Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVII сессиясы
2024-жылдын 15-августу №5
Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейине караштуу муниципалдык менчикте турган 3,0 га жана кошумча 1,0 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы №397-т тескемесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейине караштуу муниципалдык менчикте турган 3,0 га жер тилкесин Евразия Өнүктүрүү банкына курулуш мезгилинде (жалпы билим берүү уюмунун курулушуна )ал эми, кошумча 1,0 га жер тилкесин (курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн ) кийин узартуу укугу менен 6 (алты) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдосалиев |