүндө, алардын баалары тууралуу маалыматтарды чогултууну караган "Бардык окуучулардын реестри" АМСин иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | "Бардык окуучулардын реестри" АМСи иштеп жатат | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
47 | Мугалимдердин жана окутуучулардын бирдиктүү реестрин түзүү | Билим берүү системасында кадрларды жана кадрдык потенциалды башкаруу боюнча АМСти иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-сентябры | Билим берүү системасында кадрларды жана кадрдык потенциалды башкаруу боюнча АМС иштейт | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
48 | Мугалимдер менен окутуучулардын бош орундары боюнча бирдиктүү порталды түзүү | Улуттук педагогикалык кадрлар резерви маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Райондор, калктуу пункттар жана мектептер боюнча бош орундардын бирдиктүү порталы түзүлдү, ал педагогикалык персонал жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде алардын квалификациясын, тажрыйбасын, окутуу курстарын жана кесиптик өнүгүүсүн башкарууга, кадрдык ресурстарды пландаштырууга, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн, алардын квалификацияны жогорулатуу семинарларына, тренингдерине жана курстарына катышуусун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
49 | Педагогдордун кесипкөйлүк сапаттарына жана компетенцияларына баа берүү | Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерин аттестациялоо боюнча модулду (квалификациялык категорияларды) иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Матрицалык штрих коддорду камтыган QR-коду менен квалификациялык категорияны ыйгаруу жөнүндө электрондук сертификат ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-июну | Жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңешинин, илимий-изилдөө институттарынын, диссертациялык кеңештердин, ошондой эле эксперттик кеңештердин ортосунда маалыматтарды алмашуу жолу менен илим изилдөө темасы бекитилгенден баштап диплом же аттестат алганга чейин окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн толук басып өткөн жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоо иштелип чыккан | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
50 | Билим берүү мекемелеринин реестрин түзүү | Каржылоонун бардык деңгээлдериндеги (мамлекеттик жана жеке менчик) билим берүү мекемелеринин маалымат базасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Билим берүү мекемелеринин бардык деңгээлдеги маалымат базалары иштелип чыкты | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Жалпы билим берүүчү уюмдардын инфратүзүмү боюнча модулду иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Веб-багытталган "Мектеп инфратүзүмү" платформасы түзүлдү, анда билим берүү уюмдарынын инфратүзүмүнүн абалы, анын ичинде билим берүү мекемелеринин имаратынын конструкциялык элементтеринин (пайдубалы, дубалы, жабуу ж.б.) техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды топтоо жана эсепке алуу, оргтехниканын, компьютердин саны, интернеттин ылдамдыгы, көмүр менен камсыз болушу жана башкалар боюнча маалыматтар камтылган | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Билим берүү уюмдарында тамактанууну эсепке алуу модулун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 1-майы | Азыктардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу, окуучулардын керектөөлөрүн жана тамак-аш ченемдерин эске алуу менен меню түзүү, ар бир окуучунун жеке тамактануу өзгөчөлүктөрүн (мисалы, аллергиянын бар экендигин) эске алуу менен тамактануунун ар кандай режимдерин (акысыз, жеңилдетилген, акы төлөнүүчү) колдоо автоматташтырылган, азыктардын жарактуулук мөөнөтүн жана алардын сапатынын белгиленген стандарттарга шайкештигин контролдоо функциясы ишке ашырылган, тамак-ашка кеткен чыгымдардын эсеби жүргүзүлөт жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу чыгымдалышын талдоо үчүн отчеттор түзүлөт. Модуль башка системалар менен интеграцияланган, мисалы, электрондук журнал системасы, бул окуучулардын катышуусу жана алардын тамактануусу боюнча маалыматтарды синхрондоштурууга мүмкүндүк берет | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
51 | Окуучулардын жана окутуучулардын эсебин автоматташтыруу, ошондой эле КООЖдор, БКББ билим берүүчү уюмдар системасында катышууну эсепке алуу | КООЖдор, БКББ билим берүүчү уюмдар системасында "Электрондук журнал" модулун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 1-октябры | Коррупцияга каршы иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана мөөнөттөрдүн сакталышын камсыз кылуу үчүн эскертүүлөрдүн жана билдирмелердин системасын кошо алган, коррупцияга каршы көрүлгөн чаралар жана алардын натыйжалары жөнүндө отчетторду берүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
52 | Санариптик китепкананы түзүү | Бардык окуу китептеринин жана окуу материалдарынын бирдиктүү санариптик китепканасын түзүү, алар окуучулар онлайн форматта жүктөп алуусу үчүн жеткиликтүү жана мугалимдер эркин кирип толуктап иштеп чыгуусу үчүн жеткиликтүү болушу керек | 2026-жылдын 20-декабры | Бардык окуу китептеринин жана окуу материалдарынын санариптик китепканасы иштейт | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
53 | Санариптик күбөлүктөрдү жана санариптик дипломдорду түзүү жана сактоо | Санариптик аттестаттарды жана санариптик дипломдорду түзүү жана сактоо боюнча маалымат базасын камтыган "санариптик аттестат жана диплом" маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Санариптик аттестаттардын жана дипломдордун маалымат базасын камтыган маалыматтык система иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Системага кирүү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу камсыз кылынат | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
54 | Санариптик мектепти түзүү | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн "Санариптик онлайн мектеп" пилотун ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн "Санариптик онлайн мектеп" пилоттук долбоору ишке киргизилди | БИМ, ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн "Санариптик онлайн мектеп" гибриддик үзгүлтүксүз билим берүү системасын ишке киргизүү | 2025-жылдын 1-декабры | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн "Санариптик онлайн мектеп" гибриддик үзгүлтүксүз билим берүү системасы ишке киргизилди | БИМ, ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
55 | Мектептерде санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча санариптик билим берүү платформасы | Мектеп окуучулары үчүн санариптик көндүмдөргө окутуучу программаны иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Өзүнө санариптик гигиена, электрондук почтаны пайдалануу көндүмдөрүн, мамлекеттик кызматтарды, базалык кеңселик программаларды камтыган программа бекитилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Программага ылайык окууларды өткөрүү | Дайыма | Программага ылайык окутуулар жүргүзүлүүдө | ||||
56 | "Кыргыз илимий цитаталар индекси" (КИЦИ) библиографиялык базасын түзүү | Кыргыз окумуштууларынын илимий басылмаларынын библиографиялык маалымат базасын жана илимий макалалардын цитаталоо индексин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | КИЦИ системасы - илимий басылмаларды жана цитаталоону индексациялоо, ошондой эле илимий журналдардын илимий активдүүлүгүн жана рейтингин баалоо үчүн маалыматтар базасы иштелип чыкты | УАК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
57 | Илимий журнал платформасын түзүү | Илимий макалаларды натыйжалуу башкаруу жана жарыялоо үчүн веб-платформаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, бул макалаларды рецензиялоонун, редакциялоонун жана жарыялоонун автоматташтырылган процессин камсыз кылат | 2025-жылдын 20-декабры | Илимий макалаларды натыйжалуу башкаруу жана жарыялоо үчүн веб-платформа ишке киргизилди | УАК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
58 | Илимий кадрлар архивин түзүү | Илимий кадрлар, алардын эмгектери, жетишкендиктери жана академиялык карьерасы жөнүндө маалыматты сактоо үчүн электрондук архив түзүү | 2025-жылдын 20-декабры | Илимий кадрлар, алардын эмгектери, жетишкендиктери жана академиялык карьерасы тууралуу маалыматтарды сактоо үчүн электрондук архив түзүлдү | УАК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.3. Социалдык төлөмдөрдү санариптештирүү | ||||||
59 | Бирдиктүү социалдык камсыздоо системасын (БСКС) түзүү | Керектүү документтерди жүктөө жана социалдык кызматтарга жеке барууларды жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен социалдык жардам алууга онлайн катталуунун жана арыздарды берүүнүн бирдиктүү санариптик платформасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Бардык алуучулар үчүн арыздардын статусун жана жеңилдиктер менен төлөмдөрдүн тарыхын онлайн-кароо мүмкүнчүлүгүндөгү социалдык жардамды алуу боюнча бирдиктүү санариптик платформа иштеп жатат | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
БСКС системасын башка мамлекеттик системалар менен интеграциялоо | 2026-жылдын 20-июну | БСКС системасы башка мамлекеттик системалар менен интеграцияланды | ЭСКММ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Социалдык төлөмдөрдү накталай эмес которуу системасын камсыздоо | 2025-жылдын 20-декабры | Социалдык төлөмдөрдү накталай эмес формада алуу системасы ишке киргизилди. Накталай эмес которуу системасы үчүн банк мекемелерин этап-этабы менен интеграциялоо камсыз кылынды | ЭСКММ, ФМ, СФ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Тренддерди аныктоо, программаларды оптималдаштыруу жана муктаж болгондор үчүн колдоону жакшыртуу максатында калктын корголбогон катмары жөнүндө маалыматтарды талдоо, каражаттарды төлөө жана бөлүштүрүү, социалдык жөлөкпулдарды жана төлөмдөрдү алуучулардын демографиялык көрсөткүчтөрү боюнча системаны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Калктын корголбогон катмары жөнүндө маалыматтарды талдоо боюнча система ишке киргизилди | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Колдонуудагы веб-сайттарга жана мобилдик тиркемелерге (уюлдук операторлорго, банктарга ж.б.) социалдык коргоо боюнча кызматтарды, анын ичинде төлөмдөрдүн статусун, өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүлөрдү, смартфон ж.б. аркылуу арыздарды жана документтерди жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү боюнча кызматтарды ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Колдонуудагы веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде социалдык коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүү ишке киргизилди | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
60 | Электрондук социалдык күбөлөндүрүүнү ишке киргизүү | Электрондук социалдык күбөлөндүрүү системасын ишке киргизүү, анда социалдык жеңилдиктер, майыптык, балдарга жөлөкпул жана жаран тарабынан алынган башка төлөмдөр катталат | 2025-жылдын 20-декабры | Электрондук социалдык күбөлөндүрүү ишке киргизилди | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
61 | Маалыматтык кампанияны өткөрүү | Жарандарга социалдык төлөмдөр системасын түшүнүүгө жана бардык зарыл документтерди туура тариздөөгө жардам берүүчү маалыматтык видеороликтерди, нускамаларды жана чат-ботторду түзүү | Дайыма, жарым жылда бир жолудан кем эмес | Маалыматтык кампания өткөрүлдү жана социалдык төлөмдөрдү алуу боюнча консультациялар камсыздалды | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.4. Эмгекти жана жумушка орноштурууну санариптештирүү | ||||||
62 | Бирдиктүү эмгек рыногу системасын (БЭРС) өнүктүрүү | Жумуш издөөчүлөргө бош жумуш орундарын табууга жана онлайн режиминде жумушка орношууга/ жумушсуз статусун алууга жана жумуш берүүчүлөргө жумуш орундарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү БЭРСти модернизациялоо | 2025-жылдын 20-декабры | Онлайн режиминде жумушка орношуу/жумушсуз статусун алуу жана жумуш берүүчүлөргө бош жумуш орундарын жайгаштыруу үчүн БЭРС модернизацияланды | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
БЭРСти төмөнкүлөр менен интеграциялоо: - жумуш издөө жана жаңы кызматкерлер, анын ичинде жаңы жумуш орундары тууралуу билдирүүлөр, туура келген резюмелер ж.б. боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү үчүн колдонуудагы веб-сайттар жана мобилдик тиркемелер (уюлдук операторлор, банктар ж.б.) менен; - дипломдорду, сертификаттарды жана башкаларды текшерүү жана тастыктоо мүмкүнчүлүгү менен тез жумушка орношуу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн жана адистиктердин маалыматтарын автоматташтырылган түрдө бөлүшүү үчүн билим берүү мекемелеринин сайттары менен интеграциялоо | 2026-жылдын 20-марты | Тиешелүү интеграциялоолор жүргүзүлдү жана маалымат алмашууну автоматташтыруу камсыздалды | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
63 | Санариптик эмгек келишимдерин ишке киргизүү | Маалыматтарды салык жана пенсия органдарына автоматтык түрдө жиберүү менен санариптик эмгек келишимдерин онлайн даярдоо, кол коюу жана каттоо боюнча системаны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | Маалыматтарды салык жана пенсия органдарына автоматтык түрдө жиберүү менен санариптик эмгек келишимдерин онлайн даярдоо, кол коюу жана каттоо боюнча система иштеп жатат | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
64 | Эмгек рыногун талдоону автоматташтыруу | zanyatost.kg порталында эмгек рыногун талдоо процессин автоматташтыруу. Маалыматтар БЭРСтен интеграцияланууга тийиш жана кадрларга болгон муктаждыкты болжолдоо, кайсы кесиптер жетишсиз жана ашыкча экенин талдоо, ар кандай адистиктерге суроо-талаптар боюнча билим берүү мекемелери үчүн сунуштарды даярдоону өзүнө камтышы керек | 2026-жылдын 20-сентябры | Эмгек рыногун талдоо процесси автоматташтырылды | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин портфолиосунда сын-пикирлерди, рейтингдерди жана сунуштарды белгилөө, ошондой эле калкты иш менен камсыз кылуу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө жумуш издөөчүлөрдүн пикирлерин жана рейтингдерин белгилөө менен кайтарым байланыш жана ишти баалоо системасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | zanyatost.kg порталында кайтарым байланыш жана ишти баалоо системасы ишке киргизилди | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
65 | Санариптик эмгек китепчесин ишке киргизүү | Ар кандай мамлекеттик сервистер жана коммерциялык уюмдар менен интеграцияланган санариптик эмгек китепчесин ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-сентябры | Санариптик эмгек китепчеси ишке киргизилди | ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.5. Айыл чарбасын санариптештирүү | ||||||
66 | Айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүү | Себилүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү, кыртыштын мүнөздөмөлөрү боюнча айыл чарба жерлеринин санариптик карталарын, сугат жана ирригациялык системалардын карталарын (суунун жеткиликтүүлүгү, сугат схемалары), рыноктордун жана логистиканын карталарын түзүү. Геомаалыматтык системанын платформалары, космостук сүрөттөр менен интеграциялоо | 2025-жылдын 20-сентябры | Жер участокторун оптималдуу пландоону жана пайдаланууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттар камсыз кылынды | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Продукцияны сатууга чейинки багытты тандоону пландаштыруу үчүн маалыматтарды так эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана талдоо максатында участоктогу айдоолордун түрлөрү, жер семирткичтер жана пестициддер жөнүндө маалыматтарды камтыган айыл чарба участокторунун санариптик реестрлерин түзүү | 2025-жылдын 20-декабры | Айыл чарба участокторунун санариптик реестри түзүлдү | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Талаалардын абалын контролдоого, сугаруу жана түшүм жыйноо үчүн оптималдуу учурларды аныктоого, ошондой эле зыянкечтер менен илдеттердин бар экендигин өз убагында маалымдоого жардам берүүчү айыл чарба дрондору менен спутниктик байкоо системаларын сатып алуу жана колдонуу | 2026-жылдын 20-декабры | Талаалардын абалын контролдоого, сугаруу жана түшүм жыйноо үчүн оптималдуу учурларды аныктоого, ошондой эле зыянкечтер менен илдеттердин бар экендигин өз убагында маалымдоого жардам берүүчү айыл чарба дрондору менен спутниктик байкоо системалары сатылып алынды жана колдонулууда | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
67 | Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү (маалымат базасы) | Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарынын маалымат базасы менен интеграцияланган жайыттар жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Оптималдуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу максатында инструменттердин чектелген топтому болгон учурда маалыматтарды топтоонун жөнөкөй методдорун колдонуу менен жергиликтүү деңгээлде жайыттардын абалына байкоо жүргүзүү жана баа берүү камсыз кылынды | САЧКӨМ | Бул долбоор эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коом тарабынан каржыланат (GIZ) |
68 | Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү системасын өнүктүрүү | Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын (ЖИКС) базасында жаныбарлардан алынуучу азыктарды көзөмөлдөө боюнча маалыматтык системаны модернизациялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Айыл чарба жаныбарларын эсепке алуу жана жаныбарлардан алынган продукцияны көзөмөлдөө системасы ишке киргизилген. Жаныбарлардан алынуучу азыктарды, анын ичинде импортту көзөмөлдөөнүн өзүнчө маалыматтык системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Персоналды окутуу жана маалыматтык системанын ишин бир жыл ичинде ишке киргизгенден кийин коштоо | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Мобилдик тиркеме аркылуу ЖИКС МСте майда жандыктарды идентификациялоо үчүн модулду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Майда жандыктар (кой жана эчки) идентификацияланды | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
ЖИКСте сүт жана сүт азыктарынын кыймылын контролдоо боюнча модулду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Сүт жана сүт азыктарын көзөмөлдөө камсыздалды | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Мал чарба фермалары, өсүмдүк чарбалары үчүн санариптик сервистерди түзүү, онлайн Айыл чарба маркетплейстерин, Айыл чарба продукциясын, жаныбарларды жана мал чарба продукциясын сатуу жана сатып алуу үчүн онлайн базарларды ишке киргизүү үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүккө көмөк көрсөтүү, бул бизнести кеңейтүүгө жана жаңы кардарларга жетүүгө өбөлгө түзөт | Дайыма | Реалдуу убакыт режиминде түз сатууну жеңилдетүүчү, логистикага көз салууну жана оптималдаштырууну камсыз кылган рынок жөнүндө маалымат берүүчү сервистерди киргизүүгө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү. Чакан фермерлер үчүн санариптик соода аянтчалары аркылуу рынокко карай жол кеңейтилди | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Бирдиктүү терезенин маалыматтык системасы аркылуу алып келүүгө, алып чыгууга жана транзитке уруксат берүүчү документтердин берилишин камсыздоо | 2024-жылдын 31-декабры | Электрондук форматтагы уруксат документтерин берүү камсыздалды | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
69 | Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын жүгүртүү боюнча системаны өнүктүрүү жана модернизациялоо | Санариптик (электрондук) каттоо күбөлүктөрүн, ветеринардык дары каражаттарын сыноонун сапаты жөнүндө корутундуларды жана протоколдорду "Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификаттоо" автоматташтыр ылган маалыматтык системасына киргизүү, ошондой эле "Түндүк" ЭВӨС менен интеграциялоо | 2025-жылдын 20-июну | Санариптик (электрондук) каттоо күбөлүктөрү, ветеринардык дары каражаттарын сыноонун сапаты жөнүндө корутундулар жана протоколдор ишке киргизилди, "Түндүк" ЭВӨС аркылуу маалымат алмашуу жүргүзүлүүдө | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
70 | "Экспертиза" АМСти жеткире иштеп чыгуу | "Экспертиза" АМСти толук иш режими менен пайдаланууга киргизүүнү камсыздоо | 2024-жылдын 31-декабры | Колдонуучулар (фермерлер) экспертизанын бардык кызматтарына онлайн режиминде өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
71 | Ирригациялык системаларды контролдоо боюнча АМСти иштеп чыгуу (датчиктерди колдонуу менен) | Ар кандай өсүмдүктөр үчүн сууга болгон муктаждыкты так аныктоо, суу ресурстарынын, ирригациялык жана мелиоративдик инфратүзүм объекттеринин абалын жана пайдаланылышын башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү жана жөнгө салууну камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды контролдоо боюнча АМСти (датчиктерди колдонуу менен) иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Ирригациялык системаларды контролдоо боюнча АМС иштеп жатат | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
72 | "Асыл тукум чарбалардын реестри" маалыматтык системасын модернизациялоо | Асыл тукум чарбалардын модулун, асыл тукум субъекттери картасын жеткире иштеп чыгуу жана өркүндөтүү | 2025-жылдын 20-декабры | Асыл тукум чарбасы статусун алуу үчүн фермерлерге документтерин онлайн режиминде берүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
73 | "Жасалма уруктандыруу пункттарынын (ЖУП) реестри" маалыматтык системасын модернизациялоо | ЖУП модуль-картасын жеткире иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | ЖУП бирдиктүү платформасы иштеп жатат | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
74 | "Республикалык айыл чарба маалымат системасы" (РАМС) маалыматтык системасын жаңылоо жана толуктоо | РАМС маалыматтык системасында "Жайыт Комитет", "Геомаалыматтар картасы", "Жыйынды отчеттор" бөлүмдөрүн жакшыртуу | 2026-жылдын 20-декабры | Айыл чарба системасында САЧКӨМдүн райондук башкармалыктарынан жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн статистикалык онлайн маалыматты кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү программалык продукт ишке киргизилди, ал маалыматты андан ары иштеп чыгат жана талдайт | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
75 | Айыл чарба технологиясы жаатында стартаптарды өнүктүрүүнү колдоо (AgTech) | Насаатчылык кылуу жана байланышты жолго коюу мүмкүнчүлүктөрүн берүүчү, ошондой эле жөнгө салуу процессин жөнөкөйлөтүүчү адистештирилген инкубациялык борборлорду түзүү | 2026-жылдын 20-декабры | Айыл чарба тармагындагы чакан жана орто ишкердиктин өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтырылган инновацияларды жана локалдаштырылган санариптик чечимдерди иштеп чыгууга түрткү берүүчү айыл чарба технологиялык стартаптарына колдоо көрсөтүлдү | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Фермерлер үчүн мал чарбачылыгында санариптик инструменттерди жана технологияларды колдонуу боюнча окуу курстарын уюштуруу, анын ичинде маалыматты башкаруу жана маалыматтарды талдоо, санариптик так фермердик технологияларды колдонуу, аралыктан зонддоо ыкмалары жана алардын өнүмдөрүн санариптик базарлар аркылуу илгерилетүү боюнча курстарды уюштуруу | Дайыма | Мал чарбачылыгында санариптик инструменттерди жана технологияларды колдонуу боюнча окуу курстары туруктуу негизде жүргүзүлүүдө | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
76 | Кыргыз Республикасынын Балык чарба реестрине киргизүү жана эсепке алуу үчүн көлмөлөрдү, дарыяларды жана көлдөрдү инвентаризациялоо | "Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү балык чарба реестри" маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Көлмөлөрдүн жана балык чарбаларынын балык өстүрүү, биологиялык жана ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга шайкештиги жөнүндө жеке жана юридикалык жактарга маалымдоо системасы киргизилди | САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
77 | Аккредитациялоонун бирдиктүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу | Аккредиттелген адамдардын (сыноо лабораторияларынын, инспекциялоо органдарынын) ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды топтоо жана сактоо, өтмө талдоо чакан системасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Продукциянын сапатына керектөөчүлөрдүн ишеними жогорулады, мамлекет менен бизнестин ачык өз ара аракеттенүүсү жакшырды, бул аккредиттелген адамдардын ишинде бузууларды өз убагында аныктоого тобокелдикке багытталган ыкманы колдонууга мүмкүндүк берет | САЧКӨМ, ЭКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
78 | Адал индустрияны өнүктүрүү | Кийинчерээк "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграциялануучу сертификацияланган адал продукцияларды көзөмөлдөөнүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Чийки зат, материалдар, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр жана башка жеткирүүчүлөрдөн баштап акыркы керектөөчүлөргө чейин бардык маалыматтардын агымын башкаруу боюнча интеграцияланган жана уюштурулган система катары адал продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрүн QR-код менен маркалоо аркылуу сертификацияланган продукция жөнүндө маалыматтын көзөмөлгө алынышын жана аныктыгын камсыз кылган сертификацияланган адал продукциясы үчүн көзөмөлдөөнүн маалыматтык системасы ишке киргизилди. QR-код аркылуу продукцияны маркалоо системасы керектөөчүлөргө мобилдик тиркеменин жардамы менен продукциянын жана кызматтардын аныктыгын адал статусу боюнча тез арада текшерүү үчүн смартфондун камерасынын жардамы менен QR-кодду сканерлөөгө мүмкүндүк берет | ЭКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
79 | Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү автоматташтырылган базаны түзүү | Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун жүргүзүү үчүн АМСти иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-марты | АМС жана иштелип чыккан программа жактырылды | ЭКМ, Кыргызстандарт | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
80 | Өсүмдүктөргө мониторинг жүргүзүү процессин автоматташтыруу | Өсүмдүктөргө мониторинг жүргүзүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн талаадан жана аралыктан аныктоо жана алардын түшүмдүүлүгүн болжолдоо процесстерин автоматташтырууга арналган "AgroMap" автоматташтырылган маалыматтык системасын модификациялоо | 2024-2025-жылдары | "AgroMap" автоматташтырылган маалымат системасы модификацияланды | ЖРКГКМА, САЧКӨМ | Санариптик экономикага, жергиликтүү бюджеттерге, донорлордун каражаттарына каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан |
4.6. Экологияны жана жер казынасын санариптештирүү | ||||||
81 | Курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | Абанын, суунун, топурактын сапатын, радиациянын деңгээлин жана башка экологиялык көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөгөн сенсорлордон жана датчиктерден маалыматтарды чогулткан курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат системасын иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтык система ишке киргизилди | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ | Эл аралык финансы институттарынын жана донорлордун каражаттары |
82 | Жаратылыш ресурстарын эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын түзүү | Жаратылыш ресурстарын башкаруунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу, анын ичинде суу ресурстарын башкаруу системасын иштеп чыгуу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ресурстарын башкаруу системасын модернизациялоо, "Жер казынасы" маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Аналитикалык маалыматтарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү маалыматтык система ишке киргизилди | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, жеке инвестициялар |
83 | Калдыктардын санариптик реестрин түзүү | Калдыктарды башкаруу боюнча интеграцияланган системаны иштеп чыгуу | 2028-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көлөмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды байкоого алуу, чогултуу жана талдоо, ошондой эле аларды утилдештирүүгө контролдук кылуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | ЖРЭТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, жеке |
84 | Лицензиялоого жана экологиялык экспертизаны жүргүзүүгө арыздарды онлайн иштеп чыгуу системасы | Лицензиялоого арыздарды берүү жана отчетторду алыстан берүү үчүн Бирдиктүү терезе онлайн системасын түзүү | 2026-жылдын 20-декабрына чейин этабы менен | Арыз берүү жана экологиялык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Ачыктык камсыздалды | ЖРЭТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары, жеке инвестициялар |
85 | Кызматкерлерди жана студенттерди экологияны жана жер казынасын санариптештирүүнүн негиздери боюнча окутуу | Кызматкерлерди жана студенттерди окутуу үчүн виртуалдык жана кошумчаланган реалдуулукту колдонуу менен билим берүү программасын жана платформасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Бекитилген программанын алкагында окутуулар өткөрүлдү жана виртуалдык жана кошумчаланган реалдуулукту колдонуу менен платформа иштелип чыкты | БИМ, ЖРЭТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.7. Санариптик энергетика | ||||||
86 | Энергетика тармагынын объекттеринин санариптик реестрин түзүү | Өндүрүүчүлөрдү (электр энергиясынын иштелип чыгуучу санын онлайн режиминде көрсөтүү менен), керектөөчүлөрдү (керектелүүчү энергия/газ санын онлайн режиминде көрсөтүү менен) камтыган энергетика тармагынын объекттеринин санариптик реестрин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-сентябры | Энергетикалык тармактын объекттеринин санариптик реестри иштелип чыкты | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
87 | Акылдуу эсептегичтерди ишке киргизүү | Реалдуу убакыт режиминде энергияны керектөө жөнүндө маалыматтарды көзөмөлдөөгө жана өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген смарт-эсептегичтерди орнотуу | 2027-жылдын 20-сентябрына чейин этабы менен | Республиканын бардык калктуу конуштарында смарт-эсептегичтер орнотулган жана иштеп жатат | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
88 | Санариптик өлчөө приборлорун орнотуу | Аралыктан эсептөө мүмкүнчүлүгү менен заманбап өлчөөчү приборлорду (эсептегичтерди) орнотуу, бул энергиянын керектелишин контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетет | 2027-жылдын 20-сентябры | Көмөкчордондордо 6-500 кВ кубаттуулук орнотулду | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
89 | Маалыматтарды интеграциялоо жана аналитика | Чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоо жана керектөөнү болжолдоо, энергияны өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу, тармактарды жана ресурстарды башкаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик маалымат системаларын интеграциялоо | 2027-жылдын 20-сентябры | Энергияны керектөөнү болжолдоо жана оптималдаштыруу, суроо-талапты болжолдоо жана ресурстарды башкаруу үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу камсыз кылынды | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
90 | Автоматташтыруу жана аралыктан башкаруу системасын киргизүү | Энергетика системасындагы процесстерди автоматтык түрдө башкарууга жана алыстан контролдоого мүмкүнчүлүк берген системаны ишке киргизүү | 2027-жылдын 20-декабры | Аралыктан контролдоо жана башкаруу системасы ишке киргизилди | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
91 | Энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу | Энергияны үнөмдөөнү жакшыртуу максатында энергияны өндүрүү, берүү жана керектөө үчүн технологияны колдонуу | Дайыма | Энергиянын натыйжалуулугу камсыздалды | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
92 | Кайра жаралуучу энергия булактарынын интеграциясын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу | Кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоого жана натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү системаларды иштеп чыгуу | Дайыма | Энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоого жана натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү системалар ишке киргизилди | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
93 | Энергетика инфратүзүмүнүн киберкоопсуздугун камсыздоо | Энергетика инфратүзүмүн кибер коркунучтардан коргоону, анын ичинде тармактын коопсуздугун жогорулатууну камсыз кылуу | Дайыма | Энергетика инфратүзүмүн кибер коркунучтардан коргоо, анын ичинде тармактын коопсуздугун жогорулатуу камсыздалды | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
94 | Энергетика системасынын санариптик түгөйү | Виртуалдык чөйрөдө системанын иштешин талдоого жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берген энергетикалык системанын санариптик моделин түзүү | 2027-жылдын 20-сентябры | Виртуалдык чөйрөдө системанын ишин талдоого жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берген энергетикалык системанын санариптик модели түзүлдү | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
95 | Техникалык документтердин онлайн-китепканасы | Рыноктун катышуучулары жүктөп алуусу үчүн керектүү колдонмолор, стандарттар жана техникалык шарттар жеткиликтүү болгон техникалык документтердин онлайн китепканасын түзүү | 2026-жылдын 20-марты | Техникалык документтердин онлайн-китепканасы түзүлдү | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
96 | Административдик жол-жоболорду автоматташтыруу | Лицензиялоо, сертификациялоо жол-жоболорун автоматташтыруу | 2027-жылдын 20-марты | Бардык жол-жоболор алардын убактысын жана аны өтүү үчүн ресурстарын кыскартуу менен онлайн режиминде жеткиликтүү | ЭМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.8. Санариптик транспорт | ||||||
97 | Транспорт инфратүзүмүнүн объекттери жөнүндө жалпыга жеткиликтүү маалымат менен камсыз кылуу | Транспорттук инфратүзүм объекттеринин: авиакомпаниялардын, аба жана суу кемелеринин реестрин, ташуучулардын бирдиктүү реестрин, анын ичинде республикалык ички каттамдарды ж.б. иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-марты | Транспорттук инфратүзүмдүн объекттеринин реестри иштелип чыкты | ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
98 | Онлайн лицензиялоону жана уруксат берүүнү ишке киргизүү | "Электрондук транспорттук контроль" АМСтин жүктөрдү ташууда лицензияларды жана уруксат бланктарын иштеп чыгуу жана берүү бөлүгүн жеткире иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | "Электрондук транспорттук контроль" АМС жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыздарды электрондук иштеп чыгуу, эл аралык ташууларга электрондук уруксат бланктарын берүү жаатында жеткире иштелип чыкты | ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
99 | Автомобиль жолдорунун санариптик картасын (АЖСК) түзүү | Республиканын аймагындагы бардык жолдорду (ММУИнин бирдиктүү картасы менен байланыштыруу аркылуу) АЖСКга (joldor.gov.kg) жол катмары, сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтарды киргизүү менен санариптештирүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын 20-сентябры | Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жолдорду санарипке өткөрүү камсыздалды жана жол катмары жөнүндө маалыматтар, сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр автомобиль жолдорунун санариптик картасына (joldor.gov.kg) киргизилди | ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
100 | Жолдорду курууну контролдоо системасын ишке киргизүү | Жолдорду курууну контролдоо боюнча: бюджетти автоматтык пландаштыруу системасын; автомобиль жолунун курулушуна автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү боюнча модулду; бардык жол-курулуш техникаларына GPS-трекерлерди орнотууну камтыган АМСти иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-сентябры | Жолдорду курууну контролдоо боюнча АМС иштөөдө | ТКМ, ЖӨБО | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
101 | Жол активдерин башкаруу системасын (ЖАБС) ишке киргизүү | Автомобиль жолдорунун санариптик картасы системасы менен интеграциялоо аркылуу жол активдерин башкаруу системасын өнөр жайлык пайдаланууга киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | Автомобиль жолдорунун санариптик картасы системасы менен интеграциялоо аркылуу жол активдерин башкаруу системасы өнөр жайлык пайдаланууга ишке киргизилди | ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
102 | Жүргүнчүлөрдү ташууну контролдоо боюнча системаны ишке киргизүү | Датчиктерди бардык жерде колдонууну, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттоочу камералардагы маалыматтарды колдонууну, жүргүнчүлөрдү ташууда бирдиктүү электрондук билетти жана башка санариптик сервистерди киргизүүнү камтыган жүргүнчүлөрдү ташууларды контролдоо боюнча АМСти иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Жүргүнчүлөрдү ташууну контролдоо боюнча АМС иштөөдө | Шаар мэрлери, ЖӨБО, ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
103 | Салмак габариттик контролдоо боюнча автоматташтырылган системаны (СГКАС) ишке киргизүү | Салмак габариттик контролдоо боюнча АМСти иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Салмак габариттик контролдоо боюнча АМС иштөөдө | ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
104 | Жүк ташууларды контролдоо боюнча системаны ишке киргизүү | Төмөнкүлөр камтылган жүк ташууларды контролдоо боюнча АМСти иштеп чыгуу: - жүктөрдүн абалын жана жайгашкан жерин белгилөө жана транспорттук-логистикалык кубаттуулуктарды резервдөө үчүн электрондук документ жүгүртүү системасын; - товарды коштоочу электрондук документтерди онлайн берүүнү | 2025-жылдын 20-декабры | Жүк ташууларды контролдоо боюнча АМС иштөөдө | ФМ, МСК, МБК, ТКМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
105 | Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөөнү башкаруу боюнча программалык камсыздоону ишке киргизүү | Учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту көзөмөлдөөнү башкаруунун, ошондой эле каттоо, сертификаттоо, бекитүү, жактыруу, уруксат берүү жол-жоболорун ишке ашыруунун, инспектордук жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн, авиациялык персоналдын билимин жана жөндөмүн баалоонун жана башка функциялардын, жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш процесстеринин жана жол-жоболорунун бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту башкаруунун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасы түзүлдү, жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат берүү системасы автоматташтырылды | ЖАМА | "Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен |
106 | Аэродромго караштуу аймактарда тоскоолдуктарды эсепке алуу жана контролдоо боюнча программалык камсыздоо | Программалык камсыздоону сатып алуу | 2025-жылдын 30-июлу | Аэродромго караштуу аймактарда тоскоолдуктарды эсепке алуу жана контролдоо камсыз кылынды | ЖАМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
107 | "Аба мейкиндигин пайдаланууну пландаштыруунун жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы" программалык-аппараттык комплексин ишке киргизүү | Аба мейкиндигин пайдаланууну эсепке алууну автоматташтырууну, аба мейкиндигин пайдалануучулардан түшкөн маалыматтарды контролдоону жана иштеп чыгууну, учуулардын суткалык пландарын түзүүнү жана учуу пландарын оңдоону, учуулардын эрежелерине, аба мейкиндигинин түзүмүнө ылайык келишин текшерүүнү, аба мейкиндигин пайдаланууну чектөө зоналары менен чыр-чатактардын жоктугун, учуулардын пландарын бекитүүнү жана абадагы кыймылды тейлөөгө кызыкдар органдарга суткалык пландан көчүрмөлөрдү жөнөтүүнү, аба кемесинин иш жүзүндөгү кыймылы жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууну жана иштеп чыгууну, кыймыл жөнүндө маалыматты абадагы кыймылды тейлөөчү органдарга жиберүүнү, суткалык пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү, корректтүү статистикалык отчетторду түзүүнү жана аэронавигациялык тейлөө үчүн эсептерди коюу үчүн иш жүзүндө аткарылган учуулар жөнүндө маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын контролдоону камсыздоочу программалык-аппараттык комплексти сатып алуу | 2027-жылдын 20-декабры | Аба мейкиндигин пайдалануу процесстери автоматташтырылды: - учкучсуз учуучу аппараттар менен аба мейкиндигин пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо, аба кемелери менен кагылышуу коркунучун азайтуу жана алардын учууларын көзөмөлдөө; - автономдуу коммерциялык эмес уюмдар (АКУ) үчүн жыйымдардын чогултулушун жогорулатуу; - бир эле маалыматты бир нече жолу киргизүүнү жоюу; - "адам фактору" каталарын жоюу; - маалыматтардын аэронавигациялык жана маалымат берүүчү базасын жүргүзүү | ЖАМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
108 | Транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо (кайра тариздөө) жол-жоболорун өркүндөтүү | Пилоттук долбоорду жеткире иштеп чыгуу жана транспорттук каражаттарды туруктуу негизде онлайн-кайра каттоону ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо (кайра тариздөө) системасы ишке киргизилди | ТКАКК МА, пилоттук долбоордун катышуучулары | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
109 | Квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга талапкерлерди онлайн-каттоону ишке киргизүү | Сервисти иштеп чыгуу жана транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жайгаштыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Квалификациялык экзамендерди онлайн режиминде кайрадан тапшырууну каттоо автоматташтырылды | ТКАКК МА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
110 | Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты онлайн-режиминде каттоону киргизүү | Мобилдик тиркеме же мамлекеттик тейлөө порталы аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты онлайн каттоону ишке ашыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча аймактык бөлүмдөргө/ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга барбай туруп онлайн режиминде ээ болуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды | ТКАКК МА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
111 | Лицензия берүү системасындагы бардык автомектептердин бирдиктүү реестрин түзүү | "Автомектептердин реестри" АМС аркылуу лицензиялоо жол-жоболорун автоматташтыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Лицензияларды берүүнүн тартиби жана аларды эсепке алуу оптималдаштырылды | ТКАКК МА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.9. Мыйзам чыгаруу процессин санариптештирүү | ||||||
112 | Бардык мыйзам долбоорлорунун, түзөтүүлөрдүн жана документтердин борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү | Мыйзам долбоорунун статусун жана анын өзгөрүү тарыхын онлайн-карап чыгуу, ар кандай ведомстволор жана түзүмдөр ортосунда мыйзам долбоорлорун тез өткөрүп берүү жана талкуулоо үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы менен өз ара аракеттенүү, өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөө жана документ менен бардык аракеттерди автоматтык түрдө каттоо, ошондой эле ченемдик актыларды каттоо системасы, сот системасы ж.б. ушул сыяктуу башка мамлекеттик маалымат системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн караган ЧУА долбоорлорунун борборлоштурулган маалымат базасын түзүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын 20-сентябры | ЧУА долбоорлорунун борборлоштурулган маалымат базасы иштөөдө | ЮМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
113 | Мыйзам долбоорлорун экспертизалоону автоматташтыруу | Мыйзам долбоорлорун стандарттарга жана мыйзамдарга шайкештигин биринчи жолку текшерүү үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен мыйзам долбоорлорун экспертизалоо процессин автоматташтыруу | 2028-жылдын 31-декабры | Жасалма интеллектти колдонуу менен мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү процесси автоматташтырылды | ЮМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
114 | Мыйзам долбоорлору боюнча коомдук талкууларды жүргүзүү жана пикирлерди чогултуу үчүн онлайн платформа түзүү | Маанилүү маселелер боюнча онлайн-сурамжылоолорду жана добуш берүүлөрдү жүргүзүү инструменттерин киргизүү менен коомдук талкуулоо порталын модернизациялоо | 2026-жылдын 20-марты | Коомдук талкуулоо порталын модернизациялоо жүргүзүлдү | ЮМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.10. Сот системасын санариптештирүү | ||||||
115 | Бирдиктүү соттук маалыматтык системаны түзүү (БСМС) | Тараптар үчүн иштин материалдарына жеткиликтүүлүктү жана система аркылуу документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен бардык сот иштеринин, алардын статустарынын жана чечимдеринин борборлоштурулган маалымат базасын камсыз кылган "БСМС" АМСти иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | "БСМС" АМС иштеп жатат | ЖС | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Электрондук каналдар (e-mail, SMS, мобилдик тиркемелер) аркылуу иш боюнча тараптарга билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жөнөтүү менен соттук санариптик кабарлоо кызматын ишке киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | Санариптик соттук кабарлоо кызматы ишке киргизилди | ЖС, ФМ, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары жана алардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Мамлекеттик алымдарды жана жыйымдарды төлөөнүн электрондук системасын киргизүү - банкоматтар, терминалдар же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөнүн тез, коопсуз жана ачык ыкмасы | 2026-жылдын 20-декабры | БСМС же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөнүн ылдам, коопсуз жана ачык ыкмасы камсыз кылынды | ЖС, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары жана алардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Соттордун чечимдеринин порталы аркылуу соттордун чечимдеринин тексттерине, иштердин категориялары боюнча аналитикалык отчетторго, соттордун иштеринин статистикасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн соттордун чечимдеринин ачык порталын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Портал аркылуу соттук чечимдерге, отчетторго онлайн жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | ЖС | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
116 | Соттордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү (СЭДЖ) | Соттук документтерди иштеп чыгуунун, сактоонун жана өткөрүп берүүнүн, автоматташтырылган процессин камтыган кагаз алып жүрүүчүлөрдөн толук баш тартуу менен "СЭДЖ" АМСти иштеп чыгуу | 2028-жылдын 20-декабры | Кагаз алып жүрүүчүлөрдөн толук баш тартуу менен "СЭДЖ" АМС ишке киргизилди | ЖС | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
117 | Электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыздоо | Башка мамлекеттик системалар менен интеграция жүргүзүү: маалымат алмашууну тездетүү үчүн укук коргоо органдары, нотариустар, реестрлер жана башка түзүмдөр менен | 2028-жылдын 20-декабры | Укук коргоо органдарынын, нотариустардын жана башкалардын АМСи менен интеграция жүргүзүлдү | ЖС, БП, ИИМ, ЮМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
118 | Судьяларды жана сот кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу | Туруктуу негизде жаңы санариптик инструменттер жана платформалар менен иштөө боюнча курстарды өткөрүү | Дайыма | Судьялардын жана сот кызматкерлеринин жаңы санариптик инструменттер жана платформалар менен иштөө боюнча квалификациясы жогорулатылды | ЖС | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
119 | Адвокаттар жана прокурорлор үчүн санариптик сервистер | Адвокаттарга жана прокурорлорго өтүнүчтөрдү жана башка документтерди берүү мүмкүнчүлүгү менен иштин материалдарына онлайн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча сервисти иштеп чыгуу | 2028-жылдын 20-декабры | Адвокаттар жана прокурорлор үчүн сервис аркылуу өтүнүчтөрдү жана башка документтерди берүү мүмкүнчүлүгү менен иштин материалдарына онлайн-жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | ЖС, ЮМ, БП | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
120 | КСнын сот процесстерин аудио жана видео фиксациялоо системасынын техникалык бөлүгүн жаңылоо жана модернизациялоо | Аудио жана видео фиксациялоо системасын модернизациялоо | 2025-жылдын 20-ноябры | КСнын сот процесстерин аудио жана видео фиксациялоо системасы иштейт. Жыйналыштардын видеоматериалдары КСнын расмий сайтына жана ютуб каналына жайгаштырылат | КС, ЖС | Республикалык бюджет, эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
121 | КСнын жаңы расмий сайтын иштеп чыгуу | КСнын жаңы расмий сайтын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | КСнын расмий сайты иштейт | КС | Республикалык бюджет, эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
122 | "Конституциялык сот адилеттиги" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү | "Конституциялык сот адилеттиги" АМС программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана "Infodocs" АМС менен интеграциялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Маалыматтык системалар интеграцияланды | КС, ЖС, СӨМ | Республикалык бюджет, эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
Процесстик документтерди жүгүртүүнү санариптештирүү жана жеке кабинеттерди жана электрондук иштерди жүргүзүү | 2025-жылдын 20-июну | |||||
Жарандардын жергиликтүү инфраструктураны пайдалануу аркылуу сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жалпы юрисдикциянын облустук, райондук жана шаардык сотторунун деңгээлинде электрондук конституциялык сот адилеттигин ишке ашырууну ЖС менен координациялоо | ||||||
123 | КСнын сервердик жабдууларын жаңылоо | Сервердик жана тармактык жабдууларды жакшыртууну камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо талаптарына ылайык серверлерди ылайыктуурак жана жабдылган жайга көчүрүүнү камсыздоо | 2025-жылдын 20-июну | Маалымат системаларынын үзгүлтүксүз иштеши жана киберкоопсуздугу камсыз кылынды | КС | Республикалык бюджет, эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
4.11. Укук коргоо системасын санариптештирүү | ||||||
124 | "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" (КБР) АМСти модернизациялоо | Кыргыз Республикасынын кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен "КБР" АМСтин функционалын модернизациялоо жана кеңейтүү | Этап менен 2028-жылдын 20-декабрына чейин | "КБР" АМСтин негизинде "Электрондук жазык иши" АМСин толук киргизүү үчүн "КБР" АМС модернизацияланды. Кошумча модулдар иштелип чыкты жана ишке киргизилди: - электрондук жазык иши; - статистикалык отчеттуулукту автоматташтыруу; - системанын функционалдык бөлүгүн кеңейтүү | БП, ИИМ, УКМК, ЖС, ЮМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
125 | Пробация чөйрөсүндөгү маалыматтык системаны өнүктүрүү | Пробациянын кардары жөнүндө толук маалыматты чогултууну, өткөрүп берүүнү, сактоону, пайдаланууну жана берүүнү автоматташтыруу, ошондой эле пробация органынын документтериң аутентификациялоону жана аларга жетүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн пробация системасын модернизациялоо | 2026-жылдын 20-декабры | Пробация системасына модернизациялоо жүргүзүлдү жана жасалма интеллект платформасы ишке киргизилди | ЮМ, ИИМ, БП | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Статистикалык маалыматтарды жалпылоо жана тиешелүү аналитикалык көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды берүү үчүн ЖИ платформасын ишке киргизүү | ||||||
126 | Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин өнүктүрүү (УББР) | "УББР" менен башка мамлекеттик маалыматтар базалары (авто, кыймылсыз мүлк реестрлери, электрондук нотариустар ж.б.) интеграциялоону жүргүзүү | 2024-жылдын 31-декабры | "УББР" АМС модернизацияланды: - "УББРнын" башка мамлекеттик маалыматтар базалары менен интеграциясы камсыз кылынды; - протоколду электрондук толтуруу менен эвакуациялоо модулу ишке киргизилди; - "Төлөм" укуктук порталынын маалыматтуулугу кеңейтилди; - "Ураган" маалыматтарды интеграциялоо модулу ишке киргизилди | БП, ИИМ, УКМК, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
127 | Санариптик сот экспертизасы | "Эксперт" АМСти "КБР" АМС, "УББР" АМС жана "Сот" АМС (шлюздардын жазылышы) менен интеграциялоо | 2025-2026-жылдар | "Эксперт" АМС соттук-тергөө органдарынын АМС менен интеграцияланды | СЭК, ИИМ, ССМ, УКМК, ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
"Эксперт" АМСти ИИМ, ССМ жана УКМКнын эксперттик бөлүмдөрүнө ишке киргизүү | "Эксперт" АМС мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарга ишке киргизилди | |||||
Статистикалык маалыматтарды жалпылоо жана тиешелүү аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды берүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү жолу менен "Эксперт" АМСти модернизациялоо | "Эксперт" АМСке жасалма интеллект киргизилди | |||||
128 | "Соттолгондор жана камакка алынган адамдар" АМСти модернизациялоо | "Соттолгондор жана камакка алынган адамдар" АМСга: "Соттолгондун социалдык картасы" жана "Ыкчам каттоо" модулдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-2028-жылдары | "Соттолгондор жана камакка алынган адамдар" АМС модернизацияланды, "Соттолгондун социалдык картасы" жана "Ыкчам каттоо" модулдары иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ЖАК | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Статистикалык маалыматтарды жалпылоо жана тиешелүү аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды берүү үчүн жасалма интеллект платформасын ишке киргизүү | "Соттолгондор жана камакка алынган адамдар" АМСга жасалма интеллект ишке киргизилди | |||||
129 | "Видеомониторинг жана аналитика" программалык камсыздоону иштеп чыгуу | "Видеомониторинг жана аналитика" бирдиктүү программалык камсыздоону ишке киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Программалык камсыздоо түзүлдү, жабдуулар сатып алынды жана орнотулду | ЖАК | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
130 | Видеобайкоо системасын киргизүү | ЖИни колдонуу менен адамдын жүзүн таануу, шектүү активдүүлүктү автоматтык түрдө аныктоо менен видеобайкоо системасын киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | ЖИни колдонуу менен видеобайкоо системасы киргизилди жана видеобайкоо системасы менен "УББР" АМС ортосунда маалымат алмашуу үчүн API (тиркемелерди программалоо интерфейси) иштелип чыкты, мында адамды идентификациялоодон кийин "УББР" АМС менен өз ара аракеттенүү сервиси боюнча бул адамга салынган айыптар жөнөтүлөт | ЖАК | Республикалык бюджет донордук каражаттар |
131 | Санариптик криминалистика | Санариптик издерди талдоо, чоң маалыматтар менен иштөө жана кибер иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн инструменттерди жана технологияларды киргизүү менен санариптик криминалистиканы жүргүзүү лабораториясын киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Санариптик издерди талдоо, көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жана кибер иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн инструменттерди жана технологияларды киргизүү менен санариптик криминалистиканы жүргүзүү үчүн лаборатория түзүлдү | УКМК. ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
132 | Персоналды окутуу жана даярдоо | Жаңы санариптик инструменттер менен иштөө, ошондой эле онлайн чөйрөдө өз ара аракеттенүү этикасы боюнча курстарды жана тренингдерди өткөрүү | Дайыма | Жаңы санариптик инструменттер менен иштөө, ошондой эле онлайн чөйрөдө өз ара аракеттенүү этикасы боюнча курстар жана тренингдер өткөрүлдү | ИИМ, УКМК, БП | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
133 | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында электрондук көзөмөлдөө каражаттарын киргизүү | Эркиндигин чектөө менен байланышпаган бөгөт коюу жана өндүрүү чарасы колдонулган адамдарды контролдоо максатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Эркиндигин чектөө менен байланышпаган бөгөт коюу жана өндүрүү чарасы колдонулган адамдарды контролдоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | ЮМ, ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
134 | Мамлекеттин жана жарандардын санариптик ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу | Мамлекеттин жана жарандардын санариптик ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу, киберчабуулдарды жана киберкылмыштарды токтотуу үчүн адистештирилген киберкоопсуздук борборун түзүү | 2026-жылдын 20-сентябры | Мамлекеттин жана жарандардын санариптик ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киберкоопсуздуктун адистештирилген борбору түзүлдү | ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
135 | Колдун издеринен (алакан издеринен жана/же манжа издеринен) өздүктү аныктоо процессин автоматташтыруу, ошондой эле автоматташтырылган криминалистикалык эсепти жүргүзүү жана ошого тиешелүү автоматташтырылган дактилоскопиялык идентификациялык системаларды (АДИС) киргизүү | 5000000 бирдикке чейин алакан менен дактилокарта маалымат базасынын келечектүү көлөмү менен акыркы муундагы мультибиометриялык АДИСти сатып алуу | 2024-жылдын 31-декабры | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүн камтуу менен дактилоскопиялык каттоонун заманбап комплексин түзүү | ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
136 | Коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле сырткы видеобайкоо камераларынын санын андан ары көбөйтүү жана бул камералар менен камтылуучу географиялык зоналарды кеңейтүү | "Milestone XProtect Video Management Software" тышкы видеобайкоо системасын башкарууну программалык камсыз кылуунун кошумча 400 каналын сатып алуу | 2024-жылдын 31-декабры | Жетишилди: - видеобайкоо камералары менен камтуучу географиялык аймакты кеңейтүү, туташтырылган камералардын саны көбөйтүлдү; - кылмыштардын алдын алуунун, бөгөт коюунун жана бетин ачуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле криминогендик кырдаалга мониторинг жүргүзүү, анын ичинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күнүмдүк ыкчам-кызматтык ишинде колдонуу үчүн алдыңкы технологияларды киргизүү; - изделип жаткан адамдардын сырткы видеобайкоо камералары аркылуу табылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу | ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
137 | "Административдик участок" АМС үчүн "Коргоо ордери" модулун түзүү | "Административдик участок" АМСте үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды эсепке алуу боюнча модулду түзүү жана киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Кызыкдар мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жөнүндө маалымдалды | ИИМ, ЭСКММ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
138 | Көрүүсү начар жана көзү азиз адамдар үчүн ИИМдин расмий сайтынын жеткиликтүү версиясын иштеп чыгуу | Көрүүсү начар жана көзү азиз адамдар үчүн ИИМдин веб-сайтынын альтернативдик версиясын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Көрүүсү начар жана көзү азиз адамдар үчүн ИИМдин веб-сайтынын альтернативдүү версиясы иштелип чыкты | ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
139 | Геномдук маалымат базасы менен заманбап ДНК-изилдөөлөр лабораториясын түзүү | ДНК-изилдөөлөр лабораториясына обочолонгон жай бөлүп берүү, аны ISO/IEC 17025 эл аралык талаптарга ылайык келтирүү | 2028-жылдын 30-декабры | Заманбап ДНК-изилдөөлөр лабораториясы жана геномдук маалыматтар базасы түзүлдү | ИИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Геномдук маалыматтар базасы менен ДНК-изилдөөлөр лабораториясы үчүн тиешелүү жабдууларды сатып алуу | ||||||
Эксперттик-криминалистикалык кызматтын кызматкерлерин окутуу | ||||||
4.12. Куралдуу күчтөрдү санариптик өнүктүрүү | ||||||
140 | Аскерлерди башкаруу кызыкчылыгында өз убагында жана туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн коммуникацияларды (байланыш системасын) жакшыртуу үчүн санариптик технологияларды колдонуу ж.б. | КМнын бардык объекттерин була-оптикалык байланыш линияларына туташтыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Санариптик технологиялар өз убагында жана туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн колдонулат, бул аскерлерди (күчтөрдү) башкаруунун кызыкчылыгында ар кандай багыттагы автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүүгө мүмкүндүк берет | КМ, "Кыргызтелеком" ЖЧК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
141 | Аскер кызматчыларын даярдоо үчүн (аскердик даярдык) санариптик технологияларды колдонуу | Аскер кызматчыларын ар кандай тармактарда окутуу, анын ичинде Куралдуу күчтөрдү колдонуунун стратегиялык жана оперативдүү пландаштыруу, курал-жарактын жана аскердик техниканын ар кандай түрлөрүн өздөштүрүү үчүн IT-адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларды (курстарды) уюштуруу жана өткөрүү | 2028-жылдын 20-декабры | IT-адистер өз функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн тиешелүү квалификациясы бар | КМ, БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Аскер кызматчыларынын көндүмдөрдү жана практикалык тажрыйбаны алуусу үчүн согуштук абалга максималдуу жакын шарттарды түзүү менен виртуалдык реалдуулуктун симуляторлорун жана окутуунун башка технологияларынын маалыматтык системасын ишке киргизүү | Санариптик технологиялар аскер кызматчыларын ар кандай тармактарда окутуу, курал-жарактын жана аскердик техниканын ар кандай түрлөрүн өздөштүрүү үчүн кеңири колдонулууда | |||||
142 | Курал-жаракты жана аскердик техниканы эсепке алуу санариптик платформасын түзүү (КАТ) | КАТты эсепке алуунун жана ооруктук камсыз кылуу программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана маалыматтык системасын киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Ооруктук камсыз кылуу жана КАТ багыттары боюнча пландоону, эсепке алууну жана отчеттуулукту камсыз кылуучу эсепке алуу АМСи ишке киргизилди | КМ, БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
143 | Аскердик эсепке алууну санариптештирүү | Аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу АМТти программалык камсыздоосун жана функционалын иштеп чыгуу. АМСны орнотуу жана Кыргыз Республикасынын ар бир аскер комиссариатында эксплуатацияга киргизүүнү камсыздоо. Аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу боюнча ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Аскердик каттоо. системасында аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоо (каттоодон чыгаруу), аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган датасын жана жерин өзгөрткөндүгү жөнүндө маалыматтарды алуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо жолу менен аскерге милдеттүүнүн же чакырылуучунун өлүмүн каттоо бөлүгүндө аскер комиссариаттарынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетүүчү заманбап технологиялар колдонулду | КМ, БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
144 | Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын базасында санариптештирилген командалык пункт (Автодок) түзүү | "Автодок" АМСти иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 30-июну | "Автодок" АМС ишке киргизилди | ККК | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Статистикалык маалыматтарды жалпылоо жана тиешелүү аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды берүү үчүн "Автодок" АМСге ЖИнин платформасын киргизүү | "Автодок" АМСге ЖИ ишке киргизилди | |||||
145 | КККнын бардык бөлүмдөрүнүн аймагында жана түзөтүү мекемелеринин тышкы периметрлеринде видеобайкоо системасын ишке киргизүү. КККнын аскер кызматкерлерин төш видеорегистраторлор менен камсыздоо | КККта стационардык жана көчмө видеобайкоо системасын киргизүү | 2025-жылдын 30-сентябры | Түзөтүү мекемесинин тышкы күзөтүнө толук көзөмөл камсыздалды, конвойдун кызматтык иш-аракеттерин видеофиксациялоо, КККнын бөлүмдөрүнүн аймагында коопсуздук бар | ККК, ЖАК, ФМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
4.13. Санарип шаарлар | ||||||
146 | Шаардын инфраструктурасын виртуалдык чыныгы шаар модели менен башкаруу | Бир географиялык зонанын алкагында ар кандай тармактык министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтарын интеграциялоо аркылуу реалдуу шаардын виртуалдык моделин түзүү. Санарип шаардын профилин төмөнкүлөрдү интеграциялоо жолу менен түзүү: - ММУИ маалыматтар, кадастрдык маалымат, инфраструктуралык объекттер ж.б.; - экология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чогултулган айлана-чөйрөгө (абанын, суунун, топурактын сапаты, радиациянын деңгээли жана башка экологиялык көрсөткүчтөр) мониторинг жүргүзүү боюнча маалымат системасынан маалыматтар; - транспорт, жол кыймылын, жол катмарын ж.б. жөнгө салуу системаларынан алынган маалыматтар; - коммуналдык кызматтарынын маалыматы: электр энергиясы, газ, суу | 2026-жылдын 20-сентябры | Реалдуу шаардын виртуалдык модели түзүлдү | Шаарлардын мэриялары, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
147 | Бишкек шаарынын транспорттук инфраструктурасына мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу | Диспетчердик кызматка мониторинг жүргүзүү үчүн система иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер тууралуу маалыматты реалдуу убакытта көзөмөлдөө, алардын иши тууралуу маалыматтар жыйындысын жана отчетторду алуу камсыз кылынды | Бишкек шаарынын мэриясы | Талап кылынбайт |
148 | "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин функционалдарын кеңейтүү жана e-meria муниципалдык порталын өнүктүрүү | "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин жаңы функционалдарын модернизациялоону, кеңейтүүнү жана иштеп чыгууну камсыз кылуу. Бирдиктүү порталда иштелип чыккан электрондук программалык продуктуларды чыгаруу аркылуу веб-порталды кеңейтүү | 2024-жылдын 31-декабры | Шаардыктарды маалыматтык тейлөөнүн сапаты жана "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде кошумча сервистерди колдонуунун ыңгайлуулугу жогорулады. Бишкек шаарынын мэриясынын электрондук кызматтарынын ачыктыгы жана шаардыктардын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды | Бишкек шаарынын мэриясы | Талап кылынбайт |
149 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү | Бекитилген иш-чаралар планына ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү | 2024-жылдын 31-декабры | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйтүлдү | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
150 | "Өндүрүш иштерин эсепке алуу" АМСти колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү | Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар кызматтарынан сунуштардын келип түшүшүнө жараша системаны техникалык коштоону, модернизациялоону, системанын функционалын кеңейтүүнү камсыздоо | 2024-жылдын 31-декабры | Бишкек шаарын турак жай-коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү чөйрөсүндө шаардык кызматтар тарабынан коюлган милдеттердин ачыктыгы жогорулатылды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
151 | Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын (ЖКБАС) киргизүү боюнча пилоттук долбоор | Программалык камсыздоону ишке киргизүү, жабдууларды сатып алуу жана инфраструктураны жайылтуу | 2024-жылдын 31-декабры | Жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынды, транспорттук кечигүүлөр кыскарды, көчө-жол тармагынын параметрлери жана экологиялык жагдай жакшыртылды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
152 | "Тыюу салынган парковка, токтоочу жай" долбоорун ишке ашыруу | "Парковкага, токтоп турууга тыюу салынат" белгилери колдонулган зонанын санариптик картасына жазууга, аны "АвтоУраган" аппараттык-программалык комплекси менен андан ары интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү системаны иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Жол кыймылынын эрежелерин бузуу (тыюу салынган жерге токтотуу жана токтоп туруу) бөлүгүндө Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорттук кырдаал жана профилактика жакшыртылды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
153 | Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды автоматтык түрдө белгилөө боюнча программалык-аппараттык комплекстерди киргизүү боюнча пилоттук долбоор | Программалык камсыздоону киргизүү, жабдууларды сатып алуу жана инфраструктураны жайылтуу | 2024-жылдын 31-декабры | Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалды, транспорттук кечигүүлөр азайды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
154 | "Акылдуу парковка" долбоорун ишке ашыруу | Электрондук картада парковкалардын жайгашкан жерлери, орундардын жеткиликтүүлүгу, иштөө графиги, ошондой эле парковкалардын тыгыны жана отчеттуулук жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн интеграцияланган маалыматтык платформадан турган акылдуу парковкалардын системасын ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, жеткиликтүү унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
155 | "Акылдуу аялдама" долбоорун ишке ашыруу | Жарандарды конкреттүү аялдама аркылуу өткөн коомдук автотранспорт каражаттары жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн интеграцияланган маалыматтык платформадан турган кошумча функцияларды киргизүү менен акылдуу аялдамалар системасын киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Интеллектуалдык туризмди өнүктүрүү, коомдук транспорттун кыймылы жөнүндө кырдаалдык маалымдуулук, туристтерди жана шаардыктарды коомдук транспорттун келген убактысы жөнүндө ар кандай маалыматтар менен камсыз кылуу | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
156 | Аймакты санитардык тазалоонун сапатын контролдоо боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу | Бишкек шаарынын аймагында сапаттуу санитардык тазалоону жүзөгө ашырууну контролдоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгууну камсыз кылуу | 2024-жылдын 31-декабры | Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу камсыздалды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
157 | Шаардын участокторунда катуу тиричилик калдыктарын (КТК) ташып чыгаруу боюнча адистештирилген автомашиналардын ишин көзөмөлдөө системасынын долбоорун иштеп чыгуу | Участкаларда автомашиналардын айдоочуларынын жана КТК жүктөөчүлөрүнүн ишин контролдоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгууну камсыздоо | 2024-жылдын 31-декабры | Бишкек шаарынын аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча аткарылган иштердин сапаты жакшыртылды | Бишкек шаарынын мэриясы | Жергиликтүү бюджет |
158 | Мамлекеттик үлүшү бар уюмдарды тартуу менен "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу | Мамлекеттик үлүшү бар уюмдар менен кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууларды түзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото/видеофиксациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик үлүшү бар уюмдар тарабынан көрсөтүлөт, коопсуз жол кыймылы камсыз кылынды жана өлүмгө учуроонун индикаторлору азайтылды | СӨМ, "Кыргызтелеком" ЖЧК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
4.14. Курулуш тармагын санариптик трансформациялоо | ||||||
159 | Курулуш тармагын башкаруунун бирдиктүү комплекстүү системасы | Кызмат көрсөтүүдө жана колдонуудагы бардык маалыматтык системаларды интеграциялоодо бардык бизнес-процесстерди автоматташтыруу (уруксат берүү алдындагы бардык документтерди бир арыз менен алуу) менен "Курулуш тармагын башкаруунун бирдиктүү комплекстүү системасы" АМСны иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | "Курулуш тармагын башкаруунун бирдиктүү комплекстүү системасы" АМС иштеп жатат | Мамкурулуш | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
160 | Building information modeling (BIM) моделдөөнү ишке киргизүү | "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын BIM-трансформациялоо" концепциясын иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-декабры | BIM инструменттерине өтүү жүзөгө ашырылды | Мамкурулуш | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
BIM-моделдөөнү этап менен ишке ашыруу | 2028-жылдын 20-декабры | BIM-моделдөө ишке киргизилди | Мамкурулуш | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
161 | Шаар куруу ишин жүзөгө ашырууну оптималдаштыруу | "Мамлекеттик шаар куруу кадастры" АМСны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | "Мамлекеттик шаар куруу кадастры" АМС иштеп жатат | Мамкурулуш | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
162 | Курулуш тармагында санариптик компетенциялардын деңгээлин жогорулатуу | Адистер үчүн окутууну жана тренингдерди уюштуруу: адистерди жаңы санариптик инструменттер жана технологиялар менен иштөөгө даярдоо үчүн программаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Дайыма | Адистер үчүн окутуу жана тренингдер аркылуу курулуш тармагында санариптик компетенциялардын деңгээли жогорулатылды | Мамкурулуш | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
4.15. Кырсык коркунучун азайтуу жаатында санариптештирүү | ||||||
163 | Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборун өнүктүрүү | Өзгөчө кырдаалдарда аракеттерге мониторинг жүргүзүү жана координациялоо үчүн заманбап маалыматтык технологиялар менен жабдуу | 2025-жылдын 20-июну | Коркунучтарга ыкчам чара көрүү жана куткаруу операцияларын координациялоо камсыз кылынды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Күнүмдүк башкаруу органынын маалымат системаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын 20-декабры | Күнүмдүк башкаруу органынын маалыматтык системаларын өнүктүрүү камсыздалды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
164 | Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү | Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системаларын өнүктүрүүнү камсыздоо | 2027-жылдын 20-июну | Ыкчам чара көрүү үчүн так жана өз убагында маалыматтарды берүү | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Өзгөчө кырдаалдардын комплекстүү мониторингинин, болжолдоонун бирдиктүү системасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сел жана суу ташкындарына алгачкы мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалымат берүү тартибин интеграциялоо жүргүзүү (веб-портал аркылуу) | 2028-жылдын 20-декабры | Өзгөчө кырдаалдардын комплекстүү мониторингинин, болжолдоонун бирдиктүү системасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сел жана суу ташкындарына алгачкы мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалымат берүү тартибин интеграциялоо камсыз кылынды (веб-портал аркылуу) | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
"Жарылып кетүү коркунучу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү боюнча бирдиктүү маалыматтык система" маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | "Жарылып кетүү коркунучу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү боюнча бирдиктүү маалыматтык система" маалыматтык системасы ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Жер көчкүлөрдүн түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча комплекстүү көп деңгээлдүү геотехникалык системасын ишке киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Жер көчкүлөрдүн түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча комплекстүү көп деңгээлдүү геотехникалык системасы ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча учурдагы аба ырайын, болжолдуу гидрометеорологиялык маалыматты жана коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштардын пайда болуу коркунучу жөнүндө аба ырайынын бузулушу тууралуу билдирүү берүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча учурдагы аба ырайын, болжолдуу гидрометеорологиялык маалыматты жана коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштардын пайда болуу коркунучу жөнүндө аба ырайынын бузулушу тууралуу билдирүү берүүнүн маалыматтык системасы ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Заманбап сандык моделдердин эсептөөлөрүн ыкчам гидрометеорологиялык болжолдоого киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Заманбап сандык моделдердин эсептөөлөрү ыкчам гидрометеорологиялык болжолдоого ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Кооптуу табигый процесстердин бардык түрлөрү боюнча өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн, божомолдоонун бирдиктүү системасынын маалыматтык системасындагы маалыматтарды актуалдаштыруу | 2028-жылдын 20-декабры | Кооптуу табигый процесстердин бардык түрлөрү боюнча өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн, божомолдоонун бирдиктүү системасынын маалыматтык системасындагы маалыматтары актуалдаштырылды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
ӨКМ караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин веб-порталынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 2025-жылдын 20-декабры | ӨКМ караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин веб-порталынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
165 | Болжолдоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү | Заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен табигый кырсыктардын жана гидрометеорологиялык коркунучтуу көрүнүштөрдүн пайда болуу коркунучу жөнүндө эрте алдын алуунун мурда болгон жана колдонуудагы маалыматтык системаларын модернизациялоо жана жаңы маалыматтык системаларды киргизүү | 2028-жылдын 20-декабры | Гидрометеорологиялык коркунучтуу кубулуштардын пайда болуу коркунучун чогултуу, талдоо жана эртелеп алдын алуу боюнча мурда болгон жана колдонуудагы маалыматтык системалар модернизацияланды жана ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
166 | Бирдиктүү протокол боюнча тобокелдиктер жөнүндө маалымат базасын өнүктүрүү | Кырсык тобокелдиктери жөнүндө маалыматтарга, анын ичинде калк, инфраструктура жана экологиялык факторлор жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзүү. Тобокелдиктер жөнүндө маалыматтык карталарды, климаттык тобокелдиктер карталарын, жерди пайдалануу карталарын бирдиктүү протокол жана стандарт боюнча иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Кырсык тобокелдиктери боюнча маалыматтарга талдоо жүргүзүлдү, жыйынтыгы боюнча тобокелдиктер жөнүндө маалыматтык карта, климаттык тобокелдиктердин карталары, жерди пайдалануу карталары бирдиктүү протокол жана стандарт боюнча иштелип чыкты | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
167 | Мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн программалык-аппараттык комплексти киргизүү | Мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн программалык-аппараттык комплексти ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-декабры | Мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн программалык-аппараттык комплекс ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
168 | Ар кандай тармактарда өрттү талдоону жана коопсуздукту көзөмөлдөөнү эсепке алуу үчүн маалымат системасын киргизүү | Төмөнкүлөр үчүн АМСти иштеп чыгуу: - өрттөрдү эсепке алуу, өрт активдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүү; - өнөр жай жана курулуш, анын ичинде ар кандай тармактарда өрт инспекциясы жана коопсуздук көзөмөлү | 2028-жылдын 20-декабры | Өрт коркунучу жогору болгон географиялык аймактарды аныктоо жана тобокелдиктерди азайтуу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн АМСтен маалыматтар колдонулууда | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Ар кандай тармактарда, анын ичинде өнөр жайда жана курулушта өрт коопсуздугу жана коопсуздукту көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү көзөмөл органдары үчүн маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Ар кандай тармактарда, анын ичинде өнөр жайда жана курулушта өрт коопсуздугу жана коопсуздукту көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү көзөмөл органдары үчүн маалыматтык система иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Инженердик, өрт жана куткаруу техникасынын датчиктерин жана GPSти колдонуу менен жайгашкан жерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн түзүү. Чакырууларга ыкчам чара көрүү жана иш-аракеттерди координациялоо үчүн техниканын жайгашуу маалыматтарын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу маалыматтык системасы менен интеграциялоо | 2026-жылдын 20-декабры | Инженердик, өрт жана куткаруу техникасынын датчиктерин жана GPSти колдонуу менен жайгашкан жерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
169 | Өзгөчө кырдаалдарда коопсуз жүрүм-турум жана аракеттер эрежелери жөнүндө окууларды өткөрүү | Калкты коопсуз жүрүм-турум эрежелери жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер, анын ичинде өрт жана табигый кырсыктар жөнүндө окутуу үчүн санариптик билим берүү ресурстарын жана онлайн-платформаларды түзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Калкты коопсуз жүрүм-турум эрежелерине окутуу үчүн санариптик билим берүү ресурстары жана онлайн-платформалар түзүлдү | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Аралыктан окутуу системасын (АОС) модернизациялоо жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу | 2027-жылдын 20-декабры | Аралыктан окутуу системасын (АОС) өнүктүрүү камсыздалды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
170 | Калкка кабарлоо системасын өнүктүрүү жана аймактарды камтууну кеңейтүү | Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жарандарга ыкчам маалымдоого мүмкүндүк берүүчү калкка кабарлоонун заманбап системасын ишке киргизүү. Калктын максималдуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зоналарды, анын ичинде алыскы жана аялуу аймактарды камтууну кеңейтүү | 2028-жылдын 20-декабры | Калкка кабарлоонун заманбап системасы ишке киргизилди | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
"Система-112" программалык-аппараттык комплексин модернизациялоо жана жаңылоо | 2025-жылдын 20-декабры | "Система-112" программалык-аппараттык комплекси модернизацияланды жана жаңыланды | ӨКМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
4.16. Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо | ||||||
171 | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө илимий-техникалык иш-чараларды, конференцияларды, тегерек столдорду, окутуу тренингдерин жана коомдук иш-чараларды өз алдынча жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштуруу | 2024-жылдын 31-декабры | Жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда жарандардын жеке маалыматтарын жана укуктарын коргоо менен байланышкан маселелер боюнча маалымдуулукту жогорулатуу. Жеке маалыматтарды коргоону камсыздоо жаатында коомдук иш-чаралар жана окутуучу тренингдер өткөрүлдү | ЖМКМА, БИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) маалымат берип туруу (анын ичинде электрондук), радио жана телекөрсөтүү маектерин уюштуруу | Дайыма | ЖМКга дайыма маалымат берилип турат, маалыматтык себептер уюштурулуп турат | ||||
Жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгү жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө коомчулуктун жана бизнес-коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн билим берүү программаларын демилгелөө | 2025-жылдын 20-июну | Төмөнкү билим берүү программалары киргизилди: - "Маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулуктун жогорулатылган маалымдуулугу"; - "Жеке маалыматтарды иштетүүчү субъекттердин компетенцияларынын жана жооптуу жүрүм-турумунун өсүшү" | ЖМКМА, БИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
172 | Жеке мүнөздөгү маалымат, кибер (санариптик) гигиена, киберкоопсуздук жаатында билимди жогорулатуу | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу менен окуу борборун өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү жана жеке мүнөздөгү маалымат, кибер (санариптик) гигиена, киберкоопсуздук жаатында тиешелүү тренингдерди өткөрүү. Адистерди окутуунун заманбап методдорун жана практикалык тренингдерди колдонуу менен жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук жаатындагы адистер учун окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча окутуу үчүн чараларды камсыз кылуу. Маалыматты коргоо чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу үчүн адистештирилген курстарды жана сертификаттарды уюштуруу | Дайыма 2024-2028-жылдары | Окуу борборун өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлдү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программасы иштелип чыкты жана жеке мүнөздөгү маалымат, кибер (санариптик) гигиена, киберкоопсуздук жаатында тиешелүү тренингдер өткөрүлдү. Жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук жаатында квалификациялуу эксперттердин саны көбөйдү. Ишканаларда жана мамлекеттик органдарда маалыматтарды коргоо менен алектенген кызматкерлердин кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк деңгээли жогорулады | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Пландаштыруу жана санариптик технологияларды коопсуз пайдалануу эрежелери жана жеке маалыматтарды коргоо ыкмалары жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз маалыматтык кампанияларды өткөрүү. Жалпы коомчулукка көрсөтмө куралдарды, нускамаларды жана сунуштарды түзүү жана жайылтуу | Дайыма | Санариптик тобокелдиктер жана коркунучтар жөнүндө калктын маалымдуулугунун өсүшү. Жеке маалыматтарды коргоо жолдорун жакшыраак түшүнүү аркылуу жарандар арасында жеке киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде жана жарандарда жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кесепеттердин олуттуулугун түшүнүү калыптанды. Маалыматтардын чыгып кетиши жана жеке маалыматты кыянаттык менен пайдалануунун башка формалары менен байланышкан окуялардын саны азайды | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Жеке маалыматтарды коргоо жаатында тажрыйба жана мыкты практика менен алмашуу үчүн эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүктү түзүү. Киберкоопсуздук чөйрөсүндө билим берүү программаларын жана изилдөө долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Дайыма, зарылдыгына жараша | Жеке маалыматтарды коргоонун улуттук системасына алдыңкы эл аралык стандарттарды жана тажрыйбаларды киргизүү. Тажрыйба алмашуу жана биргелешкен изилдөө аркылуу киберкоопсуздук боюнча билимди жана көндүмдөрдү жогорулатуу | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Санариптик коопсуздук чөйрөсүндө билим берүү сапатын жогорулатуу: - жеке маалыматка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого басым жасоо менен жеке маалымат жаатында формалдуу эмес жана маалыматтык билим берүү программаларын ишке ашыруу; - санариптик коопсуздук маданиятын пропагандалоо үчүн мектептерде жана мекемелерде билим берүү демилгелерин киргизүү | Дайыма, зарылдыгына жараша | Санариптик коопсуздук чөйрөсүндө билим берүү сапаты жогорулатылды: - санариптик чөйрөдө өзүн коопсуз алып жүрүү жана өздүк жеке маалыматка жоопкерчилик менен мамиле кылуу көндүмдөрүн калыптандыруу; - санариптик сабаттуулуктун жана даярдыктын жогорку деңгээлине ээ болгон жаштардын санын көбөйтүү | ЖМКМА, БИМ | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу: - балдардын жеке маалыматтарын коргоо системасынын иштеши үчүн чаралардын комплексин, анын ичинде үзгүлтүксүз агартуучу программаларды, жарыялоолорду жана видеоматериалдарды түзүү; - бардык курактагы топтордогу жарандардын арасында санариптик сабаттуулукту жана кибергигиенаны жогорулатуу үчүн билим берүү иш-чараларын уюштуруу | Дайыма, зарылдыгына жараша | Балдардын жеке маалыматтарын коргоо камсыздалды: - улуттук деңгээлде балдардын жеке маалыматтарын ишенимдүү жана натыйжалуу коргоо түзүлдү; - балдар жана чоңдор арасында кибергигиена жөнүндө маалымдуулуктун жана билимдин деңгээли жогорулады, бул киберкуугунтук жана башка онлайн коркунучтарды азайтууга мүмкүндүк берет | ЖМКМА, БИМ, Кыргыз Республикасынын Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
173 | Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатындагы эл аралык документтерди жана стандарттарды эске алуу менен аны өркүндөтүү бөлүгүндө жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кайра кароо | Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатындагы эл аралык стандарттарды эске алуу менен жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы анын маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарттарына ылайык келиши үчүн жаңыртылды жана толуктап иштелип чыкты: - маалыматтык коркунучтарды идентификациялоо жана алдын алуу системасын кайра карап чыгуу жана жакшыртуу; - жеке маалыматтардын чыгып кетиши менен байланышкан инциденттерге ыкчам чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу; - маалыматтарды коргоо, анын ичинде агартуучулук жана контролдук иш үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын ортосунда координациялоону күчөтүү | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донордук каражаттар |
Купуялык жана маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзам бузуулар үчүн корпоративдик жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамдык демилгелерди киргизүү. Маалыматтардын чыгып кетишине жол берген компаниялар үчүн административдик таасир жана жаза санкцияларын чараларды мыйзамдарга киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Корпоративдик жоопкерчиликти күчөтүү камсыздалды: - маалыматтардын чыгып кетиши үчүн компаниялардын жоопкерчилиги жогорулады; - маалыматтарды коргоонун мыкты практикасын ишке ашыруу үчүн бизнеске превентивдик таасир көрсөтүлдү | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
Мамлекеттик органдардын штатына "киберкоопсуздук офицери" кызмат ордун киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-жылдын 20-декабры | Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди | ЖМКМА, УКМК, мамлекеттик органдар | Республикалык бюджет, донордук каражаттар | ||
174 | Маалыматтык коопсуздукка коркунучтарды аныктоо жана алдын алуу системасын өркүндөтүү (жеке мүнөздөгү маалыматты коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө), тобокелдиктерди жана кесепеттерди өз убагында жоюу | Жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана коммерциялык уюмдардын текшерүү жүргүзүүсү аркылуу контролдоо | Дайыма, 2024-2028-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана коммерциялык уюмдардын жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүү жүргүзүлүүдө | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
175 | Жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо чөйрөсүнүн туруктуулугун камсыз кылуунун укук колдонуу жана методикалык инструментарийин өркүндөтүү | Төмөнкү чөйрөлөрдө мониторингди күчөтүү: - жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды, анын ичинде маалыматтарды иштеп чыгууну көзөмөлдөө жана талдоо үчүн автоматташтырылган инструменттерди сактоого мониторинг жүргүзүү системаларын жайылтуу; - уюмдардын иш-аракеттеринин мыйзамдын талаптарына шайкештигин баалоо үчүн үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жана аудиттерди киргизүү | 2025-жылы ишке киргизүү, андан ары туруктуу контролдоо | Мониторингди күчөтүү камсыз кылынды: - менчиктин бардык формаларындагы уюмдар тарабынан жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды сактоонун деңгээлин жогорулатуу; - ак ниетсиз практикаларды бир кыйла натыйжалуу табуу жана бөгөт коюу аркылуу маалыматтарды коргоону бузуулардын санын азайтуу | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Маалыматтардын чыгып кетишин алдын алууну камсыз кылуу: - алсыздыктарды жана маалыматтардын потенциалдуу чыгып кетишин эрте аныктоо үчүн технологиялык чечимдерди ишке киргизүү боюнча сунуштамалар; - персоналды маалыматтардын коопсуздугу жаатында бузуулардын белгилерин табуу методдору боюнча окутуу | 2025-жылдын 20-сентябры | Төмөнкүлөр боюнча маалыматтардын чыгып кетишин алдын алуу ишке ашырылды: - оперативдүү аныктоо жана алсыздыктарды жоюу аркылуу маалыматтардын чыгып кетүүсүнө байланышкан инциденттерди азайтуу; - маалыматтык системалардын тышкы жана ички коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Төмөнкү чөйрөлөрдө жеткиликтүүлүктү контролдоону камсыз кылуу: - көп факторлуу аутентификацияны жана маалыматтарды шифрлөөнү кошкондо, жетүүнү башкаруу саясатын ишке ашыруу; - эң аз артыкчылык принцибинин негизинде жеке маалыматтарга жетүүнү чектөө | 2025-жылдын 20-июну | Төмөнкүлөр боюнча жеткиликтүүлүктү контролдоо камсыз кылынды: - санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруучу шифрлөө аркылуу маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу; - кирүү укуктарын натыйжалуу башкаруунун эсебинен ички жана тышкы коркунучтардын тобокелдигин азайтуу | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
Тараптык компанияларга мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу: - жеке маалыматтарды тараптык уюмдар тарабынан топтоо жана пайдалануу үчүн катуу эрежелерди белгилөө; - туруктуу отчеттуулукка | Дайыма, зарылдыгына жараша | Тараптык компанияларга мониторинг жүргүзүү ишке ашырылды: - тараптык компаниялардын жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатында ачык-айкындуулугун жогорулатуу; - тараптык иштеп чыгуучулардын иш-аракеттерин жөнгө салуунун жана контролдоонун эсебинен акыркы колдонуучулардын маалыматтарын коргоону кепилдөө | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
176 | Социалдык диалогду жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | Эл аралык кызматташтыкты уюштуруу: - мыкты практикаларды алмашуу жана жалпы стандарттарды иштеп чыгуу учун жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана ага катышуу; - киберкоопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ар түрдүү өлкөлөрдөн өнөктөштөр менен биргелешкен окуу жана тренировкалык иш-чараларды уюштуруу | Дайыма | Камсыз кылынды: - жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө эл аралык аренада позицияны бекемдөө; - маалыматтарды коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү алуу, бул улуттук мыйзамдык жана технологиялык базаны жакшыртууга мүмкүндүк берет; - эл аралык долбоорлордо билим алмашуу жана биргелешип иштөө үчүн чет өлкөлүк эксперттер жана уюмдар менен байланыштар тармагын кеңейтүү | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Жеке сектор менен кызматташууну камсыз кылуу: - жаңы коркунучтар жана аларды нейтралдаштыруу методдору жөнүндө маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу үчүн алдыңкы технологиялык компаниялар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүү; - жеке маалыматтарды коргоонун биргелешкен стратегияларын иштеп чыгуу үчүн бизнестин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана маалыматтарды коргоо жаатындагы эксперттердин катышуусу менен консультативдик кеңештерди түзүү | Зарылдыгына жараша | Камсыз кылынды: - мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосунда ачык жана ишенимдүү диалогду түзүү, бул маалыматтарды коргоо боюнча күч-аракеттерди бир кыйла натыйжалуу координациялоого алып келет; - жеке сектор менен маалымат жана тажрыйба алмашуунун эсебинен киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы коркунучтарды жана алсыздыктарды түшүнүүнү жакшыртуу; - жеке маалыматтарды коргоо боюнча биргелешкен стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу, бул акыркы колдонуучуларды коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылат | ЖМКМА | |||
Мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкка көмөктөшүү: - жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди координациялоо үчүн мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн катышуусу менен үзгүлтүксүз жолугушууларды жана семинарларды өткөрүү; - киберкоопсуздук жаатында биргелешкен изилдөө жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууну кошкондо, мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн платформаларды иштеп чыгуу | Дайыма, зарылдыгына жараша | Камсыз кылынды: - маалыматтарды коргоо саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн ишке тартуу, бул инклюзивдүү жана ачык-айкын мамилени калыптандырууга көмөктөшөт; - жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгү жана өзүнүн киберкоопсуздугу үчүн көрүлүүчү чаралар жөнүндө коомчулуктун жана жарандык коомдун маалымдуулугун жогорулатуу; - жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү иш-аракеттерге коомдук контролдун ролун күчөтүү, бул жалпы кибергигиенаны жогорулатууга көмөктөшөт | ЖМКМА | |||
177 | Эл аралык стандарттарга шайкештик жана өлкөнүн экономикалык жагымдуулугун жогорулатуу | 1981-жылдын 28-январында Франциянын Страсбург шаарында кабыл алынган Конвенция 108 катары белгилүү болгон Европа Кеңешинин жеке мүнөздөгү маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгууга карата жеке жактарды коргоо жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелерин иштеп чыгуу | 2024-2028-жылдар | 1981-жылдын 28-январында Франциянын Страсбург шаарында кабыл алынган Конвенция 108 катары белгилүү болгон Европа Кеңешинин жеке мүнөздөгү маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгууга карата жеке жактарды коргоо жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө документтерди даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
178 | Мамлекеттик органдардагы жана менчиктин каалаган түрүндөгү юридикалык жактардагы жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтарга каршы аракеттенүү | Жеке маалыматтарды коргоо жаатында мамлекеттик IT-аудит системасын ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Жеке маалыматтарды коргоо жаатында мамлекеттик IT-аудит системасы ишке киргизилди. Мамлекеттик органдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарда жеке маалыматтарды коргоо боюнча IT-аудит жүргүзүлдү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлдү | ЖМКМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
179 | Мамлекеттик санариптик платформалардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу | Киберкоопсуздуктун стандарттарын иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-марты | Стандарттар бекитилди | УКМК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды киберкоопсуздуктун негиздерине окутуу үчүн онлайн-платформаны иштеп чыгуу | 2028-жылдын 20-декабры | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды киберкоопсуздуктун негиздерине окутуу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты | УКМК, МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
4.17. Спорт жана тарыхый-маданий мурастар чөйрөсүндө санариптештирүү | ||||||
180 | Дене тарбия жана спорттун бирдиктүү санариптик контурун иштеп чыгуу | Дене тарбия жана спорт АМСин иштеп чыгуу, анда төмөнкүлөр каралган: - кесипкөй спортчунун электрондук паспорту; - спорттун ар бир түрү боюнча категория; -спорттук медицинаны, илимди, билим берүүнү АМС менен интеграциялоо | 2026-жылдын 20-сентябры | Федерациялар менен эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле спорттук уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыздоо | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
181 | Судьяларды онлайн-лицензиялоо жана машыктыруучуларга жана спортчуларга наам берүү | Спорт чеберинин жана эл аралык класстагы спорт чеберинин лицензияларын жана наамдарын алууга арыздарды электрондук иштеп чыгуу боюнча АМСни иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-сентябры | Спорт чеберинин жана эл аралык класстагы спорт чеберинин лицензияларын жана наамдарын алууга арыздарды электрондук иштеп чыгуу боюнча АМС ишке киргизилди | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
182 | Бүткүл өлкө боюнча спорт объекттеринин, секцияларынын жана спорттук мектептердин санариптик картасын түзүү | Республиканын аймагындагы спорт объекттерин санариптештирүү, маалыматтар спортсмендердин турган жери жана сандык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш | 2025-жылдын 20-сентябры | Республиканын аймагындагы спорт объекттери санариптештирилди | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
183 | Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кагаз жүзүндөгү процесстерди санариптик түргө которуу | Санариптик чечимдер аркылуу дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кагаз жүзүндөгү процессти оптималдаштыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кагаз түрүндөгү процесстерди санариптик түргө которуу камсыз кылынды | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
184 | "Эстеликтер" (estelikter.kg) системасын башка программалык продуктулар менен интеграциялоо | Тарыхый-маданий мурас объекттери жөнүндө "Эстеликтер" (estelikter.kg) программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Эстеликтер (estelikter.kg) системасы (маалыматтар базасы жана электрондук архив) ишке киргизилди жана башка программалык продуктулар менен интеграцияланды | ММСЖСМ, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Тарыхый-маданий мурас объекттери боюнча программалык камсыздоону ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Электрондук порталды камсыздоо үчүн сервердик жабдуу сатып алынды | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
185 | Маалыматтардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү | Китепканаларга китептерди сканерлөө үчүн профессионалдык жабдуу сатып алуу | 2024-жылдын 31-декабры | Китепканаларга китептерди сканерлөө үчүн профессионалдык жабдуу сатып алынды | ММСЖСМ (Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана, Ош облустук китепканасы, Чүй облустук китепканасы, А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
186 | Облустук китепканалар үчүн "Ирбис 64+" программасын сатып алуу | Электрондук китептер жана автоматташтыруу үчүн билеттерди ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Облустук китепканаларда "Ирбис 64+" программасы ишке киргизилди | ММСЖСМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.18. Шайлоо процессин санариптештирүү | ||||||
187 | Идентификациялоо процессин модернизациялоо: идентификациялоо жабдууларын жаңыртуу | Шайлоо комиссияларын шайлоочуларды идентификациялоонун 6500 даана сандагы компакттуу, мобилдүү түзүлүштөр менен жабдууну камсыз кылуу (1де 5) | 2024-жылдын 31-декабры | Камсыз кылынды: - идентификациялык жабдуулардын өндүрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу; - идентификациялык жабдууларды колдонууну оптималдаштыруу; - шайлоо комиссияларынын коомдук башталышта иштеген мүчөлөрүнүн ишин жөнөкөйлөтүү; - логистикага болгон чыгымдарды минималдаштыруу | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Шайлоочуларды онлайн-идентификациялоо формаларын иштеп чыгуу жана шайлоо процессине киргизүү | 2025-жылдын 20-сентябры | Добуш берүүнүн жаңы (электрондук) форматтарына адаптацияланган жарандардын биометрикалык маалыматтар базасын актуалдаштыруу менен онлайн-идентификациялоо ишке киргизилди | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
188 | Автоматтык эсептөө урнасын (АЭУ) жаңыртуу | АЭУну программалык-техникалык жакшыртуу | 2024-жылдын 31-декабры | Автоматтык эсептөө жабдуусунун өндүрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу. Добуш берүү процессинде үзгүлтүксүз иштөө | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
189 | БШКнын сервердик жабдуусун жаңыртуу | МШС серверлерин жана үзгүлтүксүз иштегендиктен физикалык эскиргендигине байланыштуу киберкоопсуздук тармактык жабдууларын жакшыртуу. БШКнын маалыматтык ресурстарынын үзгүлтүксүз иштөөсү боюнча сервердик кубаттуулуктарды көбөйтүү. БШКнын серверинин температуралык режимин жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуучу жабдууларды жаңыртуу | 2024-жылдын 31-декабры | Шайлоонун туруктуулугу жана ишенимди жогорулатуу үчүн маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана киберкоопсуздугун камсыз кылуу | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
190 | Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо" модулун толуктап иштеп чыгуу | ТТны иштеп чыгуу. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн преференциялык системасы боюнча МШСтин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо" модулун толуктап иштеп чыгуу. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн преференциялык системасы боюнча МШСтин программалык камсыздоосун адаптациялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Преференциалык система боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо активдүү шайлоо укугун ишке ашыруунун кепилдиги | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
191 | МШСтин функционалын жакшыртуу жана "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо" жана "Референдумдар" модулдарын толуктап иштеп чыгуу | МШСтин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо" жана "Референдумдар" модулдарын толуктап иштеп чыгуу. АЭУнун программалык камсыздоосунун адаптациясын камсыз кылуу | 2025-жылдын 30-декабры | Шайлоолордо жана референдумдарда активдүү шайлоо укугунун ишке ашыруу кепилдиги камсыз кылынды | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
192 | Талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүүнү автоматташтыруу | Талапкерлердин мыйзамдардын талаптарына шайкештиги жөнүндө бекитилген формалар боюнча расмий корутундуларды берүү менен талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүүнү автоматташтыруу | 2027-жылдын 20-декабры | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтар базасындагы маалыматтарга ылайык талапкерлердин мыйзамдардын талаптарына шайкештиги жөнүндө бекитилген формалар боюнча расмий корутундуларды берүү менен талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды | БШК, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
193 | Блокчейн-технологияларынын негизинде шайлоо процесстерин жарандык контролдоо инструменттерин иштеп чыгуу | Блокчейн-технологияларды шайлоо процесстерине киргизүү үчүн ТТны иштеп чыгуу. Блокчейн-технологиялардын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-июлу | Шайлоо процесстеринин аныктыгы жана ачык-айкындуулугу үчүн жарандык контролдоо инструменти ишке киргизилди | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
194 | Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу шайлоо системасын түзүү үчүн "Финансылык ачык-айкындуулук" маалыматтык системасында модулду иштеп чыгуу | Шайлоо комиссияларынын бюджеттерин түзүү боюнча "Финансылык ачык-айкындуулук" маалыматтык системасында модулду иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Шайлоо органдарынын сапатын жогорулатуу, бюджеттерди түзүүдө шайлоо комиссияларынын ишинин ачык-айкындуулук инструментин ишке киргизүү | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
195 | Электрондук добуш берүү системасынын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу (чечим кабыл алынган учурда) | ЭДС ТТны иштеп чыгуу. ЭДСти иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - мобилдик версиясы менен веб-тиркеме; - мобилдик тиркеме (Android, iOS); - МШС менен интеграциялоо | 2025-жылдын 20-марты | Шайлоо күнү добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шайлоо участогунда активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
196 | Аралыктан добуш берүү системасынын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу (чечим кабыл алуу учурунда) | АДС ТТны иштеп чыгуу. АДСти иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - мобилдик версиясы менен веб-тиркеме; - МШС менен интеграциялоо | 2025-жылдын 20-марты | Туруктуу катталган жеринде убактылуу жок болгондуктан шайлоо участогунда шайлоо күнү добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу | БШК, ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
197 | Шайлоочуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү (шайлоочулардын тизмесин түзүү программасы) | Шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүүдө жана шайлоочулардын акыркы тизмеси түзүлгөндөн кийин идентификациялоону жүргүзүү үчүн шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын байланыштырууда "Түндүк" ЭВӨС аркылуу шайлоочулардын маалыматтар базасынан маалыматтарды алуу менен маалыматтарды алмашуу форматын автоматташтыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча механизмди жакшыртуу камсыз кылынды. Шайлоочулардын сапаттуу жана так тизмесин түзүү | БШК, ИИМ, БИМ, ЮМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
198 | Шайлоочулардын идентификалоосун өркүндөтүү (программалык камсыздоо) | Идентификациялоонун жаңы айкалышкан түзүлүштөрүн ишке киргизүүдө шайлоочуларды идентификациялоо программасынын функционалын жаңыртуу жана жакшыртуу | 2024-жылдын 31-декабры | Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин үзгүлтүксүз иштөөсү камсыз кылынды | БШК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
199 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын жана каттоосун камсыз кылуу | Шайлоо участоктору боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын автоматташтыруу | 2024-жылдын 31-декабры | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктары жана эсепке алуусу камсыз кылынды | БШК, ЭСКММ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
4.19. Мамлекеттик органдардын ишин реформалоонун алкагында башка багыттарды санариптештирүү | ||||||
200 | Дипломатиялык ишти жакшыртуу жана оптималдаштыруу | ТИМдин "Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасы үчүн модулдарды иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-сентябры | Министрликтердин жана административдик ведомстволордун борбордук аппараттарынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирген жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган бирдиктүү электрондук платформа иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ТИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
201 | ТИМдин архивдик маалыматтар базасын түзүү | Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жакшыртууга көмөктөшүү үчүн дипломатиялык кызматчылардын ишин оптималдаштыруу максатында АМСти иштеп чыгуу жана ТИМдин архивдик маалыматтарын этап-этабы менен санариптештирүү | 2025-жылдын 31-декабры | Архивдик маалыматтар базасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Маалыматтарды санариптештирүү боюнча биринчи этап өткөрүлдү | ТИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
202 | Аудитордук иштерди жүргүзүү процессин толук автоматташтырууну камсыз кылуу | "Электрондук аудит" маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Электрондук аралыктан аудиттер иштелип чыккан программалык камсыздоонун базасында жүргүзүлөт | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
203 | "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалыматтар базасы" маалыматтык системасын өркүндөтүү | "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалымат базасы" маалыматтык системасын модернизациялоо | 2024-жылдын 31-декабры | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, өндүрүштү оптималдаштыруу жана иштин натыйжалуулугун, чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Баалуу металлдар департаментинин жумушчу процесстери санариптик форматка өзгөртүп түзүлдү. Баалуу металлдар департаментинин ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Баалуу металлдар департаментинин системасынын электрондук өкмөттүн мамлекеттик маалыматтык системалары, Баалуу металлдар департаментинин маалыматтарынын тышкы булактары жана алуучулары болгон башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү камсыз кылынды | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
204 | Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында санариптик окутуу | "ФинОкуу" АМСин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-сентябры | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу онлайн-форматта ишке киргизилди. Ар түрдүү максаттуу топтор үчүн ачык билим берүү курстары иштелип чыкты жана аларды коомдук платформага жайгаштыруу аркылуу жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды. Электрондук сертификаттар берилүүдө | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
205 | Маалыматтарды топтоону оптималдаштыруу жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди тез талдоо системасын өнүктүрүү | Маалыматтарды топтоону оптималдаштыруу жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди тез талдоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-августу | Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө статистикалык жана оперативдүү талдоо жүргүзүү үчүн инструмент ишке киргизилди | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
206 | Мамлекеттик кирешелерди санариптик болжолдоо | Мамлекеттик кирешелерди болжолдоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын модификациялоо (адаптациялоо) жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 20-ноябры | Мамлекеттик кирешелерди болжолдоонун натыйжалуулугу, ачык-айкындуулугу жана тактыгы жогорулатылды | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
207 | Санариптик бюджеттештирүү | Бюджеттик процесстерди стратегиялык пландоону камсыз кылуу | 2028-жылдын 20-сентябры | Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу камсыз кылынды | ФМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
208 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөнү өркүндөтүү | "е-Kyzmat" АМСинде "Колдонуучунун жеке кабинети" модулун ишке киргизүү | 2024-2025-жылдар | Конкурстук тандоолорго онлайн-арыз берүү мүмкүнчүлүгү менен жеке мүнөздөгү маалыматтарды башкаруу камсыз кылынды | МКЖӨБМА, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
"е-Kyzmat" АМСинин "Электрондук эмгек китепчеси" модулун ишке киргизүү | 2024-2026-жылдар | Эмгек китепчени электрондук форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | МКЖӨБМА, ЭСКММ, СФ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
"е-Kyzmat" АМСинин "Аналитикалык блок" модулун ишке ашырууну камсыз кылуу | 2024-2027-жылдар | Статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү камсыз кылынды | МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
"е-Kyzmat" АМСинин "Колдонуучунун жеке кабинети" модулунун мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу | 2024-2025-жылдар | "е-Kyzmat" АМСинин "Колдонуучунун жеке кабинети" модулунун мобилдик версиясы түзүлдү | МКЖӨБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
209 | ЖӨБОнун ишин санариптештирүү | "Санарип аймак" АМСинин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун ишке киргизүү | 2024-2025-жылдар | Муниципалдык мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү камсыз кылынды | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
ЖӨБОдо жерди санариптик пайдаланууну түзүү жана ишке киргизүү. Пилоттук айыл аймактарында "ЖӨБОдо жер ресурстарын башкаруунун геомаалыматтык системасы" автоматташтырылган геомаалыматтык системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Пилоттук айыл аймактарында "ЖӨБОдо жер ресурстарын башкаруунун геомаалыматтык системасы" автоматташтырылган геомаалыматтык системасы ишке киргизилди | Жер агенттиги, ЖӨБО, МКЖӨБМА, Мамкурулуш, УСК, министрликтер жана ведомстволор | Санариптик экономикага, жергиликтүү бюджетке каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, донорлордун каражаттарынан | ||
"Санарип аймак" АМСте "Жеке турак жай куруу үчүн жер берүү" модулун ишке киргизүү | 2024-2026-жылдар | ЖӨБОнун жерге жайгаштыруу жаатындагы иштерин автоматташтыруу камсыз кылынды | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, гранттык жана донордук каражаттар | ||
Геомаалыматтык системаны түзүү | 2025-2027-жылдар | Жергиликтүү деңгээлде реалдуу убакыт режиминде маалыматты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, гранттык жана донордук каражаттар | ||
"Санарип аймак" АМСинин мобилдик версиясын иштеп чыгуу | 2025-2026-жылдар | "Санарип аймак" АМСинин "Чарбалык китеп" модулун планшетке адаптациялоо камсыз кылынды | МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, гранттык жана донордук каражаттар | ||
210 | Кадастрдык эсепке алуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүн санариптештирүү | "Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо" АМСин иштеп чыгуу, ал кадастрдык эсепке алуу жана салык салуу максаттары үчүн кыймылсыз мүлк объекттерин массалык жана жеке баалоого, бүтүмдөрдү жасоодо укук ээлеринин маалыматтарды пайдалануусуна, жер участокторуна укуктарды берүүдө ЖӨБОнун чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүндүк берет | 2024-2025-жылдар | "Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо" АМС иштелип чыкты | Жер агенттиги | Санариптик экономикага, жергиликтүү бюджетке каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, донорлордун каражаттарынан |
Улуттук интеграцияланган кадастр системасын (УИКС) модификациялоо жана өркүндөтүү. Кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды жана укуктарды чектөөнү каттоо боюнча бардык бизнес-процесстерди, борбордук деңгээлде кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды сактоо, берүү жана оперативдүү алмашуу функцияларын автоматташтыруу. Кадастрдык кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режимде көрсөтүү | 2024-2026-жылдар | Улуттук интеграцияланган кадастрдык система (УИКС) өркүндөтүлдү | Жер агенттиги | Санариптик экономикага, жергиликтүү бюджетке каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, донорлордун каражаттарынан | ||
"3D кадастр" АМСин иштеп чыгуу | 2027-2028-жылдар | "3D кадастр" АМСи түзүлдү. "3D кадастр" АМСи аткаруу бийлик органдарына жана шаардык кызматтарга аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу боюнча ар түрдүү милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет | Жер агенттиги | Санариптик экономикага, жергиликтүү бюджетке каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан, донорлордун каражаттарынан | ||
211 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасынын (ММБР ВАМС) ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу | ММБР ВАМСты модернизациялоо боюнча ТТны иштеп чыгуу. Маалыматтарды актуалдаштырууда ММБР ВАМСте иштин бизнес-процесстерин ишке ашырууну камсыз кылуу | 2025-жылдын 20-декабры | ММБР ВАМСке ишенимдүү маалыматтарды туруктуу негизде киргизүү ишке ашырылды | ММБМА | Республикалык бюджет, гранттык жана донордук каражаттар |
212 | Архивдик маалыматтарды санариптештирүү | Архивдик документтерди санариптештирүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 31-декабры | Маанилүү документтерди электрондук форматта сактоо, алардын булут сервистеринде жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды | ММБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
213 | ММБМАнын бардык маалыматтарын булуттук сактоо | Маалыматтардын бардык массивдерин булутта сактоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | 2024-2025-жылдар | Булуттук сервистердеги документтерди, маалыматтарды, статистиканы сактоо жана жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | ММБМА | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
214 | Мамлекеттик ишканалардын, акционердик коомдордун жана мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын финансылык отчеттуулугунун депозитарийин иштеп чыгуу/ модернизациялоо | "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен финансылык отчеттуулуктун депозитарийин иштеп чыгуу/модернизациялоо жөнүндө келишимге кол коюу. ТТны макулдашуу жана бекитүү. ММБМАнын маалыматтык порталында финансылык отчеттуулуктун депозитарийин чакан система катары ишке киргизүү. Мамлекеттик ишканалардын жана чарбалык коомдордун бухгалтерлерин чакан система менен иштөө боюнча окутуу | 2024-2025-жылдар | Финансылык отчеттуулукту берүү боюнча мамлекеттик ишканалардын бизнес-процесстери автоматташтырылды | ММБМА, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбалык коомдор | Ведомстволук бюджет, донорлордун каражаттары |
215 | Уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна таандык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, чарбалык коомдор үчүн zakupki.okmot.kg сатып алуулар порталын иштеп чыгуу/ модернизациялоо | "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен бирге техникалык аудитти жүргүзүү. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен порталды иштеп чыгуу/ модернизациялоо жөнүндө келишимге кол коюу. ТТны макулдашуу жана бекитүү. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана чарбалык коомдордун сатып алуучуларын портал менен иштөө боюнча окутуу | 2024-2025-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, чарбалык коомдордун бардык сатып алууларын жүргүзүүнү жарыялоо үчүн маалыматтык порталдын толук иштөөсү | ММБМА, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбалык коомдор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
216 | Электрондук отчеттуулук | Статистикалык маалыматтарды топтоону электрондук форматка которуу | 2025-жылдын 20-декабры | Жыйымдар жана маалыматтарды иштеп чыгуу кыскартылды | УСК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
217 | Мамлекеттик маалыматтык системаларда мамлекеттик классификаторлорду жана маалымдамаларды ишке киргизүү жана пайдалануу | Мамлекеттик органдардын адистери үчүн окутуу семинарларын өткөрүү жана мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө мамлекеттик классификаторлорду жана маалымдамаларды пайдаланууга көмөктөшүү | 2024-жылдын 31-декабры | Маалыматтык системалардын жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн салыштырмалуулугу камсыз кылынды | УСК | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
218 | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча маалыматтык/ билим берүү ресурстарынын дүйнөлүк булактарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатында колдонуучулардын ар түрдүү категорияларына багытталган санариптик платформаны түзүү | Калкка интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын ролу жана мааниси жөнүндө маалымдоо жана окутуу үчүн санариптик платформаны түзүү боюнча концепцияны жана техникалык документтерди макулдашуу жана бекитүү | 2024-жылдын 31-декабры | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча маалыматтык жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Платформанын тесттик версиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 1-марты | |||||
219 | Интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу үчүн интеллектуалдык менчик субъекттерин жана кызыкдар жактарды бириктирүү максатында интеллектуалдык менчик жана инновациялар секторунун негизги катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн санариптик платформаны түзүү | Интеллектуалдык менчик объекттеринин рыногун өнүктүрүү жана инновациялык продукцияны өндүрүү процессинде интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын экосистемасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн санариптик платформаны иштеп чыгуу боюнча техникалык документтерди макулдашуу жана бекитүү | 2024-жылдын 31-декабры | Интеллектуалдык менчик объекттеринин рыногун өнүктүрүү процессинде интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын экосистемасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн санариптик платформаны иштеп чыгуу боюнча документтер макулдашылды жана бекитилди | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Платформанын прототибин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 31-декабры | Төмөнкүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү: - санариптик экономиканы; - интеллектуалдык менчик рыногун; - инновациялык продукцияларды өндүрүү | ||||
Смарт-контракттарды толуктап иштеп чыгуу, иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-жылдын 31-декабры | |||||
Кепилденген техникалык тейлөөнү толуктап иштеп чыгуу жана камсыздоо | 2028-жылдын 31-декабры | |||||
220 | Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини каттоого берилген өтүнмөлөр боюнча издөө сервисин түзүү | Товардык белгилердин билдирилген белгилерин каттоого өтүнмөлөр боюнча издөө системасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү | 2024-жылдын 31-декабры | Товардык белгилерди каттоого өтүнмөлөр боюнча издөө процесси жөнөкөйлөтүлдү жана тездетилди, билдирилген белгилер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана ачык-айкындыгы жогорулады, өтүнмө ээлерин натыйжалуу тейлөө камсыз кылынды | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
221 | Автордук сый акыларды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн маалыматтык системасын түзүү | Системанын негизги милдеттерин аныктоо, концепцияны иштеп чыгуу жана техникалык документтерди даярдоо | 2024-жылдын 31-декабры | Автордук сый акыларды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн маалыматтык системасынын концепциясы жана техникалык тапшырмасы, ошондой эле пайдаланууну белгилөө жана мониторинг жүргүзүү иштелип чыкты | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Автордук сый акыларды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн маалыматтык системасын түзүү | 2025-2026-жылдар | Автордук сый акыларды топтоо жана бөлүштүрүү үчүн маалыматтык система түзүлдү | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары | ||
222 | Жарыяланган патенттик документтерди жана патенттик маалыматтарды сактоо жана аларды оперативдүү алуу үчүн арналган жарыялоолордун серверин иштеп чыгуу | Патенттик документтерди жана патенттик маалыматтарды сактоо жана аларды оперативдүү алууну камсыз кылуу үчүн жарыялоолордун серверин иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Өтүнмөнүн номери, патенттин номери, эл аралык патенттик классификациянын индекстери, жарыяланган даталар (даталар диапазону), бюллетендердин номерлери, бюллетендерде жарыялануучу расмий кабарлоолор боюнча, библиографиянын башка талаалары боюнча издөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтык-издөө системасы иштелип чыкты | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
223 | Маалыматтык ресурстардын жана коммуникациялык инфраструктуранын корголгон деңгээлин жана программалык-техникалык каражаттардын туруктуулугун жогорулатуу | Программалык-техникалык каражаттардын жана коммуникациялык инфраструктуранын ишинин туруктуулугун жогорулатуу үчүн контролдоо жана шарттарды түзүү | 2028-жылдын 20-декабры | Программалык-аппараттык каражаттарды жана түзүлүштөрдү коргоо боюнча чаралар камсыз кылынды, ошондой эле адистештирилген техникалык каражаттар жана программалык камсыздоо ишке киргизилди | Кыргызпатент | Республикалык бюджет, Кыргызпатенттин каражаттары, донорлордун каражаттары |
224 | Этил спиртин, алкоголдуу жана спирт камтыган продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо | "Алко" АМСин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 20-декабры | Алкоголдук продукцияны жана спиртти өндүргөн, саткан жана импорттогон ишканалардан отчеттуулукту алууга жана талдоого, Кыргыз Республикасына алкоголдук продукциянын жана спирттин импортун контролдоого, ошондой эле берилген лицензиялар жөнүндө маалыматтарды сактоого жана жаңылоого мүмкүндүк берүүчү система иштелип чыккан жана ишке киргизилген | Мамалкоагенттик | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
АДИС | - | автоматташтырылган дактилоскопиялык идентификациялык система |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
АЭУ | - | автоматтык эсептөөчү урналар |
КАТ | - | курал-жарак жана аскердик техника |
БОБЛ | - | булалуу-оптикалык байланыш линиялары |
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖАМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги |
Мамалкоагенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик |
ТКАККМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖМКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
ММБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ГНСС | - | глобалдык навигациялык спутник системасы |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттик |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МИМБ | - | Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору |
ДНК | - | дезоксирибонуклеин кычкылы |
ББР | - | Бузуулардын бирдиктүү реестри |
КБР | - | Кылмыштардын бирдиктүү реестри |
УББС | - | Укук бузуулардын бирдиктүү реестри |
БСМС | - | бирдиктүү соттук маалыматтык система |
ЭРБС | - | эмгек рыногунун бирдиктүү системасы |
СКБС | - | социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасы |
ЖИ | - | жасалма интеллект |
МШС | - | Маалыматтык шайлоо системасы |
МС | - | маалыматтык система |
ББМС | - | билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы |
ДКМБЭБМС | - | Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын маалыматтарынын электрондук базасынын маалыматтык системасы |
ИСМК | - | интеграцияланган санариптик медициналык карта |
ИЦКИ | - | илимий цитаталардын кыргызча индекси |
КС | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
ДК | - | дары-дармек каражаттары |
ММБР ВАМС | - | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
СМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
МБ | - | медициналык буюмдар |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УАК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялоо комиссиясы |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УИКС | - | Улуттук интеграцияланган кадастр системасы |
ММУИ | - | Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмү |
МТТУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
БКБ | - | баштапкы кесиптик билим берүү |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЖТП | - | Жогорку технологиялар паркы |
ЖУП | - | жасалма уруктандыруу пункттары |
АМСЖ | - | алгачкы медициналык-санитардык жардам |
РАМС | - | республикалык айыл чарба маалыматтык системасы |
АДС | - | аралыктан добуш берүү системасы |
АОС | - | аралыктан окутуу системасы |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ЖИКС | - | жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЭВӨС | - | электрондук ведомстволук өз ара аракеттенүү системасы |
ККК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы |
КООЖ | - | кесиптик орто окуу жайы |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ЭДС | - | электрондук добуш берүү системасы |
СЭК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат |
КТК | - | катуу тиричилик калдыктары |
ТТ | - | техникалык тапшырма |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
АЖСК | - | Автомобиль жолдорунун санариптик картасы |
ЭМБ | - | электрондук маалыматтар базасы |
СЭДЖ | - | соттордо электрондук документ жүгүртүү |
GPS | - | global positioning system - навигациянын спутниктик системасы |
API | - | application programming interface - тиркемелерде жана системаларда автоматтык режимде маалымат алмашууга мүмкүндүк берген программалык интерфейс |
BIM | - | building information modeling - имараттарды маалыматтык моделдөө |