ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 «Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция23.08.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-августу № 497

Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 3-бөлүгүнүн, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-1-статьясынын 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бул токтом жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартипке ылайык 2024-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 2022-жыл үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктасын жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-августундагы № 65 (3619) саны менен жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У. Жапаров